Өзбекстан менен Кыргызстандын өкүлдөрү чегарадагы 56 тилке боюнча келишип алышты
Өзбекстан тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлагандай , кыргыз-өзбек мамлекеттик чегараларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан жана Өзбекстан Республикаларынын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топтору 8-13-ноябрь күндөрү Фергана шаарында болуп өткөн жолугушууларда чегарадагы талаштуу болгон 7 тилке боюнча келишип алышты.
Октябрь айынын аягында тараптар чегара сызыгынын 49 тилкеси боюнча келишип алышкан эле. Ошентип,13-ноябрга чейин эки тарап 56 тилке боюнча келишип алышты.
Өзбекстандын Андижан, Наманган жана Фергана облустары менен Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары чектешкен аймактарда мамлекеттик чегаралардын тактала элек 14 тилкеси жеринен текшерилди.
Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.