АКШ жана Сауд Арабиясы алаканы күчөтүүдө

313
0

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Саудия королу Салман ибн Абдулазиз ал-Сауд менен жолугушууда түрдүү тармактардагы эки тараптуу кызматташтык тууралуу жана региондогу абалдын өнүгүшүн талкуулады.

Жолугушуу Жидда шаарында болуп, Керри ал жерге 24-августта Саудия өкмөтүнүн жана Перс булуңундагы башка мамлекеттердин өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн келген.

Кабарларга таянсак, Керри менен королдун жолугушуусу жарым саатка созулган.

Керри андан соң Саудиянын тышкы иштер министри Адил Ал-Жубайр, Британия тышкы иштер министринин орун басары Тобиас Эллвуд, БУУнун Ямандагы өкүлү ИсмаилУлд Ал-Шайх жана Бириккен араб эмираттарынын тышкы иштер министри Абдуллах Ал Нахайян менен Ямандагы кырдаалды талкуулашат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here