Израилдик мурдагы командачы Израиль армиясын сындады

289
0

Израилдик мурдагы командачы Израиль армиясын сындады

Израилдин Герцлия шаарында уюштурулган конференцияда сөзгө чыккан Израиль Борбордук командачылыгынын отставкадагы жетекчиси генерал-майор Гади Самни Израиль армиясынын Батыш Жээкте жүргүзүп жаткан саясатын сындады. Гади Самнинин айтымында, Израиль армиясы Палестинанын карапайым калкы менен алек болууну токтотуп, чыныгы коркунучка каршы туруу үчүн даярдык көрүшү керек. Бирок, Самни “чыныгы коркунуч” эмне экендигин ачык айтпады.

Ал: “Биз баскынчылык боюнча дүйнөнүн чемпионубуз! Мен да Борбордук командачылыктын жетекчиси катары баскынчылыктын генералы болгонмун. Баскынчылыкты бир өнөржай деңгээлине алып чыктык. Эми силерге: Биз каалаган нерсе ушул беле? — деген суроо менен кайрыламын. (Батыш Жээкте жайгашкан) армиянын эки жарым миллион жаранды көзөмөлдөө менен убара болушу, аны чыныгы коркунучка каршы даяр туруудан тосуп коюуда. Ахлактык баалуулуктары жана аскерий кубаты аянычтуу абалга түшүп калган армия мамлекеттик саясатчылардын алдында кум толтурулган баштыктарга айланып калды”, — деди.

Израилдик маалымат каражаттарында чыккан кабарларга таянсак, Гади Самни Израиль таштай турган ар бир кадам, палестиналыктардан айырмалуу түрдө, стратегиялык максатка кызмат кылышы керектигин айткан.

Израиль башкы штабынын жетекчилигине талапкер катары таанылган Самни 2012-жылы отставкага чыгып, аскерий тармактан кеткен эле. Ал бир топ убакыт борбордук армиянын жетекчиси катары Батыш Жээкте орношкон Израиль армиясын жетектеп турган.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here