Исламда жана капитализмде салык
Мамлекет же мамлекетти көөдөлөндүрүүчү өкмөт аткаруучу аппараттан түзүлүп, өз жарандарынын түрдүү тармактарындагы иштерин башкаруу жоопкерчилигин жогорулатат. Мына ушул иштерди башкаруу, чоң малды талап кылат. Таалим, саламаттыкты сактоо, алака жолдору, ички жана тышкы коопсуздук… жана башкаларын аткаруу үчүн чоң көлөмдө акча керек. Мамлекеттеги идеология жана таянылуучу түзүм, анын өз иштери жана долбоорлорун камсыздандыруу үчүн малды кандай колго киргизүүгө өкүмдарлык кылат. Социалисттик түзүмдө мамлекет негизги ресурстар жана түрдүү иштеп чыгаруу каражаттарына ээлик кылат, буга мамлекет бардык ресурстарга ээлик кылуучу калктын өкүлү деген назарда ээлик кылат. Демек, социалистик түзүмдө каржылоо үчүн мамлекет адамдарга салык салууга муктаж болбойт. Анткени малга ээлик кылуучу да мамлекет, аны тасарруф кылыш укугуна ээ да мамлекет. Капиталистик түзүмдө болсо мамлекет же иштеп чыгарууга ээлик кылсын, же мамлекеттеги табигый ресурстарга. Тескерисинче капиталистик түзүмдө мүлкчүлүк укугу жеке адамдарда жана мекемелерде, мамлекеттин ээлик кылууга акысы жок. Б.а, капиталисттик түзүмдө мамлекет завод-фабрика, кендер, табигый байлыктар жана башкаларга ээлик кылбайт. Демек бул түзүмдө мамлекет өз иштерин жүргүзө алышы үчүн анын алдында бир гана жол болот, ал да болсо, жеке адамдар жана мекемелерге салык салуу. Демек мамлекеттин өз иштерин жүргүзүүдө керектей турган малы адамдардан алына турган салыктан келет. Жада калса мамлекет бирер заводго же банкка же кенге ээлик кылышка мажбур болуп калган убакта да, бул ишти ал өздөштүрүп алышка аракет кылып жаткан ушул мекеменин иши жолдон чыкканда жана аны жок болуп кетиштен куткаруу максатында гана кылат. Муну да адамдар салыктарынан түшкөн акчалардан пайдалануу менен кылат. Капиталистик ааламда мамлекет салыктарды алуу, аларды жыйноо, салык төлөөдөн качкандарды куугунтуктоонун устасы болуп кеткен. Жада калса айрым мекемелерди салыктан коргоо үчүн мыйзамдарды иштеп чыгууда да билимдүү болуп кеткен. Анткени капиталисттик түзүм мамлекеттин салтанаты астындагы малдардан мамлекеттин өзүн да пайдалануучу кылып койгон.
Эми, Ислам түзүмүнө келсек, ушул түзүм өз иштерине сарптап, аларды жүргүзүү үчүн мамлекетке малды мүлк кылып берген. Ошон үчүн, адамдардын тобуна да малды мүлк кылып берген болуп, бул малды мамлекеттин өзү башкарат, адамдар иштерин башкарууга сарптайт. Маселен, Аллах Умар ибн Хаттаб Gдын колу менен Ирактагы жерлерди фатх кылганда айрым сахабалар бул жерди согушкерлерге берилишин каалайт. Бирок Умар буга ыраазы болбой, күч менен фатх кылынган жерлерден олжо ажыратып, ошол олжодон чыга турган кирешени согушкерлерге жана алардын үй-бүлөсүнө сарптоону жолго коёт. Мына ушул мамлекеттин негизги сарп-каражаттарынын бири. Анткени Исламда күч менен фатх кылынган жерлерден алынуучу хирож мамлекеттин мүлкү. Хирож салык эмес. Ал мамлекеттин асл мүлкү. Лекин мамлекет адамдарга бул жерден пайдалануу, эгин эгүүгө уруксат берет жана алардан чектелген өлчөмдө хирож кабыл кылат. Себеби, түпкүрүндө жер ээси мамлекет, жеке адамдар эмес. Ошондуктан, риказдын бештен бири да мамлекет мүлкү болуп, аны өзүнүн иштери жана кызыкчылыктарына сарптайт. Риказ жерге көмүлгөн, кен даражасында үлкөн өлчөмдө болбогон минералдык байлык.
Демек, Исламда мамлекет өз иштерин жүргүзүү үчүн салык салууга муктаж болбойт, анткени ал малга ээлик кылат, өзүндө жетиштүү мал болот. Адамдардын умумий кызыкчылыктарына келсек, Исламий Мамлекет ага адамдардын бардыгы шерик болгон умумий мүлктөрдөн сарптайт. Бирок, мамлекеттин мүлкү болгону сыяктуу, адамдардын да мүлкү болот жана умумий мүлк деп таанылган нерсе мына ушул. Мамлекет мектептер, университеттер, жолдор, аэропорттор жана порттор курулушу үчүн адамдарга салык салууга муктаж болбойт. Анткени бул кызыкчылыктар жалпы адамдардын кызыкчылыгы болуп, аларга адамдардын өз малдарынан сарпталат, анткени Аллах аларды ушул малда шерик кылган. Мисалы, нефть, газ, металл, марганец, фосфор, уран сыяктуу табигый байлыктарды иштеп чыгаруудан алынган мал, о.э, токойлор, суу жолдору жана башка табигый булактар сыяктуу Аллах умумий мүлккө айландырган малдар. Мамлекетке качан жумушчуларга маяна берүү, өкмөт мекемелерин куруу сыяктуу өзүнүн иштерине сарптай турган каражат зарыл болуп калса, буга мамлекет мүлкүнөн иштетет. Эгер жетпей калса, ал абалда, умумий мүлктөн иштетүү мүмкүн, ушундай эле мааниде адамдар иштерин жүргүзүүдө жана кызыкчылыктарында алардын өкүлү катары иштетиши мүмкүн. Исламда мамлекет өзүнүн иштерин жүргүзүү же адамдар кызыкчылыктарын башкаруу үчүн жарандарга салык салууга муктаж болбойт. Исламдагы мамлекет менен социализмдеги мамлекет ортосунда негизинен ушул тараптан айырма барю. Ислам мамлекетинде мамлекет мүлкү жана адамдардын умумий мүлкү болуп, эки мүлк бири-биринен айырмаланат. Мындан тышкары, ислам жеке адамдарга үчүнчү мүлктү белгиледи. Мисалы, жеке адамдардын шариат өкүмдөрү алкагында каалаганча көбөйтүүлөрү мүмкүн болгон жеке мүлктөрү бар, анткени Ислам жеке адам керектөөсү, адамдар топторунун керектөөсү жана жаран иштерин башкаруучу мамлекет керектөөсү ортосунда баланс жараткан.
Бирок айрым кемден-кем абалдар да болот, мамлекетке жаран керектөөсүнөн башкасына, о.э, Аллах мамлекетке жана Үммөткө буюрган бирер фарзга иштетиш үчүн акча-каражатка муктаж болуп калат, бирок мамлекет мүлкүндө да, умумий мүлктө да буга жетиштүү мал болбойт. Мына ошондо мамлекет мусулмандар арасындагы бай кишилерге кайрылат жана Аллах жолунда мамлекетке мал берүүлөрү үчүн аларды Аллах жана Расулун сүйүүгө таргиб кылат. Мисалы, Усман G катаал жылдарда ушундай кылган. Ошондо Расулуллах A тикелеген мамлекетке Табук казатын камсыздандырууга каражат зарыл болуп калат, ошондо Расулуллах A кылганы сыяктуу, Усман да адамдардан карыз алуу жолун тутат. Себеби, Расулуллах A соотторду бир яхудийге кепилге берип туруп, андан мал алган. Кээде мамлекет мусулмандардын бай кишилерине белгилүү өлчөмдө, белгилүү убакка чеин салык салышы да мүмкүн. «Качан Байтулмалда каражат болбосо же ал жердеги каражат түгөнүп калган болсо, же ал жердеги акча-каражаттар наркты каптай турган өлчөмдө болбосо, мындай абалда халифа байларга ушул каражатка жетчүдөй өлчөмдө шаръий өкүмдөр алкагында салык салат.
Белгилүү абалда нарк үчүн салык салуу жайыз болушу үчүн, албетте төмөндөгү шарттар табылышы керек:
Ушундай абалга сарптоо үчүн жетиштүү каражат Байтулмалда жок болушу керек;
Мына ушундай абалга сарптоо Байтулмалга жана мусулмандарга важиб экендигине бирер шаръий нусус келиши керек;
Салынган салык ушул абалга жетчүдөй өлчөмдөн ашпастыгы керек;
Бул салык өздөрүнүн негизги жана камалий муктаждыктарынан артыкча малдары бар болгон жалаң бай кишилерге салынышы керек». (Хизб ут-Тахрир амири улуу аалым Ато ибн Халил Абу Раштанын Фейсбук баракчасы колдонуучулары тарабынан 2016-жыл 19-майда берилген суроолоруна жообунан).
Бирок салык соода салыгы же киреше салыгы жана башка сыяктуу, ар дайым салынышы жайиз эмес.
Булардан Исламда абдан жакшы түзүм бар экендиги маалым болот. Бул түзүм социалисттик түзүмдөн өзгөчөлөнүп турат. Анткени социализм мамлекеттик мүлктөн башка нерсени билбейт, бул менен жеке адамдарды дайым кедейликке, мамлекетти болсо аны начарлатууга жоопкерге айландырып коёт. Ислам капиталисттик түзүмдөн да өзгөчөлөнүп турат. Анткени капитализм мамлекетти ар дайым кедей кылып коёт, адамдарды болсо мамлекет иштерин жүргүзүүгө жоопкер кылып коёт. Эч кимге сыр эмес, түпкүрүндө капиталисттик болгон мамлекеттерде да салыктар зулумунан жана анын оордугунан адамдар, мекемелер жапа чегишүүдө. Бул болсо аларды салыктардан качуу үчүн түрдүү жалгандарды токуп чыгарууга, айла-амалдарды иштетүүгө мажбур кылууда.
Кана эми мындай иштер кылынбай турган жана адамдардын чөнтөгүнө кол салыштан сактай турган Ислам түзүмү болгондо! Бирок Аллахтын кулачы кең, бардык нерсеге кудуреттүү.
Доктор Мухаммад Малкавий