АКШ жана Израил Сисинин кулашынан кабатырда
Мисирде мамлекет көтөрүлүшүнөн кийин экономикалык кризис отунда калган Абдулфаттах Сиси бийлигинин кулоо ыктымалы жогорулоодо. Бул ыктымал АКШ жана Израил расмийлери тарабынан кабатыр менен тилге алына баштады.
БУУ Коопсуздук Кеңешинде Россияга жан тартып добуш бергендиги үчүн Саудия менен мамилелери жамандашкан Миср өкмөтүнүн жаңы экономикалык кооп-коркунуч каршысында калгандыгы айтылууда Израилде чыга турган Едиот ахронот газетасынын корреспонденти Алекс Фишмандын маалымдашынча, Америка жана Израил расмийлери Мисрдеги экономикалык туруксуздукту абдан эле олуттуу деп баалашкан.
“Акыркы убактарда АКШ жана Израил өкүлдөрү ортосунда болгон талкууларда Сиси өкмөтү талкуу кылынды. Расмийлер Сиси өкмөтүнө дагы да көбүрөөк жардам көрсөтүү керектиги туурасында өз кабатырлыктарын билдиришти”, деп жазат Фишман.
Алекс Фишман макаласында өзгөчө, АКШ жана Израил расмийлери экономикалык кризис акыбетинде көчө протесттери жалынга айланып кетишинен коркуп жаткандыгына да ишара берди.
Хизб ут-Тахрирге карашту “Роя” газетасынын электрондук сайты да Миср президенти Абдулфаттах Сисинин тышкы душмандардан эмес, балким мамлекет ичиндеги абалдан коркуп жаткандыгы туурасында кабар таркатты.
Газетада келишинче, Сиси чындыгында да тышкы күчтөрдөн коркпостугу мүмкүн. Анткени алар Сисинин душманы эмес, кожоюндары. Сиси болсо, Мисрде ошолордун саясаттарын жүргүзүүдө, пландарын аткарууда, кызыкчылыктарын ишке ашырууда. Ушуга байланыштуу алардан коркууга дээрлик себеп жок. Аны кабатырга салып жаткан тарап болсо Миср калкы. Ошон үчүн да Сиси аларды катуу басым астында кармап келүүдө.
lasuna drug – order lasuna sale himcolin brand
buy probenecid 500 mg online – monograph cheap purchase carbamazepine online
cyproheptadine 4mg cost – buy tizanidine 2mg pill buy tizanidine for sale