Саудия каролу: Биз Женева-1 чечимин колдоп-кубаттайбыз
Саудиянын каролу Салман бин Абдулазиз Сирия кризисин чечүү үчүн Женева-1 сүйлөшүүлөрүнө амал кылыш керектигин билдирди. Каролдун айтышынча, Саудия өкмөтү Женева-1 сүйлөшүүсүндө негизделген саясий чечимди колдоп-кубаттайт.
Саудияга караштуу расмий маалымат агенттиги тарабынан берилген маалыматка карай, карол Салман Сирия оппозициясы сүйлөшүүлөрү комитетинин башчысы Рияз Хижаб жана кээ бир комитет мүчөлөрүн борбор Эр-Рияддагы сарайында кабыл алган. Сириядагы акыркы абал талкууланган жолугушууда карол Салман Женева-1 конференциясында кабыл кылынган чечимдерге амал кылуунун зарылдыгын айтты.
“Сирия кризисин чечүү, кыйынчылыктарды жеңип өтүү жана күтүлгөн максаттарды жүзөгө чыгаруу үчүн Сирия калкы менен биргебиз. Саудия Женева-1 докладына негизделген саясий чечимди колдоп-кубайттайт” деди карол Салман.
Туркистон:
Сирияда козголоң башталгандан бери Америка өз малайлары аркылуу бул козголоңду өз колуна алууга тынымсыз аракет кылып келүүдө. АКШнын талабына ылайык Иран жана Россия сыяктуу айрым мамлекеттер бул козголоңго карата ачык эле душмандык позициясын кармап келе жаткан болсо, Түркия, Катар жана Саудия сыяктуу региондогу мамлекеттер “кылдаттык” менен иш алып барышууда. АКШ жана Батыш мамлекеттери өздөрүнчө Сирия калкы келечеги жана тагдырын белгилөө үчүн Женева-1-2-3 жана Вена жыйындары сыяктуу бир топ жыйындарды уюштурушту. Буш жыйындарда Сириялык өкүлдөр болгону күбө катарында катышты. Кээде Сирия тагдырын белгилөө үчүн уюштурулган жыйында Сирия элинен бирер киши да катышпаган учурлар болду.
Карол Салман чечим деп атап жаткан Женева-1 чечимдер Исламий үммөткө каршы болгон тил бириктирүүдөн башка нерсе эмес. Анткени Сирия элинин тагдырын, келечегин белгилөөдө Сирия калкынын талаптарына кыпындай да маани беришпеди! Сирия калкы Исламий шарияттан башкасына ыраазы болбой жаткандыгына бүткүл дүйнө күбө болуп турат. Бирок Батыш мусулмандардын өз тагдырларын өздөрү белгилөөлөрүнө эч жол бербейт. Бул Сирияда болобу же башка мамлекеттерде болобу айырмасы жок.
Америка Сирия режимин сактап калуу үчүн 2012-жыл 30-авгувстта уюштурган Женева-1 конференциясында бир топ маселелер үстүндө келишип алынды. Көп партиялуулук, Сириядагы режим мээлүн оппозиция менен бирге өткөөл доорду түзүшүн, тараптар ортосунда диалог өткөрүү, Сирия конституциясын кайта куруп чыгуу жана башкаруу илманий болушу жана башкалар. Бирок бул пункттардын биринде да Сирия калкынын пикири эске алынган эмес.
Америка өзүнүн малайлары аркылуу Сирияда козголоңду өз колуна алууга катуу аракет кылып жаткандыгынын себеби ушунда. Эгерде ал Сирияда светтик башкарууну пайда кылууга жетишсе, бул менен Халифалык тикеленишинин алдын алган болот. Анткени Халифалык мамлекетинин тикелениши колонизаторлордун Ислам өлкөлөрүнөн кууп чыгарылышын түшүндүрөт. Ошон үчүн Батыш жоопкерлери, саясатчылары жана ойчулдары мусулмандардын кайсы мамлекетинде болбосун Халифалыктын тикеленишине эч жол бербөөлөрүн ачык айтып жатышат.
АКШ жана Батыш мамлекеттери эле эмес жада калса Исламий деп аталган мамлекеттер да Халифалык мамлекетинин тикеленишине каршы турууда. Анткени бул мамлекеттердин акимдери Халифалык мамлекети тикелениши менен өздөрүнүн башкаруусуна чек коюлушун жакшы билишет. Саудия да, Иран да, Түркия да… жана башка мамлекеттер да. Ошон үчүн бул акимдер өздөрү өүмдарлык кылып жаткан ар бир мамлекетте саясий Исламга каршы кутуруп чабуул кылышууда. Азыркы түзүмгө каршы болгондорду куугунтукка алууда, аларга «террорчу», «экстремист» деп жалган айыптоолорду жабыштырууда.