Москва жана Санкт-Петербургда жардыруу уюштурмакчы болгон топ колго алынды

405
0

Москва жана Санкт-Петербургда жардыруу уюштурмакчы болгон топ колго алынды

 “РИА Новости” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Россия Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) Москва жана Санкт-Петербург шаарларында коомдук жайларда террактарды ишке ашырмакчы болгон эл аралык террористтик топтун иш аракетин токтотуп калууга жетишти. Ошондой эле бул операцияга Кыргызстан жана  Тажикстандын күч органдары да тартылган.

12-ноябрда кармалгандардын көбү Борбор Азиядан баргандар. Алар “Ислам мамлекети” радикал тобунун мүчөлөрү экенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында теракт жасоого камынып жатышканын моюнга алышкан. Күч органдары тараткан тасмада тажикстандык жигит кыргызстандык таанышы менен Москвада жардыруу жасоону пландаганын айтат.

Шектүүлөрдөн колдо жасалган жардыргыч заттар жана куралдар табылган.

Колго алынгандардын көрсөтмө беришинче, алар Жакынкы Чыгышта “ИШИМ” уюмунунун башчылар берген көрсөтмөгө ылайык мына ушундай ишке барышкан.

Туркистон:  Россия Орто Азиядагы таасирин дагы да күчөтүп алмакчы. Орустарда идеологиялык кубат жок. Ошон үчүн орус өкмөтү биздин аймакка күч орган кызматтары ыкмасы менен кирип келип, алсыз бийлигибиз менен кызматташтыкта, мамлекеттерибиздин ички иштерине дагы да көбүрөөк аралашмакчы болуп жатат.

Батыш системасы болсо тескерисинче, ички иштерибизге аралашуу үчүн демократиялык баалулуктардан турган идеологиялык кубаттан пайдаланып келе жатат.

Россия ишти алгач өзүнүн ички иштерине биз тараптагы коопсуздук кызматтарын аралаштыруу менен баштоодо. Ал ар тараптан топтолгон т.а Борбордук Азиянын бир нече мамлекеттеринен уюшулган кылмышкерлерди колго алган имиш. Бул биздин коопсуздук күчтөрүбүз жана мамлекет түзүмү үчүн жаңы тузак болуп, Россия өзү үчүн региондо коопсуздук системасын жаратып алмакчы. Т.а, ал Орто Азия мамлекеттеринин ички саясатын өз колунда кармап калыш үчүн, коопсуздук маселесин пайда кылуу менен ЖККУ же ШКУ деңгээлинде коопсуздук кызматташтык иштерин күчөтүп алмакчы. Балким жаңы келишимдер менен, уюм мүчөлөрү бир-биринин ички иштерине аралашуусу мүмкүн боло турган жаңы документтерге кол коюлушуна даярдык көрүлүп жаткандыр. Мурун ЖККУ мүчөлөрү, тышкы душмандардан коркунуч болсо аскердик аралашууга келишип алышкан.

Россия Орто Азия аймагындагы таасир кубатын сактап калышы үчүн Кыргызстан абдан коопту жана маанилүү стратегиялык орунду ээлейт. Кыргызстан АКШнын сакофий колониясы болуп барууда. Бул үчүн Батыш системасы бар күчү менен өлкөдө идеологиялык таасирин кеңейтип бара жаткандыгы себеп. Өз кезегинде Россия региондогу сакафий жана саясий таасирин жоготуп барууда. Орус коопсуздук түзүмү, Кыргыз күч органдары аркылуу абалды өз кызыкчылыгы тарабына тартып алышка аракет кыла баштагандыгы көрүнүүдө.

Мындан алдын Россия, Кыргыз күч түзүмү менен бир канча жардыруу иштерин жана террордук аракеттери сценарийлери менен бир топ операцияларды уюштурган. Бирок Кыргыз атайын кызматтарынын тажрыйбасыздыктары жана Кыргызстан жарандарынын исламий жана саясий аң-сезим деңгээлдери жогорулап жаткандыктан, ондогон адамдардын өлүмү менен ишке ашырылган бул операциялар алар күткөн натыйжаларды бербеди.

Тарыхтан карасак, Россия мындай өзү үчүн коопту абал пайда боло баштаганда, аймактарда Анжиян окуясындай же Ош окуясы сыяктуу фитна иштерди ишке ашырып жиберчү. Азыр Борбордук Азия аймагында кайрадан Россия идеологиялык күрөштө жеңилип, бул мамлекеттердеги өзүнүн сакафий жана саясий колонизатордук таасирин жоготуп барууда…..

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here