Столтенберг АКШ менен Европа Союзун кызматташтыкты улантууга чакырды

341
0

Столтенберг АКШ менен Европа Союзун кызматташтыкты улантууга чакырды

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг бүгүнкү күндө күчөп бара жаткан коркунучтар каршысында АКШ менен Европа Союзу ортодогу кызматташтыкты улантышы керектигин билдирди. Столтенбергдин айтымында, азыр Европа жана АКШ ортосундагы кызматташтыктын баасы суроо астына алына турган учур эмес.

Столтенберг Британиянын Гардиан гезити үчүн жазган макаласында: “Заманыбыздын эң чоӊ коопсуздук проблемаларына дуушар болуп турабыз. Азыр Европа жана АКШ ортосундагы кызматташтыктын баасы суроо астына алына турган учур эмес”, – деди.

Эскерте кетсек, АКШнын жаңы президенти Дональд Трамп шайлоо кампаниясы учурунда НАТОну “убагы өткөн бейпайда уюм” деп сыпаттаган эле. Буга жооп иретинде Столтенберг АКШ жана Европа Союзу ортосундагы келишпестиктерди бир четке сүрүп коюп, кызматташтыкты дагы да күчөтүү керектигин көтөрүп чыкты.

“Мындай башаламан заманда биз кудуреттүү Америка жетекчилигине муктажбыз. Европалыктар да белгилүү бир жоопкерчиликти моюнга алышы керек. Эң маанилүүсү, Европа жана Америка ортосундагы шериктик баасын түшүнүп жетишибиз керек. Анткени бүгүнкү күндө ушул нерсе өтө зарыл. Өз ара келишпестиктерди тереӊдетүүнүн ордуна бизди бириктирүүчү нерселерди көбөйтүшүбүз керек. Бул жолду жалгыз улантуу АКШ үчүн да, Европа үчүн да жакшы тандоо эмес”, – деп жазды Столтенберг.

НАТОнун башкы катчысы азыр Европанын НАТОдон баш тартуучу учуру эместигин баса белгилеп, АКШ жана Европа Союзу ортосундагы кызматташтык өткөн 67 жыл бою тынчтык, эркиндик жана бейпилдикке себепкер болгондугун айтып өттү.

“Бул шериктик аркылуу Советтер Союзун жана суук согушту жок кылдык. Бул нерсе Европада интеграцияны камсыздап, бүгүнкү күндөгү болуп көрбөгөндөй тынчтык жана таттуулук чөйрөсүн жаратты”, – деп кошумчалады Столтенберг.

Гардианга берген интервьюсунда АКШдагы коопсуздукка тиешелүү кырдаал акыркы жылдарда кескин түрдө начарлап кеткендигин билдирген Столтенберг эл аралык коопсуздук да өз тарыхындагы эң оор коркунучтарга дуушар болгондугун, ошондуктан Европа жана АКШ ортосундагы кызматташтыкта шек-күмөн ойготпоо керектигин баса белгиледи.

Туркистон: 

НАТО – бул АКШнын Европа аймагындагы кызыкчылыктарын жана регион чегараларын о.э. капиталисттик түзүм негизиндеги батыш лагерди, Советтер союзунан, анын аскерий жана коммунистик идеологиялык жүрүштөрүнөн коргоо үчүн түзүлгөн аскерий блок.

АКШ бул блокту сактап туруу үчүн Иранды агрессор кылып көрсөтүп, аны жасалма исламий түс берилген мамлекетке айландырды. Андан соӊ Россиядан Украинаны тартып алуу менен аны да Европага каршы коюп, бул аркылуу Европаны НАТОго муктаж кылып койду.

Бирок, АКШ эми Россия жана Иран менен Сирия проблемасында жашыруун кызматташып жатат. Бул жашыруун кызматташтыкты эми Трамп ачыктайт. Ал ошол үчүн президенттикке алып келинди. Бирок, анда Европа Союзунун НАТОго муктаждыгы азаят. Бул болсо, “АКШ Европа Союзу үчүн жүргүзүп жаткан стратегиясын өзгөртөт” деген маанини түшүндүрөт. Т.а. Россия “АКШнын өнөктөшү” деген жалган ураан менен анын колониясына айланат. Батыш жана АКШнын кызыкчылыктарына Россия тараптан кооп-коркунуч калбаган учурда НАТОго муктаждык калбайт. Демек, Европа Союзу да АКШнын колониясы экендигин ачык жарыя кылат. Андан соӊ АКШ дүйнөлүк куфр системасындагы жападан-жалгыз лидер экендигин жарыя кылып, Ислам дүйнөсүнө жана исламий идеологиялык системага каршы бүтүндөй куфр дүйнөсүн багыттоочу борбор экенин жарыя кылат. НАТО блогу болсо, АКШнын аскерий базасы кылып өзгөртүлөт. Албетте, иштердин жүрүшү бул максаттарга тескери келип калышы жана ошол себептен иш-чаралар өзгөрүп кетиши да мүмкүн.

Ушул күндөрдө НАТОнун мурдагы башкы катчысы Расмуссен, “АКШ дүйнөгө жандарм болушу керек” деген мааниде сөз кылды. Бул пикир АКШдагы жетекчи топтун максаты болчу. Демек, АКШ дүйнөлүк жандарм экендигин Трамп ачык жарыя кылат.  

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here