Кыргыз өкмөтүнүн айла-амалдары

293
0

Кыргыз өкмөтүнүн айла-амалдары

Кыргызстан акимияты мамлекетте күтүлүп жаткан саясий кризис алдында мусулмандарга каршы чалгытуучу провакациялык аракеттерди баштоодо. Бакиевдин режими да кудум ушундай кылып, шайх Мухаммад Рафик Камаловду атып өлтүргөн

Туркистон:

Бакиевтердин режими, Атамбаевдикинен бир канча күчтү эле. Бирок ага карабастан ал күтүлбөгөн абалда тез жана кыска мөөнөттө оодарылды. Кээ бирлер муну мусулмандардын өзгөчө Рафик кары Камаловдун каргышына калганы менен байлап, Аллахтын динине каршы чыккандыгынын себеби дешет.

Эскерте кетсек, 2006-жылдын 8-август күнү Жаныш Бакиев тарабынан уюштурулган атайын операция убагында Карасуу районунун башкы имам хатиби шайх Рафик Камалов, Ош шаарында Өзбек жана Кыргыз атайын органдары тарабынан атып өлтүрүлгөн эле. Бул өлтүрүүнүн артынан алар да жүздөгөн мусулмандарды экстремист, террорист деп камай башташкан. Ар качан жетекчи режим өкүлдөрү качан саясий кризиске учурай баштаганда, Ислам жана мусулмандарды мамлекет үчүн коркунучтуу кылып көрсөтүүгө аракет кылып көрүшөт.

Атамбаев, кыргыз элитасын экиге бөлүп жиберди. Өзү бир четке чыгып алып, бир элита өкүлдөрүнүн бир нече бөлүктөргө бөлүнгөн күчтөрдүн ортосундагы күрөш натыйжасын күтүп жатат. Бул күрөш барган сайын алар үчүн тагдырий күрөшкө айланып барууда. Алар бир нече бөлүктөргө бөлүнүп алышты. Призидент тараптагылары үчүн Атамбаев бир байрак сыяктуу болуп калды. Анын кубаты жана таасири күн сайын алсыздап барууда. Призидент тараптагылар болсо өздөрүнө каршы тараптардын саясий кубаттары алдында абдан эле алсыз болушууда. Күчтүү саясий жана аскердик фигуралар бири артынан бири оппозиция күчтөрү тарабына өтүп кете баштады. Башка мамлекет жетекчилери да четте туруп, расмий жетекчи топ тарабына бир кадам да баспай экиленип туруп калышты. Тажрыйбасы жок жана саясий өтө алсыз башкаруудагы өкүлдөр, бул кармашуудан жеңип чыкса аларды эмнелер күтүп жатканын түшүнүшүүдө.

Ошон үчүн бул тажрыйбасыз жетекчилер, Өзбекстан жана Тажикстан сыяктуу он жылдап тикеленген режимдик мамлекеттер ишке ашыра албай жаткан иштерди пландай башташты. Алар атын жашырган бир ИИМДин 10-бөлүмүндө иштеген орган тарабынан 18 жашка чыга элек мусулмандарды мечитке киргизбөө сунушу менен чыкты. Бул сунуш өкмөт тарабынан атайын көтөрүлгөн провакацияга чакыруу максатындагы популисттик жана чалгытуучу манёвр болду десек туура болот. Максаттары мечиттерди милиция көзөмөлү астына алуу менен мусулмандардын жинине тийүү. Алар мусулмандар тарабына өкмөткө каршы бирер бир каршылык болушун күтүшүөт. Балким катуурак кеңири масштабдагы каршылык акцияларын кылышын үмүт кылышат. Максаттары, мамлекетте ИИМдин жана аскерий күч структураларынын таасир кубаттарын дагы да күчөтүп алуу.

Жакында, ички иштер министри Кашкар Жунусалиевдин өз ыктыяры менен иштен кетирүүсүн суранып арыз жазганы да ушул максаттарга далалат кылат. Министр өз арызынын себебин, менден айрым бир жарандардын мыйзамсыз камакка алышымды талап кылып жатышат деген мааниде түшүндүрдү.

 Министрликке Сүйүн Өмүрзаковду алып келүүнү пландаштырышууда. Өмүрзаков азыр Атамбаевчилер командасынын ишеничтүү өкүлү. Ал мурун Бакиевчилер менен бирге эле. Бакиевдин акыркы күндөрүнө чеин ал тарапта болуп, кийин Москва шаарына качып кеткен. Ал жерден өз жерине Мэлис Мырзакматов Ошту жетектей баштаганда кайтып келген. Өмүрзаковдун азыркы абалы да мурунку абалына окшоп турат. Ал дагы азыркы президентке болушунча жабышты. Президенттин жана анын айланасындагыларды ыраазы кылуу үчүн, бул президенттин тагдырына да өз тагдырын байлап алды. Өмүрзаков үчүн Илмиянов, Ниязов сыяктуу артка жол калбады. Президенттин бул командасы, тажрыйбасыз, эл аралык жана жада калса ички саясатта да абройу жана таасири жок болушуна карабай, өз жандарын сактап калуу үчүн болсо да тиш-тырмагы менен жетекчиликти сактап калыш үчүн аракет кылышат.

Өздөрү ушундай абалда болуп туруп, Ислам жана мусулмандарга каршы күрөш башташмакчы. Бул куфр системасынын дүйнөдө алып барып жаткан ыкмасы болгондуктан, булар да ушул багытты тандашмакчы. Орган кызматкерлерин бүтүндөй өз колдоруна алышууда. Сот жана прокуратуранын кайсыл бир бөлүктөрү да булардын таасирлери астында. Демек, мусулмандарды коомдо коркунучтуу кылып көрсөтүү ишин баштоого даярданышууда.

Бул үчүн алар мусулмандардын кыжырын келтире турган иштерди башташты. Кийин мусулмандар акы-укуктарын талап кылып, орган кызматкерлери аларды мечиттен тоскондуктарына каршылык кыла башташкандарында, өздөрү  т.а күч органдары кайрадан жардыруу иштерин арты-артынан кыла башташат. Анткени мусулмандарды мечиттен тосуу Кыргызстанда керексиз жана ишке ашырууга мүмкүн эмес болгон ыкма. Бул ыкма бир гана провакация кылуу максатында ишке ашырылышы мүмкүн.

Эс учуна келип калышса бул ыплас максаттарынан баш тартышат. Куфрдун креслолору бизге кереги жок. Өзүңөр бири-бириңер менен куфр ыкмалары жан мыйзамдарына ылайык талаша бергиле. Жок жерден биз мусулмандарды ортолоруңарга тыгыштырып, мамлекеттин бөлүнүп-жарылуусуна себепкер болбогула. Эч болбосо тарых жана келечек урпактар алдында абройлоруңарды сактап калгыла.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here