Песков: Америка болбосо Сирияда согуш кыла албайбыз
Кремл басма-сөз катчысы Дмитрий Песков Сирияда терроризмге каршы жемиштүү күрөш алып барыш үчүн АКШ менен кызматташтык кылыш керектигин билдирди. Песков: Россия АКШ менен кызматташтык кылбаса, Сирияда эч кандай ийгиликке жетишүүсү мүмкүн эмес.
“Биз кызматташууга даярбыз. АКШ менен кызматташпай туруп, Сирияда терроризмге каршы жемиштүү күрөш алып бара албай калышыбыз мүмкүн. Бирок бул тармакта маселе америкалык кызматташтарга барып такалууда”, деди Москвада пресс-конференцияда сүйлөгөн Песков.
Песков журналисттердин “Сирияда Россия жана АКШ кызматташтыгы кайта тикеленеби”, деген суроосуна “бул суроону америкалык кызматташтарыбызга бериш керек”, деп жооп берди.
Башка тараптан Россия парламенти жогорку палатасы федерациялык кеңешинин эл аралык иштер комитетинин башчысы Константин Косачев Сирияда качан мыйзам үстөмдүгү орносо, ошондо гана Россия Сириядан чыгаарын билдирди.
“Биз Сириянын ички иштерине эч аралашпайбыз. Сирияда мыйзам жана эрежелер үстөмдүгү камсыздалганда гана Россия ал жерден чыгат”, деди Косачев.
Буга чеин Россия жана Америка ортосундагы Сирияга байланышкан сүйлөшүүлөрдүн токтотулганы жарыя кылынган эле. Бул туурасында АКШ тышкы иштер министрлигинин катчысы Жон Кирби тарабынан берилген жазма баянат аркылуу маалымдалган. Кирбинин баянатында, Россия Сирияда ишке ашырам деп берген убадаларында ийгиликсиздикке учураган.
Россия Сирияда аскердик кыргындарды баштаганына бир жылдан ашты. Адам укуктары уюмдарынын маалымдашынча, Россиянын аба чабуулдары айынан миңдеген жай тургундар өлгөн.