АКШ разведка раиси: Сирия көйгөйлөрүн чечүү үчүн колубузда сыйкырдуу таяк жок

340
0

АКШ разведка раиси: Сирия көйгөйлөрүн чечүү үчүн колубузда сыйкырдуу таяк жок

АКШ Борбордук Разведка Башкармасы (БРБ) раиси Жон Бреннан Сирия көйгөйлөрүн чечүү үчүн анын мамлекетинин колунда «тез чечим же сыйкырдуу таякча жок»тугун айтты. Буга ал өз ара күрөшүп жаткан ички жана тышкы күчтөрдүн көбөйүп кеткени, мазхабпарасттык бөлүнүүлөрү о.э, репрессивдүү жылдарды себеп кылып келтирди. Өткөн шаршемби күнү Вашингтондогу «Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борбор»унда өткөрүлгөн ушул жыйында Бреннан «Мен коопсуздук маселелеринде алып барган 36 жылдык тажрыйбамда Сирия маселеси мен үчүн эң татаал маселе болду», деп кошумчалады.

Америкалык бул кызматкер Сирия көйгөйлөрүнүн тез арада чечилбегендигинин себебин «Өз ара күрөшүп жаткан жана тышкы күчтөрдүн көбөйүп кеткени, мазхабпарасттык бөлүнүүлөрү, Асад үй-бүлөсү шугулданып келген жана мамлекеттин демократияга болгон умтулууларын муздатып койгон репрессивдүү жылдар» менен байлады.

«Бүгүн көпчүлүк Американын ал жерге барып, ушул маселелердин көбүн чечүүгө алсыздык кылып жаткандыгына нааразы. Түпкүрүндө, мен да кана эми колубузда сыйкырдуу таякча болгондо эле, бул көйгөйлөрдү чечип койгон болот элек, деймин. Ушундай болсо да, Вашингтон жок дегенде мүмкүнчүлүктөр бар экендигине шүгүр кылууда», деди.

Кийин сөздөрүн «Кошмо Штаттардын Сирияда болуп жаткан гуманитардык кризиске жана кан төгүлүүгө чекит коюуу үчүн аракетин улантып жаткандыгы абдан жакшы. Бирок мен тан аламын, колубузда адамдарга зордоп тыгыштыра турган жана мажбур түрдө көндүрө турган чечим жок», деп улантты.

Ал Сирия көйгөйүн чечүү үчүн «бир нече жылдар керек болуш»ун айтып, мына буларды: «Араб жазы Жакынкы Чыгыш тарыхында жаңы баскыч болуп келе жаткан эле. Бирок демократия, экономикалык, саясий, социалдык ж.б тармактарда өз тамырын бекемдеп алганга чеин, алдында узак жол бар». (Ал-Жазира нет).

Роя газетасынын шархы:

БРБ раиси Жон Бреннандын сөздөрү бир нече маанилерди түшүндүрөт:

Биринчи: Ал Американын Сирия маселесинде туңгуюкта калганын, бул мамлекет Россиядан жардам сураганына жана Иранды, анын Хизбин ишке салганына карабай, өз саясатын зордоп тыгыштырууга дагы деле кудуреттүү болбой жаткандыгын айтууда. Туңгуюкта калганын ал «Колубузда Сириядагы көйгөйдү чечүү үчүн кандайдыр бир сыйкырдуу таякчабыз жок», деген сөзү менен билдирүүдө.

Экинчи: Анын «АКШнын Сирияда болуп жаткан гуманитардык кризисти жана кан төгүлүүлөрдү токтотууга аракет кылып жаткандыгы абдан жакшы», деген сөзү жалган. Анткени Шам калкынын көйгөйлөрүнө биринчи орунда жоопкер дал ушул Америка. Себеби аларга карата зулум кылып жаткан Башар Асад ушул Америкага тобе. Асаддын кылмыштарына шериктик кылып жаткан Иран да Америка саясатын кылып жатат. Өзүнүн учак жана ракеталары менен Шам калкын кырып жаткан Россия да ушул ишти Америка менен келишип алып, айрым кызыкчылыктар негизинде анын саясатын аткарып берүүдө. Америка башчылыгындагы коалиция учактарына Шам калкын кыруулары үчүн Инжирлик базасын ачып берген Түркия да ушул Америка саясатын ишке ашырып жатат. Американын Шам элин кырышы жана аларды качкынга айландыруу ролуна байланыштуу кептер саясий аналитиктерге же саясат менен иш жүзүндө алектенип жаткан кишилерге гана чектелип калган жок. Балким бул мамлекеттин Шам кыргынында кылып жаткан ролу карапайым адамдар үчүн да ачыкталып барууда.

Үчүнчү: Бреннан Сирия бороонун чечүү үчүн бир нече жылдар керектигин же Араб жазы узак жол экендигин айтып жаткандыгы, Америка өз саясатына адамдарды тизе бүктүрүү үчүн кыргын кылуу, ачка кылуу, качкынга айландыруу саясатын токтоосуз улантаарын билдирүүдө. Биз Аллах Таалага дуа кылып, аны ийгиликсиздикке учуратууну жана анын да башка бардык Ислам жана мусулмандар душмандарынын да айласын өздөрүнө кайтарып уруусун сурайбыз.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here