Устатынан шакирти өтүптүр дегендей, канкор Каримовдон Мирзияев өтүп кетеби же …

371
0

بسم الله الرحمن الرحيم

 Устатынан шакирти өтүптүр дегендей,

Канкор Каримовдон Мирзияев өтүп кетеби же …

13-октябрь күнү Анжиян шаарынын Багишамал аймагында бир нече эркектери камалган үйлөргө орган кызматкерлери мыйзамсыз түрдө кирип, тинтүү жүрүзүшкөн. Кары-картаң энелер, ялдар жана жаш балдарды коркутуп, көзгө көрүнгөн буюмдарды көтөрүп чыгып кетишкен. Бул баскынчылыктын жана ал үйлөрдө өткөрүлгөн тинтүүнүн себептери туурасында же нерселерди эмне үчүн алып кеткендиктери туурасында үй ээлерине эч кандай маалымат берилбеген. Хишам ибн Хаким риваят кылат; “Күбөлүк беремин, албетте мен Расулаллах (с.а.в)дын ушундай дегенин уктум:

«إِنَّ اللَّهَ يُعَذِّبُ الَّذِينَ يُعَذِّبُونَ النَّاسَ فِي الدُّنْيَا»

«Аллах бул дүйнөдө башкаларды азаптаган кимселерди албетте азаптайт».

(Имам Муслим). Расулуллах (с.а.в) дагы ушундай деди:

«صِنْفَانِ مِنْ أَهْلِ النَّارِ لَمْ أَرَهُمَا: قَوْمٌ مَعَهُمْ سِيَاطٌ كَأَذْنَابِ الْبَقَرِ يَضْرِبُونَ بِهَا النَّاسَ…»

«Тозок калкынан эки топ бар мен аларды көрбөгөнмүн: бир коом болот алар менен уй куйруктарындай камчылар болот, алар менен адамдарды уруп, сабашат…». Бул хадисти Муслим Абу Хурайра аркылуу риваят кылды. Мисвар Набий (с.а.в)дын ушундай дегенин риваят кылды:

«مَنْ أَكَلَ بِرَجُلٍ مُسْلِمٍ أَكْلَةً فَإِنَّ اللَّهَ يُطْعِمُهُ مِثْلَهَا مِنْ جَهَنَّمَ، وَمَنْ كُسِيَ ثَوْبًا بِرَجُلٍ مُسْلِمٍ فَإِنَّ اللَّهَ يَكْسُوهُ مِثْلَهُ مِنْ جَهَنَّمَ…»

«Кимде-ким бир мусулманды жамандоо же ага азар берүү үчүн бир сугум тамак жесе Алла аны тозоктон ушул көлөмдө тамактандырат, кимде-ким бир мусулманды жамандоо же азар берүү үчүн бир кийим кийсе Аллах ага тозоктон ошол кийимдей кийиндирет.   Бул хадисти Абу Давуд жана Ахмад риваят кылды.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) үйлөрдүн урматы туурасында мындай деди:

«لَوْ أَنَّ رُجُلاً اِطَّلَعَ عَلَيْكَ بِغَيْرِ إِذْنٍ، فَخَذَفْتَهُ بِحَصَاةٍ، فَفَقَأْتَ عَيْنَهُ، مَا كَانَ عَلَيْكَ بِجُنَاحٍ»

«Эгер бирер киши сенин үйүңө уруксатсыз караса (кирсе), сен аны таш менен уруп көзүн чыгарып койсоң сага эч кандай күнөө болбойт». Бул хадисти Муслим Абу Хурайра аркылуу риваят кылды. Пайгамбарыбыз (с.а.в) дагы мындай деди:

«مَنِ اطَّلَعَ عَلَى قَوْمٍ فِي بَيْتِهِمْ بِغَيْرِ إِذْنِهِمْ فَقَدْ حَلَّ لَهُمْ أَنْ يَفْقَئُوا عَيْنَهُ»

«Кимде-ким башка бир коомдун үйлөрүнө алардын уруксатысыз карай турган (кире) болсо ошо коом үчүн анын көзүн уруп чыгарып коюуу адал болот». Бул хадисти Ахмад Абу Хурайра аркылуу риваят кылды.

Буга окшогон иштер мурунку залым президент доорунда адаттагы абал эле. Ал эми убактылуу президент ордунда иштеп жаткан Ш. Мирзияев саясатында бир нече туура кадамдарды таштоого аракет болуп жаткандыгынан, элде, өкмөттө болгондордун арасында шерменде болуштан уяла турган адамдар да бар экен деген пикирлер пайда боло баштаган эле. Бирок 13-октябрь күнү Анжиян шаарынын Багишамал аймагында болгон иш кайрадан адамдарды таң калтырып койду: бул залым президент доорунда үйрөнүп калган жамандыктардын жаңы бийликке “белек” катарында кылган ыпластыктарыбы же  убактылуу президент ордунда иштеп жаткан Ш. Мирзияев саясатындагы; “мурунку күндөрүңдү арзуу кылып каласың” деген маанидеги кылган ишиби?

Биз момунга материалдык зыян жеткирүү эмес, балким сөгүш да, жада калса жаман күмөн кылуу да арам деп билебиз. Ал эми аны өлтүрүү каапырлык. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Каъбаны таваф кылып жатып мындай деди:

«مَا أَطْيَبَكِ وَأَطْيَبَ رِيحَكِ مَا أَعْظَمَكِ وَأَعْظَمَ حُرْمَتَكِ وَالَّذِي نَفْسُ مُحَمَّدٍ بِيَدِهِ لَحُرْمَةُ الْمُؤْمِنِ أَعْظَمُ عِنْدَ اللَّهِ حُرْمَةً مِنْكِ مَالِهِ وَدَمِهِ وَأَنْ نَظُنَّ بِهِ إِلاَّ خَيْرًا»

«Сен кандай гана даңктуусуң (эй, Кааба!). Сенин зоболоң кандай гана бийик! Бирок чыныгы момун мусулмандын Жараткан Алланын алдындагы зоболосу сенден да жогору». Бул хадисти Ибн Можа Убайдуллах ибн Амр аркылуу риваят кылды.

Ошон үчүн биз мындай күмөндөбүз, б.а залым президент доорунда үйрөнүп калган жамандыктардын жаңы бийликке “белек” катарында кылган паскечтиги. Ал эми убактылуу президент ордунда иштеп жаткан Ш. Мирзияев саясатында мындай жийиркеничтүү иштерге чекит коюлат жена жаңыча саясат алып барылат деген үмүттөбүз. Муну эми келечек көрсөтөт.

Гариб.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here