Тажикстанда массалык түрдө жарандардын манжа издери алынууда

315
0

Тажикстанда массалык түрдө жарандардын манжа издери алынууда

 Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасындагы коргоо жана коопсуздук комитетинин башчысы, юридикалык илимдин доктору Жорахон Мажидзода “АП” сайтына берген интервьюсунда: “Тажикстан ИИМ тарабынан манжа издерин каттоого алуу жараяны ыктыярдуу иш болуп, бул нерсе жарандардын укук жана эркиндиктерин бузбайт”, – деди.

Анын билдиришинче, бул чаралар укук коргоо органдарынын тергөө бөлүмдөрүнө кылмыштардын ачууда, өлүктөрдүн өздүгүн аныктоодо, дайынсыз жоголгондорду аныктоодо жана кылмышка байланышы бар адамдарды аныктоодо жардам берет.

 Ал: “АКШ визасын алып жаткан адамдардын да манжа издери алынат, а бирок, жарандардын укугу тебеленип жатканы тууралуу эч ким сөз кылбайт го”, – деп баса белгиледи.

Анын пикиринче, дүйнө бүгүнкү күндө эл аралык терроризмдин олуттуу каршылыгына дуушар болуп жатканы себептүү, манжа издерин алуу иши түпкүлүгүндө жарандардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого каратылган.

Учурда, ушул иш республиканын Хисор, Рудакий жана Вахдат райондорунда жүрүп жатат. Мында жарандар 4 сомони төлөшү керек, манжа издери алынганы тууралуу справка алыш үчүн бир сомони төлөө талап кылынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here