Кытай өкмөтү жаш балдарга исламий тарбия берүүгө тыйуу салды
Ислам жана мусулмандарга каршы көптөгөн жылдардан бери айоосуз күрөшүп келе жаткан Кытай өкмөтү уйгур мусулмандары жашоосунан Исламды бүтүндөй өчүрүп таштоо үчүн кылып жаткан аракетиндеги катардагы жийиркеничтүү кадамын таштады.
Буга чеин уйгур мусулмандарына Рамазан айында орозо тутуу, жаш балдардын мечитке барышы, медреселерде Куръан жана Хадистен сабак берүү тыйылган болсо, эми жаш балдарга исламий тарбия берүүгө тыйуу салынды. 1-ноябрдан күчкө кире турган жаңы мыйзамда жаш балдардын диний ырасымдарда катышуусуна тыйуу салынды.
Муну менен кошо ата-энелерге перзенттерине “экстремистик эътикатты сиңдирүү” жана “аларды экстремистик кийим кийүүгө мажбурлоо”го тыйуу салынды. Эми болсо балдарын Ислам дини буйруктары негизинде тарбиялоого аракет кылган эне же намысын сактоо важиб болгон кыздарын хижабданып жүрүшүн каалаган ата кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган болду. Мушрик өкмөт “экстремисттик кийим” дегенде хижабды назарда туткандыгы айдан ачык.
Кытай өкмөтү уйгур мусулмандарын өз ишенимдеринен кайтаруу, диний ибадаттардан тосуу, аларга карата зулумдарды дүйнөлүк коомчулук, айрыкча исламий мамлекет башчыларынын сүкүтү астында ишке ашырып келүүдө. Мусулман мамлекеттердин башчылары өз моюндарындагы важиб милдетин унутуп койгондугунан улам, Кытай жана дүйнөдөгү башка көптөгөн мамлекеттер Ислам дини жана мусулмандарга каршы иш кылууга батынышууда.
Ушундай болгон соң мусулмандар АКШ жүрүшү боюнча аракеттене турган дүйнөлүк коомчулук жана анын көрсөтмөлөрүнөн кылча да четке чыга албаган исламий мамлекеттер акимдеринен үмүт кылбай мусулмандарды эле эмес, балким бүткүл адамзатты капиталисттик түзүмдүн кордук жана кишенинен чыныгы тынчтык жана кадыржамдыкка алып чыгуучу исламий Халифалык мамлекетин кайта тикелөө жолунда биригүүбүз зарыл. Бир гана Халифалык мамлекети Чыгыш Түркистанды эле эмес балким бардык исламий мамлекеттердин, мусулмандардын коопсуздугу жана акы-укуктарын толук камсыздай алат. Ошондо гана мусулмандар эч кимден айбыкпаган абалда бүткүл ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах Тааланын бардык буйруктарын ээн-эркин аткаруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.