Мунаса артынан мунаса… Төлөмү болсо балдарыбыздын пакиза кандары

414
0

Мунаса артынан мунаса… Төлөмү болсо балдарыбыздын пакиза кандары

Сирия режиминин зордукчул күчтөрү жана кресттүүлөр коалициясы самалеттору куралдуу оппозиция көзөмөлү астында болгон Халаб шаарынын чыгыш аймактарын ээлөө үчүн дээрлик эки аптадан бери катуу чабуул кылууда. Бул чабуул жалган мунасадан кийин дагы да кескиндеди. Бул мунаса козголоңчулардын аскердик «тамырынын согушун» сезип көрүү жана чыдамы канчалык экендигин билиш үчүн болгон эле. Мындан максат козголоңдун алгачкы учурларынан баштап тыгыштырууга аракет кылынып жаткан саясий чечимге кызмат кыла турган чечимди кабыл кылуу эле.

Учурда болуп жаткан болуп жаткан окуялар т.а түздөн-түз жай тургундардын бутага алынышы о.э болушунча көп балдар жана аялдардын өлтүрүлүшү муну ачып таштады. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун өкүлү Фазилат Шайибдин айтышынча Халабдын чыгыш аймактарында 23-сентябрдан 6-октябрга чеинки убакытта 377 киши өлтүрүлдү. Сирия адам укуктары тармагы берген маалыматка ылайык курман болгон жай тургундар саны өткөн айда 1176 кишиге жетти. Алардан 117си аялдар, 312си жаш балдар. Ушуну да көрсөтүп өтүш керек, өлтүрүлгөн балдар жана аялдардын саны курман болгон жай тургундардын 59%ын түзөт. Бул болсо жай тургундар атайын бутага алынып жаткандыгын ачык көрсөтүп турат. Мындан максат сириялыктардын эркин сындыруу жана батыштын мусулмандар жериндеги ар кандай пландарын жокко чыгаруучу козголоңчуларды моюн сундуруу.

Бирок колонизатор каапырлар түшүнүп жетишпеди Ислам түшүнүктөрү негизинде өсүп-чоңойгон жана Расул A мектебин бүтүргөн кишинин жообу Үммөт жолбашчысынын жообу сыяктуу болот. Үммөт жолбашчысы Расул A бул ишти таштоосу үчүн оң колуна күндү, сол колуна айды алып беришкен күндө да Аллах бул ишти жүзөгө чыгармайынча же анын жолунда өлгөнгө чеин бул иштен баш тартпастыгын айтып, Курайш жетекчилери менен ишти анык чечкен эле.

 Имараттар, мал-мүлктөр, ооруканалар, тез жардам жана жарандык коргоо түзүмүнүн кең көлөмдө ойрон кылынышы бул кылмыштардын Сириядагы бир туугандарыбызга каршы атайын кылынып жаткандыгын түшүндүрөт. Анткени акыркы убактарда бештен ашыгыраак ооруканалар иштен чыкты. Маанилүү медициналык борборлор да ойрон кылынды. Бул медициналык борборлор «террорчуларга каршы согуш» деген шылтоо менен программалуу таризде бомбалоо акыбетинде дээрлик ар күнү жараланып жаткан көп сандагы карапайым адамдарды куткаруу үчүн курулган эле. Кош, кана ошол «террор», каерде?!! Ким ал «террорчу»?!! Ооруканалардагы оорулууларбы?!! Же балдардын жатаканаларындабы жана энелерибиздин жүрөгүндөбү?!! Террорчу – балдарыбызды жетим, аялдарыбызды жесир кылып жаткан, жерибизди жардырып, пакиза кандарыбызды дарыя кылып агызып жаткан мына ушул колонизатор жана канкор режим  өзү эмеспи?!!

Каапырлардын жана Сириядагы тогут залимдердин кылмыштары алардын пайдапарастык өлчөөлөрү боюнча жада калса «согуштук кылмыштар» деп атоо даражасына да көтөрүлбөгөн имиш. Анткени БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Амир Зайд ибн Раъд Хусайн бир нече күн алдын: Халабдагы жай тургундарга кылынган чабуулдар согуштук кылмыштар же адамзатка каршы кылмыштар даражасына көтөрүлүшү мүмкүн – деди. Төгүлгөн ушунча кандардан кийин жана ойрон кылгандарынан кийин да ушундай кылмыштар даражасына көтөрүлбөдү, балким алардын эки жүздүү нормалары жана мыйзамдарына ылайык келе турган атамалар даражасына көтөрүлүшү «мүмкүн» имиш!! Маалым болгондой алардын бул нормалары жана мыйзамдары ар кандай инсандык кыйматтан жогору болгон материалдык пайдапарастык саясаттарына карап өзгөрүп турат!!

Эй, Сириядагы козголоңчулар! Ушуну жакшы билгиле, силердин козголоңуңар өз максаттарына эч качан жеңилдик менен жетише албайт. Ал көптөгөн соодалашуулар жана жан берүүлөр баскычтарын басып өтөт. Ушундай болгон соң оор абалдардан, кырсыктар жана ойрондордун көптүгүнөн, балдар жана аялдардын өлтүрүлүп жаткандыгынан улам таасирленип жарым чечимдерге ыраазы болуп калбагыла, мындай чечимдерди эч кабыл кылбагыла. Үстүңөргө крестүү каапырлар биргелешип күрөшүп жаткан болсо да жана аларга Сириядагы балдар жана аялдарды куткаруу үчүн кыймылдап да койбогон мусулман башчыларынан  турган мына бул жалданма малайлар жардам берип жаткан болсо да!!

Сирияда абал абдан оор болуп жатат. Анткени ал Башар жана анын башкаруу режиминен кийинки иштердин кайсы багытта кетиши үстүндөгү күрөш. Сирияда таасир ээси болгон жана өзүнүн союздашы орустар жардамына таянып жаткан Америка Пайгамбарлык минхажы негизиндеги рошид Халифалыктын тикеленишине байланыштуу ар кандай белгилерди тирүүлөй көмүүгө урунуудан эч чарчабайт. Бирок Батыш калыс кишилердин бийликке келип Үммөттүн исламий армияларындагы эр жүрөк ууландарынан турган күч-кудурет ээлеринен жардам алууларына жол койбоо туурасында өзүнүн бүткүл айла-амалына, түлкүлүгүнө жана таасирине үмүт кылууда. Маалым болгондой исламий армияларды алардын акимдери ички маселелер менен убара кылып кишендеп турат. Бул армиялар калыс кишилерге жардам колун сунса ошондо демилгени өз колуна алат жана өзүнүн түзүлүшүнөн көздөлүп жаткан идеяны ишке ашырат. Бул идея – Исламды бүткүл жер жүзүнө жайуу, алсыздарга жардам берүү жана адилеттик, тынчтык, бейпилдик орнотуу.

 

Хизб ут-Тахрирдин борбордук басма сөзүнүн аялдар бөлүмү

 

телефон-факс: 00961 1 30 75 94

Уюлдук телефон: 00961 71 72 40 43

электрондук почта: ws-cmo@hizb-ut-tahrir.info

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here