Казакстан мектептеринде хижабка тыйуу салынды

230
0

Казакстан мектептеринде хижабка тыйуу салынды

  Казакстан элинин 70 пайыздан ашыгы мусулмандар болушуна карабай, казак өкмөтү да кошуна мамлекеттер сыяктуу Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүн токтоосуз улантып келүүдө. Казакстанда да азыркы өкмөт мусулмандар “коркунуч”унан өз режимин бекемдөө жолунда пайдаланууда.

 Маалым болгондой, 2016-жыл 5-июнь күнү Актөбө шаарынын 3 районунда атышуулар болгон. Кабарларга ылайык, белгисиз адамдар курал сатыла турган дүкөнгө о.э аскердик бөлүмгө чабуул кылышкан. Атышууда 3 киши өлүп, 10дон ашык киши жаракат алган. Расмий өкмөт болсо бул иш толук текшериле элек жатып, “чабуул кылгандар диний экстремисттик топтун мүчөлөрү болушкан”ын айтып чыккан эле. Ошондон кийин ушул шаар жана областта кең көлөмдүү “тазалоо иштери” башталган жана ондогон мусулмандар камакка алынган эле.

 Казак өкмөтү Ислам динине  карата болгон жек көрүүсүн билдирип, коомдон исламий көрүнүш жана баалулуктарды суруп чыгарууга олутту аракет алып барууда. Анткени өкмөт тарабынан болгон тыйуу жана куугунтуктоолорго карабай Казакстан мусулмандары Ислам динине талпынып, кылып жаткан ар бир иштеринде шаръий өкүмгө көбүрөөк байланышууда.

 Мындан мурунураак, Казакстан президентинин кызы, Казакстан сенаты депутаты Дарига Назарбаева “Казакстанда халал (исламий) бакчалар бар экендигин угуп таң калган”ын айткан болсо, бүгүнкү күнгө келип Казакстан өкмөтү мектептерде хижаб “диндин элементтерин алып жүрүүчү” ар кандай кийимге тыйуу салганын жарыя кылды.

 Билим берүү министринин орун басары Эльмира Суханбердиева башка министрликтер менен 19-октябрда болуп өткөн талкуулардан кийин бул чечимге келингенин айтты.

 Казакстан билим берүү жана илим министрлигинин билдиришинче, 2017-жылдын январынан тарта мамлекеттин башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринде окуучу кыздардын хижаб салынышына толук түрдө тыйуу салынат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here