БУУ: Сирияда аскерий жеңишке жетишүүгө мүмкүн эмес

252
0

БУУ: Сирияда аскерий жеңишке жетишүүгө мүмкүн эмес

Сириядагы акыркы абал туурасында талкуу кылынган швед телеканалынын телеберүүсүндө телефон аркылуу Нью-Йорктон катышкан БУУ баш катчысынын орун басары Ян Элиассон Сирияда аскерий жеңишке жетишүүгө мүмкүндүк жок экендигин айтты. Бирок ушундай болсо да, Элиассон БУУ Сирияга байланыштуу аракеттерди уланта беришин билдирди.

“Беш ай аралыгында бир тарабы жеңишке жетем деп ойлоду. Ачык айтканда, бул (аскерий аракет) жыйынтык бербеди. Шек-күмөнсүз, Сирияда аскерий жеңишке жетишүүгө мүмкүн эмес. Саясий чечим табууга мажбурбуз”, деди БУУ өкүлү.

Элиассон Россия жана АКШ ортосунда Сирия маселелесине байланышкан сүйлөшүүлөрдүн токтотулуусуна баа берип, – “Биз абдан чоң ийгиликсиздикке дуушар болдук. Анткени, АКШ жана Россия келише албаган соң, БУУ Коопсуздук Кеңешинде биримдикке жетишүү мүмкүн эмес”, “АКШ жана Россия ортосундагы Сүйлөшүүлөрдүн токтотулушу чоң ишенимсиздик бар экендигинин белгиси. Бирок биз олутту аракеттерибизди улантышыбыз керек. БУУ иш-аракеттерин улантат, биз чегинбейбиз”, деп сүйлөдү.

БУУнун Сириядагы “тынчтык” иш-аракеттери ийгиликке жетиши үчүн үч тармакта келишим түзүлүшү шарт экендигин билдирген Элиассон сөзүн мындай деп улады: – “Бул тармактардын бири Россия жана Америка ортосундагы келишим болсо, экинчиси Саудия Арабия, Түркия жана Иран сыяктуу аймактагы күчтөр ортосундагы келишим. Үчүнчүсү болсо Сирия режими жана оппозиция ортосундагы келишим. Бул үч багыттын кайсы биринде болбосун, ишенимсиздик бар болсо согуш дагы да созула турган болот. Бул болсо Сирия үчүн да аймактагылар жана бүткүл дүйнө үчүн да чоң катастрофа”.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here