Парламенттик шайлоолорго катышуунун шаръий өкүмү

317
0

Парламенттик шайлоолорго катышуунун шаръий өкүмү

Шайлоолор тууралуу уу-дуу кептер күчөп, ар түрдүү фатвалар жүзөгө чыкты. Кимдир бирөө шайлоону важып десе, дагы бири аны арам деди, кээ бирөөлөр аны колдоп-кубаттаса, кээ бири ага каршы чыкты. Аны важып дегендер шарияттан узак болгон фатваларды беришти. Адамдарды шайлоого үндөө үчүн аят жана хадистерди өз каалоолоруна ылайык бурмалашты.

Биз бул фатваларга токтолмокчу эмеспиз жана аларды сындамакчы да эмеспиз, бирок, адамдарга акыйкат батылдан, адал арамдан, жакшы жамандан айырмаланып белгилүү болушу үчүн, кыңыр жолдун тушундагы туура жолду баяндап бермекчибиз. Алла Таала айтат:

وَأَنَّ هَذَا صِرَاطِي مُسْتَقِيمًا فَاتَّبِعُوهُ وَلَا تَتَّبِعُوا السُّبُلَ فَتَفَرَّقَ بِكُمْ عَنْ سَبِيلِهِ ذَلِكُمْ وَصَّاكُمْ بِهِ لَعَلَّكُمْ تَتَّقُونَ

– «Албетте, мына ушул Менин Туура Жолум. Демек, ушул жолго ээрчигиле! (Башка) жолдорго ээрчибегиле, (анткени), алар силерди Анын жолунан үзүп коёт. Ажеп эмес, такыба кылсаңар», – деп силерди мына ушул нерселерге буюрду».    [6:13]

Шайлоо жөнүндөгү шаръий өкүмдү билүү үчүн эң оболу ал байлана турган орунду анык билип алуу керек. Анын байлана турган орду «мыйзам чыгаруу палатасы»нын же «өкүлдөр палатасы»нын мүчөлөрүн шайлоо жана ушул парламенттин кыла турган иштери о.э. анын укук-милдеттери. Мына ушундан кийин ага шаръий өкүм келтирилет. Ошентип, шайлоолорго катышуунун жана добуш берүүнүн шаръий өкүмү маалым болот.

Шайлоолор өкүлдүк болуп эсептелет. Өкүлдүк келишими туура келишим болушу үчүн анын негиздери: сунуш кылуу, кабыл алуу, укук берүүчү, өкүл, укук берилген иш жана өкүлдүк ыкмасы толук болушу зарыл.

Парламенттик кеңеш, азыркы конституцияларга ылайык, төмөндөгү негизги милдеттерди аткарат: мыйзам чыгаруу, мамлекет жетекчисин шайлоо же ага талапкер көрсөтүү, өкмөткө ишеним билдирүү, бүтүмдөрдү, келишимдерди жана долбоорлорду тастыктоо, өкмөттү эсеп-китеп кылып тергеп, аны жана анын мекемелерин көзөмөлдөө.

Мыйзам чыгаруу иши мына ушундай бир иш болуп, мусулман адамдын «макул» же «каршы» добуш берип, же мыйзам чыгарып аны менен алектенениши таптакыр мүмкүн эмес, ал тургай, бул мыйзам нукура исламий шариятка ылайык келсе да. Себеби, мыйзам чыгаруунун тууралыгына, анын келип чыгуу булагына шарияттан далил болушу керек т.а. ал исламий акыйдадан келип чыккан болушу керек жана аны вахий алып келген болушу лаазым. Негизи, мусулман адам үчүн мыйзам чыгаруу таптакыр мүмкүн эмес. Буга кошумча, Алла түшүргөн шарияттан башка шариятты, мыйзамды кабыл алышы ал үчүн эч бир мүмкүн эмес. Эл буга ыраазы болобу, же ыраазы болбойбу, мунун эч кандай мааниси жок. Себеби, мыйзам чыгарууга жалгыз Алла гана укуктуу.

Мыйзам чыгарууда бир да кишинин Аллага шерик болууга акысы жок. Анткени, Алла Таала мындай дейт:

إِنْ الْحُكْمُ إِلَّا لِلَّهِ

– «Өкүм Аллага гана таандык». [12:40]

فَلَا وَرَبِّكَ لَا يُؤْمِنُونَ حَتَّى يُحَكِّمُوكَ فِيمَا شَجَرَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ لَا يَجِدُوا فِي أَنفُسِهِمْ حَرَجًا مِمَّا قَضَيْتَ وَيُسَلِّمُوا تَسْلِيمًا

– «Жок, Роббиңерге ант болсун, тээ алар өз ортолорунда чыккан келишпөөчүлүктөрдө сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана кийин сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча, эч качан момун боло алышпайт».   [4:65]

وَلَا تَقُولُوا لِمَا تَصِفُ أَلْسِنَتُكُمْ الْكَذِبَ هَذَا حَلَالٌ وَهَذَا حَرَامٌ لِتَفْتَرُوا عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ إِنَّ الَّذِينَ يَفْتَرُونَ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ لَا يُفْلِحُونَ

– «Алла шаанине жалган токуу үчүн (т.а. Алла буюрбаган өкүмдөрдү Алланыкы деш үчүн) тилиңерге келген жалганды сүйлөп: «Бул адал, бул арам» дей бербегиле! Себеби, Алла шаанине жалган токуй турган кимселер эч качан кутулбайт». [16:116]

Адий ибн Хатам Пайгамбар А.С.дын алдына киргенде, Пайгамбар с.а.в. Алла Тааланын:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ

– «Алар Алланы коюп, өздөрүнүн даанышман жана рохибдерин Кудай деп билишти»,  [9:31]

деген аятын окуп жаткан эле. Ошондо Адий ибн Хатам: «Алар рохибдерин Кудай кылып алышпаган», – дегенде, Пайгамбар с.а.в.: «Аларга рохибдери арамды адал кылып, адалды болсо арам кылып беришпеген беле, акыры. Мына ушул алардын өз рохибдерин Кудай кылып алышканы», – деп айткан.

Парламенттик кеңештердин вокыйсы батыш демократиясына ээрчүүдөн турат. Батыш демократиясы бүткүл бийликти элге берет т.а. нерселер менен иштердин үстүнөн жакшы же жаман деп өкүм чыгаруу укугун элге берет. Эл эмнени жаман десе – ошол нерсе жаман, эл эмнени жакшы десе – ошол нерсе жакшы. Ал элди бирер киши чектебей турган бүтүндөй бийлик ээси кылат. Демократия ушундай болгон соң, ал Куран жана сүннөткө ачыктан-ачык тескери болгону үчүн, куфр түзүмү болуп эсептелет.

Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кылбай турган илманий (динди мамлекеттен ажырата турган) өкмөткө ишеним билдирүү, мамлекет жетекчисин шайлоо, долбоорлорду, келишимдерди, шартнамаларды тастыктоо мусулман үчүн мүмкүн эмес. О.э. капырларды мамлекеттердин, элдердин үстүнөн өкүмдар кылып коё турган келишимдер биякта турсун, атүгүл, куфр мыйзамдарынын негизинде түзүлгөн келишимдерди тастыктоо да мусулман үчүн мүмкүн эмес. Алла Субханаху ва Таала мындай дейт:

وَلَنْ يَجْعَلَ اللَّهُ لِلْكَافِرِينَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ سَبِيلًا

– «Алла эч качан капырлар үчүн момундар үстүнө жол бербейт».  [4:141]

Өкмөттү жана акимдерди эсеп-китеп кылуу, көзөмөлдөө шаръий милдет. Бул иш амру-маъруф жана нахий-мункарга кирип, бардык мусулмандарга важып. Өкүлгө болсо андан да өткөн важып.

Ошондуктан, парламенттик шайлоолордун талапкерлиги үчүн бир нече шаръий шарттар бар. Талапкерликке көрсөтүү ушул шарттарга байланыштуу. Аталган шарттар төмөнкүлөр:

1) Талапкер Батыштын капиталисттик түзүмүн жана бардык куфр түзүмдөрүн таштоону адамдарга ачык жарыя кылышы керек (бул жаатта ниет кылып коюшу жетиштүү эмес жана өзүнүн туткан жолун жашырышы да туура болбойт).

2) Куфр түзүмдөрүн өзгөртүп, анын ордуна Исламды тикелөө үчүн аракет кылышын жарыя кылышы керек.

3) Өз программасын Алланын Китебинен жана Расулунун сүннөтүнөн алышы керек.

4) Парламентти Исламга даъват кылуу үчүн минбар кылып аларын жарыя кылышы керек.

5) Илманий (динди турмуштан ажыратуучу) талапкерлер куфр түзүмдөрүн колдоп жактандыктары үчүн, алар менен бир катарда болбошу же аларга жардам бербеши керек.

6) Таасирдүү тарапка, өкүмдар чөйрөгө жакындашышы жана өз атын талапкерлер тизмесине киргизүү үчүн аларга кошоматчылык кылышы мүмкүн эмес. Себеби, мындай кылуу залимдерге ээрчүү болуп саналат. Алла Таала айтат:

وَلَا تَرْكَنُوا إِلَى الَّذِينَ ظَلَمُوا فَتَمَسَّكُمْ النَّارُ وَمَا لَكُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ مِنْ أَوْلِيَاءَ ثُمَّ لَا تُنصَرُونَ

– «Зулумдук жолун туткан кишилерге берилип кетпегиле (ээрчибегиле), болбосо, силерге тозок оту жетет. Силер үчүн Алладан башка бир да дос жок. Кийин (т.а. залимдерге ээрчисеңер) силерге жардам берилбейт» [11:113]

7) Анын үгүт өнөктүгү, талапкерлиги көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде, ушул маанилерди адамдардын аң-сезимине сиңдирген болушу керек.

Ушунун негизинде, депутаттардын кылышы керек болгон көп иштери алар үчүн арам деп билебиз: Куран жана сүннөттөн тышкарыдан мыйзам чыгаруу; Алла түшүргөн нерседен башка нерсе менен т.а. куфр менен өкүм кыла турган жетекчини шайлоо; Алла түшүргөн нерседен башка нерсе менен т.а. куфр менен өкүм жүргүзө турган өкмөттөргө ишеним билдирүү; шариятка байланбаган, тескерисинче, куфр түзүмдөрүнө ылайык түзүлгөн жана көп абалдарда капырларды мусулмандар үстүнөн кожоюн кылып коё турган бүтүмдөрдү, келишимдерди тастыктоо. Мына ушул иштерди аткаруу үчүн талапкерлигин коюп жаткан ар бир талапкер – күнөөкөр. Мусулмандардын аларга жардам бериши, аларды шайлашы, алар жеңип чыкса куттукташы мүмкүн эмес.

Мусулман адам жогорудагы шарттарга байланса гана өз талапкерлигин коюп, шайлоолорго катышышы мүмкүн. Депутаттардын иштеринин ичинен бир гана иш шаръан мүмкүн болгон иш. Ал иш: шариятка тескери түстө чыккан өкүмдү жана аны чыгарган өкмөттү эсеп-китеп кылып тергөөдөн; буга кошумча, парламенттик кеңешти куфр негизиндеги конституция жана мыйзамдарды, түзүмдү жемирүү үчүн маалымат трибунасы кылып алуудан; адамдарга мындай өкмөттүн, мындай өкүм жана мыйзамдардын болушунун өзү жоготулушу зарыл болгон мункар иш, балким, мункардын башы экендигин, анын ордуна Алла түшүргөн нерсе менен өкүм кыла турган Исламий мамлекет ТУУРА ЖОЛДОГУ ХАЛИФАЛЫК МАМЛЕКЕТИН тикелөө зарылдыгын түшүндүрүүдөн турат.

Кайсы бир киши парламентти Ислам даъватына минбар кылып алуу үчүн парламент мүчөлүгүнө жете албаса, ал эч качан өкүнбөсүн. Анткени, бардык жер Исламга даъват кылуу үчүн минбар болууга жарактуу. Ал парламентке эле чектелип калган эмес. Көп абалдарда парламент мүчөлүгүнө жетип баруу мусулманды аста-секин мансапка кызыктырат да, аны Исламга даъват кылууда сабыр кылуудан жана Аллага калыс болуудан буруп жиберет.

Эй мусулмандар!

Акимдер Алла түшүргөн нерседен башка нерсе менен өкүм кылышса, аларды эсеп-китеп кылып тергөөнү жана Пайгамбар А.С. көрсөтүп берген жолдор аркылуу т.а. пикирий-саясий күрөш аркылуу аларды өзгөртүүнү Ислам бизге парз кылды. Эгер аларды өзгөртпөсөк, абалыбыз дагы да жамандашат жана Алла бизди бул дүйнөдө да, тигил дүйнөдө да азаптайт. Бул абалдарды өзгөртүү – наадандар, коркоктор же адаштыруучулар сүрөттөөгө урунуп жаткандай – мүмкүн болбогон иш эмес. Исламий үммөт Аллага тобокел кылса, Анын важып кылган нерселерин тикелесе, аларды өзгөртүүгө албетте кудуреттүү. Үмүтсүздүк силерди куфр түзүмдөрү алдында унчукпай турууга эч качан үндөбөсүн. Кыялый күрөштөр куфр түзүмдөрүн өзгөртүүдөн, исламий турмушту кайра баштоодон, Исламды дүйнөгө рисалат катары алып чыгуудан силерди эч качан буруп койбосун. Исламды дүйнөгө рисалат катары алып чыгуу, иншалла, мусулмандарды бир байрак астында, бир командачылык астында бириктире турган ХАЛИФАЛЫК МАМЛЕКЕТИ аркылуу ишке ашат. Ал мусулмандар өлкөлөрүндөгү ыдырап кеткен мамлекетчелерге чек коюп, бизди бул бузук түзүмдөрдүн зулумунан Исламдын адилеттигине алып чыгат, ошондо Исламды колдоно турган, жихадды эң бийик иш-амал кыла турган, Исламды бардык диндер, түзүмдөр үстүнөн үстөм кыла турган туура жолдогу бирден-бир мамлекетибиз ХАЛИФАЛЫК МАМЛЕКЕТИ болот. Алла Таала айтат:

وَيَوْمَئِذٍ يَفْرَحُ الْمُؤْمِنُونَ بِنَصْرِ اللَّهِ يَنصُرُ مَنْ يَشَاءُ وَهُوَ الْعَزِيزُ الرَّحِيمُ وَعْدَ اللَّهِ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ وَعْدَهُ وَلَكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ

– «Ошол күндө момундар Алла үстөм кылгандыгы себептүү шаттанышат. (Алла) Өзү каалаган кишини үстөм кылат. Ал кудурет жана ырайым ээси. (Бул) Алланын убадасы. Алла Өз убадасына тескери иш кылбайт. Бирок, көп адамдар билишпейт».  [30:4-6]

Хизбут-Тахрир

 23-сафар 1424-х.

25-апрель 2003-м.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here