Өзбек режими эл аралык саясат алдында үстүнөн чыгарылуучу өкүмдү күтүп турат

274
0

Өзбек режими эл аралык саясат алдында үстүнөн чыгарылуучу өкүмдү күтүп турат

Туркистон

Өзбекстан режими Каримов өлгөндөн кийин эл аралык саясатка көз каранды болуп туруп калды. Ал Каримовдун башкаруусу учурунда ички оппозициялык күчтөрдүн бирин да эркиндикте калтырган эмес. Каримов Андижан окуясынан кийин мамлекеттик эмес уюмдарды жана Батышка караштуу маалымат каражаттарын кууп чыккан эле. Демек, ички саясат жабык эшик абалында болгон соң, ичкериден кооптонууга негиз жок.

Бирок, кууп чыгарылган оппозициялык күчтөрдүн дээрлик бардыгы Батыш дүйнөсү жана эл аралык коомчулуктey көзөмөлү жана  карамагы астында сакталууда. Алар өзбек режими үчүн күчтүү жана кооптуу алтернативдик кубат болуп эсептелишет. Ошого карабастан, өзбек оппозициялык күчтөрүнүн тынчтык жолу менен бийликке келүү мүмкүнчүлүгү жок.

Бирок, эл аралык саясаттын жетекчилери Өзбекстандын ички саясатын өзгөртө алышы мүмкүн. Алар азыр бири-бири менен келишүүгө аракет кылып жатышат. Режимди сактап калууну ыктыяр кылышса, Россия менен өзбек режими катуу кызматташа баштайт. Себеби, азыркы абалда Батыш дүйнөсү өзбек режимин ачык колдой албайт. Т.а. өзбек режимине карата Батыш дүйнөсүндө жасалма болсо да идеологиялык душмандык бар. Бул душмандык өзбек режимине оппозицияда болгон күчтөрдү кармап туруу үчүн аларга өтө маанилүү. Ошондуктан, алар Каримовду жайына узатуу ырасымында катыша алышпады.

АКШ болсо Россиянын Өзбекстандагы кызыкчылыктары өтө күчтүү экенин жакшы билет. Россия өзбек режимин сактап калуу менен аны мурункудай көз каранды кылуу үчүн катуу аракет кыла баштады. Бирок, бул ишти АКШнын ыраазылыгы жана колдоосу менен гана ишке ашыруу мүмкүн экендигин Россия жакшы билет. Антпесе, АКШ эл аралык саясаттагы таасирин пайдаланып, өзбек режиминен демократиялык реформаларды талап кыла баштайт. О.э. өзбек оппозициялык күчтөрүнүн маалыматтык согушун күчөтүп жиберет. Натыйжада, Өзбекстанда нааразылык күчөп, бүт регион согуштук абалга келип калышы мүмкүн.

Андижан окуясынын да, Ош окуясынын да артында Россия турат.  Максаты, өзбек режимин тизгиндеп алуу болчу. Ар дайым Борбор Азия мамлекеттери кыйын абалга түшүп калганда Россия аларга жардам берүүгө шашылат. Россиянын эл аралык саясатта таасири күчтүү болбогондуктан, ал ар дайым жардыруу иштери жана фитнакечтик уюштуруу аркылуу жарандык согуш пайда кылууну сунуштайт. Андижан кыргыны да, Ош окуясы да, Кыргызстан президенттеринин эки жолу күч менен алмаштырылышы да Россиянын кеңеши жана жардамы менен уюштурулган эле.

Бул сыяктуу кандуу иштер режимдер үчүн кандай пайда алып келиши мүмкүн? 1999-жылы Путин өзүнүн кылмыштуу тобу менен кудум ушундай террордук иштерди уюштуруу аркылуу бийликке келген эле. Андан соң Чеченстанга согуш баштады. Ушул ыпылас аракеттердин бардыгы, режимди алып кирүү, анын кубатын бекемдеп алуу о.э. Ельциндин режимин четтетип жиберүү үчүн болгон. Бул жетекчи топтордун алмашуусу эл аралык саясатта келишилген иш болгондуктан, бүт дүйнө аларга тоскоолдук кылбай күтүп турду. Өзбек режиминин тагдыры чечилсе жана аны сактап калууну ыктыяр кылышса, анда бүтүндөй Батыш дүйнөсү бир четте туруп, кудум колдорунан эч нерсе келбегендей, бир катар популисттик билдирүүлөр менен чектелишет. Себеби, Андижан окуясынан кийин да алсыз болуп көрүнүшкөн.

 Ошондуктан, Өзбекстандын канкор режими да Россиянын көзүн карай баштады. Азыр алар режимди сактап калуу үчүн бардык ишке ыраазы болушат. Жардыруу  иштерине, жарандык же улуттар аралык согуштарга жана жасалма диний козголоңдорду уюштуруп, мусулмандарга каршы зулумду улантууга да даяр турушат. Алар ушул аракеттерди албетте жасалма коркунучтарды жана Андижандагы сыяктуу жасалма нааразылыктарды уюштуруу менен ишке ашырышат.

Ушул орунда: “Тынчтык жана демократияны күчөтүү жолу менен болбойбу?” — деген  суроо пайда болот. Андай болбойт окшойт. Себеби, Каримов өзүнө мураскор катары бир да саясатчы калтырбады. Тышкы саясатта, ал тургай, ички саясатта да бирер саясатчынын баш көтөрүшүнө мүмкүнчүлүк бербеди. Режим өкүлдөрү болсо, болгоун Каримовдун бардык жийиркеничтүү иштерин аткаруучулар. Калк буларды кечирбейт. Режим өкүлдөрү калкка жеңилдикти бериши менен калк алардын өздөрүнө чабуул кыла баштайт. Алар Каримовду Ататүрк сыяктуу көсөм кылышмакчы. Эгерде тынчтык жолу менен башкаруу системасын өзгөртүүнү максат кылышса, анда бардык айыпты Каримовго жабыштырышы керек болот. Бул болсо, алар үчүн кырсыктуу жол. Себеби, калк режим менен Каримовду айырмасы жок бирдей кылмышкер жана канкорлор деп билет.

“Төөнү сел алса, эчкинин аягын асмандан көр”, — дегендей, Өзбекстандагы абал бизди т.а. кыргызстандыктарды да тынчсыздандырууда. Себеби, куфрдун жасалма чегараларын эсепке албаганда, ортобузда эч кандай тосук жок. Т.а. менталитетибиз, жашоо шартыбыз, үрп-адаттарыбыз, динибиз бир болуп куда-сөөк болуп кеткенбиз. Ушулардын бардыгын эч кандай чегара менен тосо алышпайт.

Эми режим куласа же алсырап калса ортобуздагы чегараны ким кайтарат? Ал өзүнөн-өзү ачылып кетет. Демек, Өзбекстандын аймагындагы ар кандай толкундоо, кошуна мамлекеттердин да проблемасы болуп эсептелет. Себеби, жогорудагы проблемалар жүз берсе, бүтүндөй  регионго жайылып кетиши мүмкүн. Каримовдон кийинки диктаторлор Э. Рахмон менен түркмөнбашы Бердимухаммедовдордун Каримовдун жаназасындагы активдүүлүгү да ушуга ишара кылат. Т.а. авторитардык режимдеги кошуна мамлекеттер Өзбекстанда туруктуулукту сактап калууну, өздөрү үчүн маанилүү маселе деп билишет. Өзбекстандагы туруксуздук алардын режимдери үчүн да коркунуч туудурат.

Ушул абалдан келип чыгып, региондогу мусулмандарга кайрылабыз!

Региондо исламий мухит күчөп барууда, Алхамдулиллах! Ар кандай соо-саламат жана бузуку күчтөр кудум ушул исламий кубатка таянып, мусулмандардын туйгуларын козгоо менен мамлекетке кирип келүүгө аракет кылышат. Биз мусулмандар бүгүнкү күндө сергек болуп, саясий аң-сезимдүү дүйнө караш менен саясий кырдаалга туура баа беришибиз керек. Куфр системасы же анын малайлары мусулмандарды чалгытуу үчүн Өзбекстанга кирип барышы мүмкүн.

Жакшы билип коюшубуз керек болгон нерсе, биздин душманыбыз куфр системасы болчу. Алар ушунча жылдардан бери Каримовду, Путинди, Рахмонду жана башка бир катар чыккынчы жетекчилерди пайдаланып, алардын колу менен Ислам жана мусулмандарга сокку берип келе жатышат. Режимдерди пайда кылып, региондордо исламий аракеттерди, ал тургай, ырасымдарды да бастырып турушат. Эгерде куфр системасы буларды колдоп турбаганда,  Каримов да, анын режими да, керек болсо, бир апта да зулум кылып тура албайт эле.

Эй мусулман боордоштор, эсибизден чыгарбайлы, Каримовдун ордуна жаңысы келе жатат. Аныгыраагы, аны куфр системасы алып келе жатат. Алардын башка чарасы жок. Жаңы диктатор да Каримовго окшоп “Ислам мамлекетин куруп беремин” деп айтышы мүмкүн. Ал дагы жумшактык менен адилеттүү болуп көрүнүүгө аракет кылат. Эми алдана бербейли. Улутчулдук, мекенчилдик, демократияны өнүктүрүү, куралдуу козголоңдор сыяктуу арам иштерге чакырышат. Кырдаалга карай дагы алакада болобуз, инша Аллах.

Ассаламу алайкум.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here