Нетаняху: Палестинаны Халифалык мамлекетинен куткарганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз

288
0

Нетаняху: Палестинаны Халифалык мамлекетинен куткарганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз

Өткөн шаршемби күнү Нью-Йоркто Австралия премьер-министри Малкольм Тернбулл менен учурашкан Израил премьер-министри Бинямин Нетаняху Палестинаны Халифалык мамлекетинен тартып алган Австралияга ыраазычылык билдирүү Израилдин милдети экендигин айтты. Бул туурасында Израил премьер-министри тарабынан жазылган билдирүүдө маалымдалды.

“Австралия аскерлеринин аракеттери аркылуу мамлекетибиз (Палестина) Халифалык мамлекети колунан чыкты. Мамлекетибизди алардан куткаргандыгыңыз үчүн силердин алдыңарда карыздарбыз. Бул абдан чоң окуя. Менимче тарыхтагы эң акыркы кавалериялык чабуул мына ушул болсо керек”, деди Бенямин Нетаняху Австралия премьер-министри Малкольм Тернбуллга.

Билдирүүдө келишинче, Тернбулл Нетаняхуга жооп берип “Ооба, туура. Эң акыркы кавалерлердин чабуулдары  Биърус-сабъа аймагында ишке ашырылды. Мен бул жерге барам”, деди.

Биърус-сабъа шаары англис кошуунундагы “Анзаc” атту күчтөрдүн 1917-жылда ишке ашырган чабуулдары артынан жүзөгө келген согуштардан кийин Халифалык мамлекетинин колунан чыккан. Ошол күндөн баштап 1948-жылга чеин Британия мандаты көзөмөлү астында калган шаар бүгүнкү күндө Израил өкүмдарлыгы астында эзилүүдө.

Азыркы Израил жерлерин да өз ичине алган тарыхый Палестина жери 1517-жылда Халифалык мамлекетине караштуу жер болчу. 1917-жылда Британия аскерлери тарабынан Палестина басып алынгандан кийин ал жердеги Халифалык мамлекетинин  өкүмдарлыгы бүткөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here