Кытай Кыргызстан менен терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыкты күчөтөт

258
0

Кытай Кыргызстан менен терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыкты күчөтөт

Кытай тышкы иштер министрлигинин өкүлү Хуа Чуньиндин билдиришинче, Бишкектеги Кытай элчиканасында уюштурулган жардыруудан кийин Кытай өкмөтү Кыргызстан менен жана региондогу башка мамлекеттер менен терроризмге каршы күрөш боюнча кызматташтыкты күчөтөт.

 Белгилүү болгондой, 30-август күнү Кыргызстандагы Кытай элчиканасында жардыруу болгон эле. Мамлекеттик маалымат каражаттарынын кабар беришинче, террорист машина менен Кытай элчиканасына кирип барып өзүн-өзү жардырып жиберген.

 “Терроризм дүйнөлүк коомчулуктун жалпы душманы о.э. регион үчүн өтө олуттуу коркунуч болуп эсептелет. Кытай да терроризмден зыян тартып келет. Кытай терроризмдин ар кандай көрүнүшүн жок кылуу, башка өлкөлөрдөгү өзүнүн мекеме жана кызматкерлерин коргоо о.э. региондогу коопсуздукту камсыздоо үчүн, Кыргызстан жана башка мамлекеттер менен эки тараптуу келишимдердин негизинде о.э. ШКУнун алкагында терроризмге каршы күрөшүү боюнча кызматташтыкты күчөтөт”,- деди Хуа Чуньин.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here