Эй Сауддар үй-бүлөсү, америкалыктардан адилеттик таптыңарбы?

276
0

Эй Сауддар үй-бүлөсү, америкалыктардан адилеттик таптыңарбы?

Дагы деле, аларды дос тутуу менен ыраазы кылабыз деп ойлоп жатасыңарбы?!

 2016-жылы 28-сентябрь күнү АКШ өкүлдөр палатасынын абдан көпчүлүгү президент Обама тарабынан коюлган «вето»ну бекер кылууга добуш берди. Бул вето 2001-жыл 11-сентябрь чабуулдары курмандыктарынын жакындарына ушул чабуулда шектүү делген мамлекеттерди сотко берүүгө уруксат берүүчү мыйзам долбооруна каршы коюлган болуп, ушул мамлекеттердин бири Саудия эле. Добуш берүү натыйжасы боюнча, 338 өкүл ветого каршы, 74 өкүл ветону жактап добуш берди. Сенаттагы натыйжада, 97 сенатор ветого каршы, бир сенат аны жактап добуш берди.

Обама мындай деди: «Мыйзам чыгаруучулар ката иш кылышты… бул окшошу жок бир кооп-коркунуч, мындай мыйзам компаниялар, жоопкерлер жана АКШ күчтөрүн ыктымалдуу сот процесстерине дуушар кылышы мүмкүн». АКШ Борбордук Разведка Башкармасы (ЦРУ) раиси Бреннан мындай деди: «Суверендүү көз-карандысыздык принциби америкалык жоопкердүү адамдарды ар күнү коргоп турат жана бул өз ара достук негизине курулган принцип. Качан ушул принципти колдонуудан баш тартсак, мансап ээлерин кооп-коркунучка салган болобуз».

Сауддар үй-бүлөсүнүн буга карата реакциясына келсек, коркоктор реакциясы болду. Алар муну күтүшпөгөн эле. Ошон үчүн алардын коркууга түшкөнү ачык көрүндү. Орун басар Мухаммад ибн Найф өз режимин америкалыктарга тил тийбей турган, аларга жарым сөз менен да зыян жеткирбей турган кылып коргоого урунду. Саудия да америкалыктар менен бирге жүрүшүн далилдөөгө аракет кылды. Муну Саудиянын «терроризм»ге каршы күрөшкө байланышкан он экиден ашык эл аралык келишимге кол койгону о.э АКШ жана Италия кызматташтыгында Исламий Мамлекет уюмуна каршы күрөшүп, коалицияны финансылоо менен эл аралык коалицияга башчылык кылуу аркылуу далилдөөгө урунду.

АКШ кеңешинин мындай катуу аракеттеринен эки нерсени түшүнүш мүмкүн:

Биринчи: Алар президенттик шайлоолор эң кызык чегине жеткен азыркы абалда шайлоочулар добушуна ээ болуу үстүндө атаандашып жатышат. Ушуга байланыштуу демократтар – эгерде республикачылар ветону бекер кылышка добуш берише турган болсо, көпчүлүктүн добушуна ээ болуп алуулары мүмкүн, деп коркушту. Ошондуктан алар да өз партиясынын лидери Обамага каршы добуш беришти.

Эки тарап тең мунун кооптулугун жана президенттери менен разведка башчылары айтып жаткан акыбеттерди түшүнүшүүдө. Көп добуш алгандар башчысы Митч Макконнелл Сенат межлисинде «Мен бул мыйзамды көбүрөөк талкулоого муктаж, деп эсептеймин. Мунун терроризмди кылып жаткандарга каршы ыктымалдуу акыбеттери болушу мүмкүн», деди. Өкүлдөр палатасы спикери Пол Райан «Конгресс өзгөчө, америкалык аскерлерди коргоо үчүн мыйзамчылдыкты реформалоого мажбур болушу мүмкүн», деди. Көпчүлүккө караганда, бул реформа шайлоолор өткөндөн кийин болушу мүмкүн. Булар ушуга далалат кылат, демек бул иш эң биринчиден шайлоо жарышы менен байланыштуу. Анткени 11 жолу ветодон пайдаланган Обама доорунда бир да жолу палатанын үчтөн эки бөлүгү каршы добуш берүүсү буга чеин күзөтүлбөгөн. Ошон үчүн бул Обамага каршы бир сокку болду жана муну «Ак үй» администрациясы өкүлү Эрнест «Бул 1983-жылдан бери сенат жыйынында жүз берген эң жаман кризисттик абал болду», деп сүйлөдү.

Экинчи: Америкалыктар менменсинүү, башкалардан өзүн бийик тутуу оорусуна чалдыккан. Текебердик аларда ачык көрүнүп турат. Ушуга байланыштуу башкаларды көзгө илбейт, бирөөлөрдү сотко берүү жана провакация кылууну жакшы көрүшөт, бирок бирөөлөрдүн аларга каршы чыгышына же кылмыштары үстүндө жооп талап кылууларына чыдай алышпайт. Азыр алар Саудиянын коркокторчо позициясын көрүштү. Мурунку сенатор Либерман «Ирандын 11-сентябрь чабуулдарына алакасы бар», дегенде, БУУдагы Иран өкүлү да «ал-Каида америкалыктарды кафир деш менен бирге, шиаларды да кафир деп эсептейт», деп коркоктук менен жооп берген.

Америкалыктар дүйнө коомчулугу пикирин аларга каршы козгой турган бирер бир мамлекетти көрбөй жатат. Ушуга байланыштуу текебер болушууда. Бул өздөрүнө зыян болуп калышы мүмкүндүгүнөн чочушса о.э мамлекеттер суверенитетин урмат кыла турган о.э мына ушул мамлекеттер жарандарына ээ болгон айрым бир адамдардын кылган иштери деп, бул мамлекетти сотко бербей турган эл аралык мыйзамды бузушканын сезишсе да, текеберлигин карматышууда. Анткени бүгүн көптөгөн мамлекеттер америкалыктардан чочушат. Мисалы, алар Саудия режими, Иран режими жана коркок түрктөр режими сыяктуу, же Американы дос туткан мамлекеттер же Европа мамлекеттери сыяктуу, Америка аркылуу өз кызыкчылыктарын көздөп жаткандыгына байланыштуу, анын жинин келтирүүнү каалабаган мамлекеттер. Бирок ири мамлекеттерге келсек, алар ар бир окуядан пайдалануу жана ар бир ишке мурдун тыгуу, ушул аркылуу бул биринчи мамлекет менен атаандашууну каалабай жатышат. Алар кээде козголушууда, бирок Америка аларды эл аралык майдандан чыгарып койгон болсо да, бирок бүтүндөй чыгарып жибербегенин жана белгилүү үлүш берип, кызыкчылыктарына түздөн-түз каршы чыкпагандыктан сүкүт сактоону туура көрүшүүдө. Анткени бул мамлекеттер дүйнөдө биринчи мамлекетке айланууну каалай турган жана АКШны дүйнө борборунан чыгарып таштоого уруна турган мамлекеттер эмес. Бирок, дүйнө бүгүн термелип, Американы бир катуу силкинтип оодарып таштай турган мабдаий мамлекетке муктаж болуп турат.

Бул америкалыктар он миллиондогон кызыл түстүү индеецтерди кыргын кылган. Алар чыныгы терроризмди кылып жаткандар болуп, бүткүл дүйнөдө кылмыштарды кылууда, мамлекеттерди ойрон кылып, бардык жерди күйгүзүшүүдө. Алар ушул кылмыштары үчүн эл аралык деңгээлде сотко тартылуулары, кылмыштарына жооп берүүлөрү керек. Япония алдында АКШнын өзүн сотко берүү үчүн даяр мүмкүнчүлүгү бар. Анткени бул мамлекет Японияга сокку берген, бул соккуну Американын айрым адамдары сокку бербеген, балким анын мамлекети атом бомбасы менен атайлап сокку берүү жана миңдеген элин кыргын кылуу кылмышын кылган. Вьетнамда америкалыктар элди кыргын кылган, Америка коргоо министри Макнамара 3 миллион 400 миң адам өлгөнүн айткан, түпкүрүндө болсо бул сан 5 миллионду көрсөттү. Филиппинде, анын конгрестеги тергөө-сүрүштүрүү комиссиясына ылайык, америкалыктар бир жарым калкты миллион кырып таштаган. «Терроризм», деген шылтоо менен америкалыктар Ирак жана Афганистанга кылган согуштарында 10 жыл аралыгында эки миллион мусулманды кырып таштаган. Бул сан Вашингтондогу «Коомдук жоопкерчилик үчүн дарыгерлер уюму» тарабынан 2015-жылы чыгарылган отчетто келтирилген. Бул мамлекет, бул шылтоо менен дагы да Сириядагы элибизди кыргын кылып, Иранды, Россияны, алардын карөзгөй тарапташтарын, сауддар үй-бүлөсүндөгү, Эрдоган Түркиясындагы жана башка мамлекеттердеги малайларын ушул ишке салууда. Малайы Башар Асаддын кыргын кылышына жол ачып берүүдө. Бул канкор алардын жардамында жүз миңдеген сириялык бир туугандарыбызды кыргын кылды. Яхудийлер мамлекетин түрдүү куралдар менен камсыздап, Палестинадагы туугандарыбызды кыргын кылышка, жерлерин тартып алышына эч нерсе дебеди. Демек, ушул жана башка бардык кылмышкерлер менен бирге, мына ушул кылмышкер АКШ жооп бериши керек.

Сауддар үй-бүлөсүндө эгер кыпындай эр жүрөктүк жана урмат-сый болгондо эле, жок дегенде, Америка коалициясынан чыгып кеткен болот эле. Америка Сириядагы мусулмандарга сокку бергени үчүн жана өзүнүн уулу каражатын бөлүштүрүү долбооруна аларды мажбурлап жаткандыгы үчүн да алар ушундай кылышкан болот эле. Йеменде Хусийлерди колдоп-кубаттап, аларды бийликке шерик кылып жаткан АКШ долбоорун аткарыштан баш тарткан болоор эле. Биз сауддар үй-бүлөсү өкмөтүнөн Америкага каршы бирер бир эр-жүрөктүк кадамын ташташы мүмкүн, деп күтпөйбүз, анткени алар бул мамлекеттин малайлары. Алар исламды колдонуп жатышкандыгын айтып жатышат, бирок Аллах дос тутууну жана биримдикте болууну арам кылган каапырларды өздөрүнө дос тутушууда. Бул сауддар үй-бүлөсү каапырлардын момундарга карата ичтеринде душмандыгын жашырышы жогорку мыйзам аркылуу болсо тилдериндеги душмандык ачык болгону жана алардын каапырлыктарына жандашканга чеин эч ыраазы болбостугу туурасындагы Аллахтын эскертүүлөрүнөн бүтүндөй сыртта калышкан.

Бүткүл дүйнө Пайгамбарлык минхаажы негизиндеги рошид Халифалык мамлекетине муктаж болуп калды. Анткени ушул мамлекет акы-укуктарды өз ээлерине алып берет, залым кылмышкер мамлекеттерди сотко тартып, мазлум мамлекеттерге жардам берет. Дүйнө коомчулугунун көңүлүн АКШ жана анын кылмыштарына буруп, ар бир маселеде ал менен атаандашат. Аны эл аралык майдандагы таасирине сокку беришке жана ушул аркылуу өзүн бул майдандан жок кылышка урунат. Ал Бүткүл дүйнө жүзүндө аракет кылат жана дүйнөнү тынчтыкка жетектеп, аларга Ислам жана анын чечимин сунуш кылат. Батыш илманийликтен, бузук демократиядан келип чыккан америкача жана батышча чечимдердин болсо шермендесин чыгарат. Ар бир мамлекет менен байланышат жана аларды Исламдан балкып чыгуучу нормаларга ылайык, эл аралык коомдук иштерге тартат, ушул аркылуу «терроризм»ге каршы күрөш пропагандычыларынан бүткүл дүйнөнү куткарат. Анткени рошид Халифалык мамлекети маъруфка буюруп, мункардан кайтара турган жана Аллахка ыйман келтирген, адамдар үчүн чыгарылган эң жакшы үммөт султаны.

 Асъад Мансур

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here