Гардиан: БУУдан Асад режимине финансылык жардам

311
0

Сирияда 2011-жылы башталган козголоң себептүү жүз миңдеген адамдар өлүп, миллиондогон адамдар качкынга айланышына себепкер болгон жана учурда эл аралык санкцияларга дуушар болгон Асад режиминин БУУдан финансылык жардам алгандыгы айтылууда. Бул тууралуу Британияда чыгуучу Гардиан гезити кабарлады. Ал кабарда келишинче, БУУга караштуу жардам фонддору бир нече жылдардан бери Асад үй-бүлөсүнө тийиштүү бир нече фонддорго миллиондогон доллар жардам берип келген.

“Бириккен Улуттар Уюму жардам программасынын алкагында Башар Асадга жакын адамдарга миллиондогон доллардык ресурстарды өткөрүп берди”, — деп жазат Гардиан гезити.

Гардиандын иликтөөсү боюнча, АКШнын да, Европа союзунун да санкциялар тизмесинде болгон компаниялар менен ишкерлер БУУдан чоң өлчөмдө каражат алышкан.

“БУУ тараптан инвестиция жаткырылган фонддордун бири Асаддын аялы Асма Асадга караштуу, дагы бири болсо Асаддын жакын досу Рами Маклуфка караштуу. БУУ чыгарган билдирүүдө айтылышынча, жардам программасына тиешелүү каражаттар Асад режими макулдаган компанияларга гана сунушталат. О.э. БУУнун билдирүүсүндө жардам акчалары чындап эле максатка ылайык жумшалышы үчүн БУУ колунан келген бардык ишти кылгандыгы баса белгиленет”, “А бирок, БУУну сындап жаткандар, жардамга келген акчалар Асад тарапкерлеринин пайдасына иштетилгендигин айтып жатышат. Алардын айтымында, жүз миңдеген адамдардын өлүмүнө себеп болгон Башар Асад БУУнун жардамы менен бийлигин сактап калууга аракет кылган”, — деп жазат гезит.

Учурда Сирия улуттук коалициясы Асад режими менен алакада болуп, ага финансылык жардам көрсөткөн БУУнун расмийлерин тергөөгө алууну талап кылууда.

Сирия улуттук коалициясы чыгарган жазма билдирүүдө: “Гезитте чыккан кабарлар БУУ расмийлери менен Асад режиминин алакасынын кичинекей гана бир бөлүгү (т.а. мунун көрүнбөгөн тараптары да бар)”, — деп айтылат.

Сирия улуттук коалициясы буга чейин да БУУ расмийлери Асад режимине жана ага караштуу аскерий штабдарга финансылык жардам бергендигин билдирип, бул жаатта иликтөө алып барууну талап кылган эле. Бирок, БУУ азыркыга чейин бул талапты канааттандырган эмес.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here