Түркиянын Сирияга аралашуу деңгээли

292
0

Түркиянын Сирияга аралашуу деңгээли

 Ушул жылдын 24-августунда түрк учактары Сирия аба майданын бузуп кирди жана Жараблус аймагындагы буталарды бомбалады. Андан соң Түркиянын Каракамыш аймагында топтолуп турган турган 1500гө жакын Сирия Азаттык армиясынын согушкерлери “Ефрат коргону” деп аталган операцияда Түркия чекараларын кесип өткөн. Баса, Түркиянын бул чабуулу АКШ президентинин орунбасары Жо Байдендин Түркия жерине кадам таштоодон алдын башталганы көңүлдү бурат. Бул Түркия акимдеринин АКШ администрациясына канчалык берилгендигин көрсөтүүчү кадам болот.

Байден да, Түркия премьер-министри Бин Али Йылдырым менен берген пресс-конференциясында Түркиянын ушул согуштук иш-аракеттерине канаатангандыгын билдирип, мындай деди: «Биз бул ишти жакшылап аныктап алышыбыз керек: Б.а Демократиялык Союз күчтөрү Ефраттын башка жээгине (чыгыш жээгине) өтпөшү керек. Анткени алар эгер биз койгон шарттарга макул болушпаса, АКШ колдоп-кубаттосуна жетише алышпайт». (Арабия Жадид 2016-жыл 24-август). Өз учурунда Йылдырым да “Сириядагы АКШ колдоосу астында өткөрүлгөн согуштук аралашуу күрд калкын коргоочу милиция  согушкерлери Ефрат дарыясынын чыгышына кайтканга чеин уланат”,- деди. (Арабия Жадид 2016-жыл 24-август). «Ак үй» маалымат катчысы Жош Эрнест да мындай деди: «Кече шаршемби күнү Сириядагы Жараблус шаарында ИШИМ уюмуна каршы Түркия баштаган «Ефрат коргону» операциясы Анкаранын өз күрөшүндө көрсөткөн маанилүү колдоосу о.э бир мисал боло алат» (Халиж онлайн 2016-жыл 25-август).

Жо Байден Туркиядан кеткенден кийин, 25-август бейшемби күнү Стокголмдон туруп, Түркия күчтөрү ушул мамлекеттеги «Исламий Мамлекет» уюмун жеңүү үчүн канча убакыт талап кылынса, ошончо убакыт Сирия жерлеринде калууга даяр экендигин айтты. Швеция борбору Стокгольм сапарында берген пресс-конференциясында ал – Вашингтон жана анын НАТОдогу союздаштары, Европа Союзу азыркы учурда Сирияда саясий өткөөл доору маселеси үчүн чечим издеп жаткандарын билдирди. (Россия Сегодня 2016-жыл 25-август). Бул дегени Түркиянын Ефрат коргону операциясын баштоо АКШ талабы жана макулдугу негизинде болгон. Түркиянын бул ролду аткаруусу үчүн алдын ала даярдык көргөнү анын абалкы позицияларынан улам билинип калган эле жана мындай болоорун биз мурун эле айтканбыз. Муну менен бирге, Албетте Түркия АКШнын колдоосу астында Россия жана Иран о.э Сирия менен да келишип алган.

Түркия бул согуштук аракети туурасында өзүнүн коргоо министри Фикри Ишик оозунан да айттырган эле. Ал жергиликтүү телевидениелердин бирине интервьюсунда бул иштер негизги эки максатты көздөп согуштук аракет баштаганын айтты. Биринчиси, Түркия чекаралары коопсуздугун камсыздоо, экинчиси, «Исламий Мамлекет» уюму аймактан кууп чыгарылгандан кийин Демократиялык Союз күчтөрү менен Күрт Коргоо отряддарынын ал жерге кирбешин алдын алуу деп айтты. Кийин «Биз ал жерде Сирия Азаттык армиясы аймакты толук өз көзөмөлүнө алганга чеин укуктуубуз, тилеке каршы азырынча Сирияда бирер мамлекет жок, Түркиянын Сирия жерлеринин биримдигин сактоо позициясы анык жана бекем» экендигин кошумчалады. Түркия коргоо министри шашылыш билдирүү жасап, «Демократиялык Союз партиясы өз кошуундарын Ефраттын чыгыш райондоруна алып чыгып кетиши шарт, биз алардын эң кеминде эки апта ичинде чыгып кетиши керектигин АКШ менен келишип алганбыз, азыр бир апта өттү, бул күчтөр аймакта кагылышуулар болбостугуна маани берүүлөрү керек о.э «күрт күчтөрү менен ИШИМ уюму муну жакшы түшүнүүсү зарыл, болбосо, Түркия бул абалда керектүү чара көрүүнү баштайт». Кийин коргоо министри анын мамлекети АКШ жана Россиянын бул иши туурасында алдын ала кабардар кылганын, кийинчерээк Иранга да маалымдаганын жана Түркия Сирия режими менен түздөн-түз мамиле кылбагандыгын кошумчалады. (Түрк Пресс 2016-жыл 25-август).

Түркия баштаган согуштук аракеттин Жараблус аркылуу болгондугунун эч кандай таңкала турган жери жок. Анткени Эрдоган жана анын өкмөтү адамдар көңүлүн «Исламий Мамлекет» уюму Түркияны камтып алуучу коркунуч деген нерсеге бурууга болушунча аракет кылса да, бирок бул убакытты жана чоң иштерди талап кылууда о.э Эрдоган менен анын партиясынын абройуна зыян жеткирүүдө. Маселен, Газиантеп бомбалоосунан каза болгондорго мечитте жаназа окулгандан кийин намазканалардан «Эрдоган киши өлтүргүч», деген кыйкыруулар жаңырган. Бул болсо «Исламий Мамлекет» уюму ар бир иши ачык эле көзгө көрүнүшүн жана жашырууга мүмкүн эместигин түшүндүрөт. Мунун үстүнө Америка да шашылып жаткандай, Түркия аралашууга абдан муктаж. Ошон үчүн Түркиянын өз аралашуусун акташ үчүн күрттөр атынан пайдаланып жатканы Түркия армиясында күч алган улутчулдук туйгусуна дал келет. Ушундан улам да Түркия коргоо министри Ишик жогорудагы  берген интервьюсунда операциянын «Ефрат коргону», деп аталышына өзгөчө маани берип, «түрк куралдуу күчтөрү бул тармакта чоң тажрыйбага ээ, операцияга Ефрат коргону, деген ат берилиши да кооз болуп, түрк саясий каалосун көрсөтөт. Ишенемин аскерлерибиз бул аталышты Эрдоганга сунуш кылышкан, өз учурунда ал да бул аталышка макул болгон», деди. Эми эмне үчүн Ефрат экендигине келсек, мунун себеби Түркия Сирия түндүгүндөгү күрттөр көзөмөлү астындагы аймакка кызыл сызык тарткан. Мындан алдын болсо Түркия буфердик зона болушун талап кылган эле. Буфердик зона Эъзоз шаарынан Жараблуска чеин жана аягы Баб шаарына чеин созулуп, 110 километр (Сирия жерине 65 километр ичкери) жана Сириянын чыгыш, батышындагы күрттөр аймагына байланбастыгын камсыздайт. Америка Демократиялык Сирия күчтөрүн түзгөн. Түркия бул күчтөрдөн б.а негизинен күрттөрдөн түзүлгөн бул күчтөрдүн Ефрат дарыясынан кечип өтүшүнөн чочуй турган болуп калды. Америка Манбаж согушунда ушул күчтөргө зарылдык сезгенде болсо, Түркия буга сүкүт кылды жана согуштук иштер бүткөндөн кийин Манбаждан чыгып кетүүлөрүн шарт кылды. Бирок АКШнын Түркияга Сирияда мутаждыгы жана Түркиянын ал жерде аскерий иштерди алып барып жатканы болсо Түркиянын буфердик зона маселесин реалдуу окуяга айландырууга карай бара жаткандыгына далалат кылат. Мисалы, Аль-Жазира корреспондентинин Сирия куралдуу оппозициядагы булактарына таянып кабар беришинче, «бул оппозициядагы жалгыз күч түрк атайын күчтөрүнөн эки жүз эсе көптү түзөт жана аларды элүүгө жакын брондолгон машина коштойт». Булактардын айтышынча, «түрк атайын күчтөрү эки кыштак, б.а Иморана жана Юсуфбек кыштактары айланасында күрт күчтөрүнүн негизги өзөгү болуп эсептелген Сирия Демократиялык күчтөрү менен согушка киришкен жана кийинчерээк ушул «Ефрат коргону» эки кыштакты да өз көзөмөлүнө алган…». Куралдуу оппозициянын айтышынча, алар ИШИМ менен кагылышуулар артынан Чыгыш Халабдагы Жараблустан батыш тарабындагы алты айылды өз көзөмөлүнө алышкан. Алар Халвания, Талли-Шаир, Хамирул-Ужож, Бийри-Тахтаний, Бийри-Фавканий жана Турайхам айылдары. О.э, Баб аймагына караштуу Роий шаары жайгашкан эки кыштакты да көзөмөлүнө алышкан. Бул болсо оппозицияга Жараблусту Түндүк Халабдагы Роий шаары менен байлап алууга, кийин болсо Түркия менен Сирия ортосундагы бардык аймактарды көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк жаралат дегени. (Ал-Жазира нет 2016-жыл 27-август).

Булар Американын өзүнүн малайы Эрдоганга буфердик зонаны сыйлык кылып берип жатканын, Түркия болсо мунун ордуна келечекте Сирия түндүгүндөгү согушкер топторду өз көзөмөлү астына алуу ролун ойнойт. Б.а бул согушкерлер Сирияда Түркия коргоосуна өтүүлөрүн, бул менен өз алдынча чечим кабыл ала албай калыштарын түшүндүрөт. Буга кошумча, бул топтор, түпкүрүндө, башынан эле сырткы мамлекеттердин жардамына байланып калышкан. Андыктан, алардын жардамынан үзүлүшпөгөн соң, эртеби-кечпи АКШнын Сириядагы планына ылайык аракеттеништери анык. Эрдогандын Түркиясы болсо алардын бул аракеттеринин кепилине айланат. Эгер бул согушкер топтор ойлонуп, Шам козголоңу маселесин терең карап көрүшсө эле, ушуну билип алган болушаар эле, бул тил бириктирүүлөр да, коркоктор тагдыры да бир, ал да болсо качып кутулгус жыйынтык. Шам козголоңу болсо темир устанын барсканы сыяктуу ыпластыктан тазаланып, өзүнүн тазалыгына кайтат. Расулуллах A «Аллахтын эң сүйүктүү жери – Шам, Шамда Анын тандалган калкы жана тандалган пенделери болоору» туурасында айткан.

Абдуллах Махмуд калемине таандык

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here