Дональд Трамп Сирия кризисине карата өз позициясын билдирди

385
0

Дональд Трамп Сирия кризисине карата өз позициясын билдирди

АКШ президенттиги шайлоосунда жеңишке жеткен Дональд Трамп Сирияда уланып жаткан согуштарга карата өз позициясын билдирди. Трамптын айтышынча, ушул учурда эң туура жол Асад жана Сирия режимин колдоп-кубатто. АКШ мына ушул жол аркылуу Россия менен алакаларын жакшылашы мүмкүн.

 Трамп Башар Асадды дээрлик жактырбастыгын билдирип, бирок Сириядагы согуштарда колдоого кирип, АКШга коркунуч салып жаткан радикал (демократиялык башкаруу түзүмүнө ыраазы болбогон) Исламий топторго каршы Асад режимин колдоп-кубаттоо эң жакшы жол экендигин айтты.

 “Сирия боюнча бир топ адамдардан башкача пикирдемин. Менин жандашуум анык. Биз Сирия менен күрөшүүдөбүз. Сирия болсо ИШИМге каршы күрөшүүдө. Жана биз ИШИМден кутулушубуз керек”, “Асад жана Сирия режимин колдоп-кубаттоо ушул учурда эң жакшы жол”, деп сүйлөдү Дональд Трамп Уолл Стриит журналына берген интервюсунда.

Россиянын Сирия режими менен кылып жаткан кызматташтыгына көңүл бурдурган Трамп “Россия азыркы убакта Сирия режими менен биргеликте аракет кылууда. Биздин жардамыбыз менен күчтөнгөн Иран да Сирия режими менен биргеликте аракет кылууда. Биз болсо ким экендиги туурасында эч кандай пикирибиз болбогон оппозицияны колдоп жатабыз. Эгер Сирияга каршы согушсак, бул согуш Россияга каршы согушка алып келет”, деп кошумчалады.

Ушул убакта Сирия өкмөтү да Американын 45-президенти Дональд Трамптын Сирия кризиси жана терроризмге (Исламга) каршы күрөшкө байланышкан убадаларын кубаныч менен кабылдаган. Бул туурасында Сириянын мурунку президенти Хафиз Асаддын тышкы саясат боюнча кеңешчиси Жорж Жаббур маалымдады. Трамптын “Биз үчүн эң чоң коркунуч (Сирия президенти) Башар Асад эмес”, деген сөзүнө көңүл бурдурган Жаббур “Сирия Трамптын баянаттарын жакшы кабыл алды. Трамптан талап кылына турган жалгыз иш ИШИМге каршы күрөштө Москва жана Сирия өкмөтү менен кызматташуусу”, деди.

Жаббур Спутник маалыматтык агенттигине берген интервюсунда эгер Сирия жана АКШнын саясий багыттары бир боло турган болсо, Дамаск Вашингтон менен кызматташууга даяр экендигин билдири.

Туркистон

АКШ Трампты дээрлик шоу бизнес дүйнөсүнөн таап, президенттикке алып келүүдөн максаты ушул болчу. Т.а. АКШ Сирияда Ислам жана мусулмандардан идеологиялык жактан жеңилгенден кийин Трамп сыяктуу жеңил ойлуу, олутту саясатчы деп тан алынбаган жана олуттуу аракеттеринде жоопкерчиликти сезбей турган саясатчы керек болчу.

АКШ абдан көп аракет кылганына карабай Сириядагы исламий мужахид жамаатарды жана алардын артында турган исламий революциячыл үммөт өкүлдөрү болгон Шам калкын сүйлөшүүлөргө алып келе албады. Кийин аларды Орус армиясына таштап берди, дүйнөдө тыюу салынган бомбалар менен абадан чабуул уюштурушуп, массалык кыргын кылышты. Жүз миңдеген жаш балдар, аялдар жана башка жай тургундар өлтүрүлүп жатат. Бирок АКШнын максаты ошондо да ишке ашпады. Шам калкы оор күндөрдү баштан кечирип жаткан болсо да, куфр агрессорлору менен арам келишимдерди түзүүдөн баш тартышууда.

Натыйжада АКШ мусулмандар менен кызматташып, аларды курал катары пайдаланып Сирияда куфр системасын тикелей алышынан үмүтүн үздү. Эми куфр дүйнөсү чыныгы жүзүн Трамп аркылуу көрсөтөт. Т.а. эми алар зордук жана баскынчылык жолун карманып мурун өздөрү коргоп келе жаткан гумандуулук чек араларын өздөрү ашкере буза башташат. Куфр системасы өзүнүн чыныгы жүзүн көрсөтөт! Пайгамбарыбыз с.а.в.

كَـمَـا تَـكُـونُـوا يُـولَّـى عَـلَـيْـكُـم

“Силер кандай болсоңор, үстүлөрүңөргө ошондой башчылар келет” деген. АКШ үстүнө Трамп сыяктуу туруксуз жетекчи келди.

Бирок бул биз үчүн күтүлгөн жана Пайгамбарыбыз С.А.В. көрсөтүп өткөн сүннөт жана тарыйкаттарына ылайык болгон көрүнүш экендигин билебиз. Т.а. куфр дүйнөсү идеологиялык жактан жеңилгенде, мусулмандарга каршы материалдык күч колдоно баштайт. Бул болсо анын жеңишин эмес тескерисинче айласыздыгын жана жеңилүүсүн тан алдырууга мажбур кылат, инша Аллах. Башка чарасы калбайт!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here