АКШ полициясы тарабынан кара түстү кишинин атып өлтүрүлгөндүгүнө каршы демонстрациялар
Американын Түндүк Каролина штаты Шарлотт шаары демонстранттарынын «кана адилеттүүлүк, кана тынчтык», деген кыйкырууларынан кийин коменданттык саат жарыяланды. Бул нааразылык демонстрациялар 2016-жыл 20-сентябрда башталды. Ошондо Кейт Ламонт Скотт уулдарынан бирин мектептен чыгышын күтүп, машинасын Шарлотт шаарынын бир тынч кварталына токтотот. Бактыга каршы, көп өтпөй Скоттко тиешеси болбогон башка бир адамды камакка алуу үчүн ордер менен полиция келет. 43 жаштагы Скоттун абалы жамандашкан, буларды эгер ал кара түстүү киши болбогондо… Анткени бул мамлекетте билим алуу, саламаттыкты сактоо, жумушка орношуу…лар адам өңүнө карап белгиленет. Бул мамлекетте көпчүлүккө карата, полицияга туш келгенде өңүнүн кара же актыгы анын өлтүрүлүшү же тирүү калышы үчүн маанилүү нерсе болуп саналат. Ушуга байланыштуу Скотт да өлтүрүлдү, о.э, аялын жесир, жети баласын жетим кылып таштап кетүүгө туура келди.
Скоттун аң-таңда калган аялы окуяны телефон аркылуу видеого түшүрө баштады: эрин курчап алган бир нече полиция машиналары, машиналар артынан курал көтөрүп турган полициялар, эрине уят сөздөр менен кыйкырып, анда тапанча болбогондугуна карабай, тапанчасын таштоого буйрук берип жаткандарын видеого тартып алат… Мурун эч кандай кылмышка аралашпаган Скотт айланасын курчап алган мындай ызы-чуудан эмне кылышын билбей калат. Бирок полиция буйругуна моюн сунуп машинасынан түшөт, мына ошондо полициячылардын бири ага карата ок атат… Ал өзүнүн машинасы алдына жыгылып жашоодон көз жумат, полиция аялына күйөөсүнүн алдына барууга жол бербейт. Себеби, ал да кара түстүү аял болгондугуна байланыштуу, эгерде полициячыларга баш ийбесе, аны да атып таштоолору мүмкүн эле… эринин өлүп жаткан акыркы көз ирмемдеринде жанында болгусу келди… Ал убакта полиция күйөөсүнүн денесин тинтүү кыла баштады… аял бул абалды күзөтүп, видеого тартуудан башка эч нерсе кыла албады…
Бул окуя артынан нааразылык демонстрациялары башталып кетти. Дароо полиция күчтөрү жардамга чакырылып, шаарда коменданттык сааты жарыяланды. Шаардагы кара түстүү адамдар күбө болгон окуя, кудум АКШнын дүйнөдөгү башка бир нече шаарларында орноткон согуштук баскынчылыктары менен окшош болду. Армия курчоосу башталган экинчи түндө «CNN» каналына демонстранттардын бири мындай деди: «Расалык себептүү согушуу, теңдик себептүү согушуу бизде тез-тез болууда, көп адамдар ушуга байланыштуу келүүдө, бардык абал оор, биз жашообузду беймарал уланта албай калдык». Ал дал ушул кара түстүү кишинин өлтүрүлүшү окуядан тышкары, америкалык кара түстүүлөр болуп жаткан теңсиздиктерге чыдабай калгандыктарын билдирди. Андан «CNN» каналы жумуш табууга байланыштуу болуп жаткан зыяндар туурасында сураган эле, «жумуштар бизден бүтүндөй алыс жакта», деди. Кийин сөзүн улап: «Эмне үчүн бардыгыңар бизге оодарып жибересиңер, бардыгыңар байлыгы жок, тентип жүргөндөрдүн саны канчага жеткендигин элестетип болбойт, бирөө-жарымыңар бул абалга маани бербейсиңер. Бирок сынган терезелериңерге маани бересиңер, туура-да, кантип эле бир терезечелик да маанилүүлүгүм жок болсо? Ооба, Жок! Башчылар, саясатчылар, өкмөт, полиция… ушулар маанилүү. Булардын бардыгын өзгөртүү керек, бул кечеги окуя мына ушуларга мисал болот».
Чындыгында, АКШ дискриминациялоо жана эксплуатациялоого маш болгон. Бир убактарда кызыл түстүү индейцтер жана Скотт сыяктуу кара түстүүлөр массалык түрдө кырылган. Алар, кулдардай бекер кылынгандан кийин, ак түстүү америкалыктар колунда кордук жана зулум астында иштетилген кара түстүүлөрдүн тукумдары эсептелет. Бул бабалары теңдик үчүн узак жылдар бою күрөшүүгө туура келген. 1960-жылдан бери улутчулдукка байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизилишине карабай, о.э, акыркы президент кара түстүү болушуна карабай, кара түстүү америкалыктардын 99%ына карата мындай инсандык жана экономикалык абал өзгөргөн жок.
Скотт окуясы сыяктуу окуялар көп жолу болду. Буга окшогон өлтүрүүлөр видео аркылуу көп жолу далилденет. Мисалы, Скотт окуясынан бир нече күн алдын 40 жаштагы Терренс Кратчер Тулса шаары полициячысы тарабынан атып өлтүрүлдү. Ошондо полиция жолдон четке чыгып кеткен бир машина туурасында маалымат алат. Полициячы машинасындагы видеокамерада Кратчердин өзүнө карата ок чыга электен алдын колдору көтөрүлгөн абалда өзүнүн машинасына карай келе жатканы ачык көрүнгөн. 28-июлда полиция камераларында 18 жаштагы Пол Аунилдин көкүрөгүнө атылган октон кан кетип жатканы, полициячылар аны ушул абалда тепкилеп, колдорун кайрып, кишен салып жаткандыктары көрсөтүлгөн!
Ушул жылы ушул убака чеин 708 адамга ок атылган жана полиция колунда өлүшкөн. Каза болгондордун 24.4%ы кара түстүүлөр болгон. Полициянын адатта ак түстүүлөргө караганда кара түстүүлөргө көбүрөөк ок атып жаткандыгы туурасында арыздануулар болот. Бирок буга кара түстүүлөр арасында кылмыш кылуу көп болушу себеп кылынат. Полиция бөлүмү бул нерсени далилдөө ниетинде Скоттун жанында (жасалма түрдө) тапанча болгонун көрсөткөн видео да таркатат. Бирок бул видеодон мурун кудум ушул жерде Скотто тапанча болбогон видео таркалып бүткөн. Полиция бөлүмүнүн жалгандары жана өлтүрүлгөн америкалык кара түстүүлөр жанына тапанча таштап коюуулары кудум Палестинадагы окуяларга окшоп жатат. Яхудий аскерлери ал жерде бейкүнөө палестиналыктарды өлтүрүп, өз кылмыштарын актоо үчүн өлтүрүлгөндөрдүн жанына бычак таштап коюуу аркылуу АКШ полициясы менен кылмыш кылууда жарышууда. Скотт үй-бүлөсү жана шарлоттук башка кара түстүүлөр аймактык полиция бөлүмүнөн, Палестина эли болсо яхудийлер аскерлеринен адилеттике жетишүүсү албетте, мүмкүн эмес.
Абдуллах Рубин калемине таандык