Тажикстанда мунапыс жарыяланды, а бирок, мунун диний адамдарга тиешеси жок

320
0

Тажикстанда мунапыс жарыяланды, а бирок, мунун диний адамдарга тиешеси жок

Тажикстанда мунапыс тууралуу токтом кабыл алынды. Жаңы мунапыс боюнча, болжол менен 12 адамдын кээ бирлери бошотулуп, кээ бирлеринин жазалары жеңилдейт. А бирок, бул мунапыс динин бекем кармаганы үчүн камалгандарга колдонулбайт.

Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасы 24-августта кезексиз жыйын өткөрүп, мунапыс тууралуу токтом кабыл алынгандыгын жарыя кылды. Жыйында бул токтомдун долбоорун Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон сунуштады. Тажикстан президенти Эмомали Рахмон эгемендүүлүктүн 25 жылдыгына байланыштуу мунапыс токтомун жогорку палатага сунуштаган болчу.

Мунапыс боюнча 3 миңден көбүрөөк адам камактан бошотулуп, 4 миң адамдын жазасы жеңилдетилет жана 5 миң адамдын үстүнөн жүрүп жаткан тергөө жараяны токтотулат. А бирок, бул мунапыс диний экстремизмде айыпталган мусулмандарга карата колдонулбайт.

Мунапыс туурасындагы расмий билдирүү 17-август күнү Тажикстан президентинин расмий сайтында жарыя кылынган эле.

Аялдар жана жаш балдар, 55 жаштан өткөн эркектер, биринчи, экинчи жана үчүнчү топтогу майыптар, рак оорусуна чалдыккан оорулуулар, жүрөк оорусу бар туткундар, Ата-Мекендик согуштун катышуучулары жана Чернобыль окуясынын катышуучуларына мунапыстын биринчи беренеси колдонулат. О.э. этиятсыздык себептүү кылмыш кылгандар, мисалы, жол-транспорт кырсыгы боюнча камакта жаткандар да мунапыс алышат.

Адам өлтүрүү, терроризм жана диний экстремизмде айыпалган адамдар, конституциялык түзүлүшкө жана мамлекеттин коопсуздугуна карата кылмыш кылгандар, өлүм жазасына жана өмүр бою камак жазасына өкүм кылынгандарга жана мурдагы мунапыс себептүү азат кылынгандан кийин кайрадан кылмыш кылгандарга карата бул мунапыс колдонулбайт.

Тажикстандагы оппозиция өкүлдөрү мунапыс алышы, же албастыгы тууралуу маалымат берилбеди.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here