Сирия маселеси боюнча дагы бир жолугушуу ийгиликсиз аяктады
Дээрлик бир кылым мурун Швейцариянын Лозанна шаарындагы “Beau-Rivage Palace” мейманканасында Халифалык мамлекетин бүтүндөй жок кылыш үчүн “Лозанна келишими” түзүлгөн эле. Бүгүнкү күнгө келип дагы кудум ушул мейманканада Сирия маселесин чечүүгө келишип алыш үчүн АКШ башчылыгында жыйын уюштурулду. Бирок Батыш мамлекеттери үчүн өткөн Лозанна жыйыны ийгиликтүү болгон болсо, бүгүнкү Лозанна жыйынынан эч кандай натыйжа чыкпады.
АКШ мамлекет катчысы Жон Керри Лозанна жыйынынан кийин баянат берип, жыйында эч кандай келишим түзүлбөгөндүгүн, болгону жаңы-жаңы пикирлер ортого ташталганын маалымдады. Керринин айтышынча, Сирия маселесинде түрдүү пикирлер ортого ташталган жана айрым идеялар алдыга сүрүлгөн болсо да, бирок аймактагы чыңалууну жумшартуу үчүн анык бир аракеттер үстүндө келишүүгө жетишилбеген. Керри дүйшөмбү күндөн баштап алдыдагы кадамдар ташталышын айтып өттү.
Россия тышкы иштер министри Сергей Лавров да бул жолугушуу туурасында баянат берип, жакынкы күндөрдө алакалар дагы да уланышын маалымдады.
Массалык маалымат каражаттары да АКШ, Россия, Түркия, Саудия, Иран, Катар, Иордания, Ирак, Миср мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери о.э БУУнун атайын өкүлү Стаффан де Мистура катышкан Лозанна жолугушуусунда Сирия маселеси боюнча белгилүү бир чечим кабыл алынбагандыгы туурасында кабарлар таркатышты.
Кабарларга ылайык, бул жыйында атышууларды токтотууну жарыя кылуу жана Халаб шаарына гуманитардык жардамын жеткирип берүү маселеси талкуу кылынган. Түркия гуманитардык жардам маселесинде эл аралык конвой уюштуруну сунуш кылганы менен, бирок бул туурасында да анык бир чечим кабыл кылууга жетишилбеген.
Лозанна жолугушуусунан бирер натыйжа чыкпаган күндүн эртеси Араб жана Европа мамлекеттеринин расмийлери Сирия маселесине чечим табуу үчүн Британия борбору Лондондо кайрадан топтолушту. Бул жыйында Саудия тышкы иштер министри Адил ал-Жубайр, АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри о.э Франция, Германия, Италия, Түркия жана БАЭнин жоопкер адамдары катышкан. Бирок дагы деле натыйжадан дайын жок.