Президент Атамбаев диний жетекчилер менен жолугушту

297
0

Президент Атамбаев диний жетекчилер менен жолугушту

Сарай аалымдары үммөт алдында эч кандай кадыр-баркы жок экендигин өздөрү да билишет. Алар Чубак ажыны өз катарында кармап туруу максатында аны менен жолугушууга президентти көндүрүштү.

Президент Алмазбек Атамбаев 15-августта муфтий Максат ажы Токтомушевди, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду, “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековду жана аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловду кабыл алды.

 Жолугушууда диний чөйрөдөгү кырдаал, экстремизм менен радикалдашууга каршы турууда мамлекеттин жана диний лидерлердин биргелешкен күчтөрүн координациялоо чараларын ишке ашыруу талкууланды.

Президент кийинки кезде диний темага байланыштуу кандай гана талкуу болбосун өтө курч мүнөзгө ээ болуп жатканын белгиледи. «Бул талкууларды экстремисттер менен радикалдар курчутууда. Дүйнөдөгү соӊку кездеги окуялардан улам биз радикалдашууга чогуу каршы туруп, биздин мамлекеттин светтик мүнөзүн бекем тутунууга тийишпиз», — деди.

Туркистон: 

Президент акыркы кездерде даъватчыларды экстремистке чыгаруу үчүн аракет кылууда. Алардын сакалдарын жана кийген кийимдерин акаарат кылды. Ошондо аларды Чубак ажы башчылыгындагы миңдеген мусулмандар коргоп чыгышты. Президент мына ошол мусулмандарды экстремист деп атоодо.

Андан соң президент баш болуп, депутат Акаевди колдоп, аны коргоосуна алып, Чубак ажыга ар тараптан кысым көрсөтө баштады. Дагы миңдеген мусулмандар Чубак ажыны коргоп, “Чубак ажы экстремист, муну камакка алыш керек” деген бир катар саясатчыларга каршы турушту. Президент аларды да экстремисттер деп атоодо.

Андан соң президент баннерлерди илип, хижабга каршы аракеттерди баштады. Жарым-жылаңач кийинген кыздарды колдой турганын жарыя кылып, хижабдуу муслималарды террористтер деп акаарат кылды. Дагы миңдеген мусулмандар хижабды коргоо үчүн социалдык тармактардан пикирлерин билдире башташты. Президент буларды да радикалдар, экстремисттер деп жатат.

Жакында дагы кайрадан Чубак ажыны тергөөгө чакыртып, ага кылмыш ишин козгомокчу болушту. “Ахмадия” фиркасын кафирге чыгардың деп, аларды коргоп чыгышты. Дагы миңдеген мусулмандар Чубак ажыны жана диний баалуулуктарды коргоп, пикирлерин билдиришти. Президент буларды да экстремисттер дегени турат.

Текебаев президенттин чыныгы аракеттерин жана максаттарын ачыктап койду. Президенттин Чубак ажыны чакырып, аны менен жарашууга умтулушунун бир нече тараптары бар.

  • Радикалдык оппозициядан тышкары, Текебаев өзүнүн тарапкерлери менен баш көтөрдү. Президент ушул абалында конституцияны өзгөртүү үчүн референдум өткөрүшү өтө кыйын болот. Президенттин кеңешчилери саясий жактан алсыз. Алар Чубак ажыны сындыруу менен Текебаевге да, исламий чөйрөгө да сокку берүүнү көздөшкөн эле. Бирок, кырдаал башкача түс алып, өздөрү алсырап калышты. Эми Чубак ажы аркылуу диний катмар менен да, Текебаев менен да мамилесин оңдоп алууга аракет кылып жаткан болушу мүмкүн.
  • Максат ажы Токтомушев башчылыгындагы өкмөткө көз каранды диний топ “таасирге ээ болбогон аалымдар” деп тан алынды. Алар Чубак ажыны катарына кошуп алуу менен өтө чоң иштерди кылып жиберүүгө президентти ишендиришти. Т.а. президентке референдум өткөрүү үчүн мусулмандардын колдоосу керек. “Ыйман” фонду болсо, диний катмарды өзүнө тартып, келечекте светтик-диний аралаш куфр чөйрөнү пайда кылып, Батыш дүйнөсүнүн ишенимине ээ болушу керек. Т.а. ар тараптын максаттары бири-бирине туура келип калды деп айтсак болот. Президент исламий чөйрөнүн кубатын сезе баштады. Ал пикирий күрөштө мусулмандардан жеңилгендигин моюнга алды.

Кандай болгон күндө да, бийлик диний аалымдарды “акты кара, караны ак деген далилди шарияттан таап бересиңер” деп мажбурлайт. Бул ишти ким кылган болсо – ал Чубак ажыбы, же Абдышүкүр ажыбы айырмасыз – кадыр-баркын жоготот. Аалымдын аброю таквасында, кайраттуулугу жана бекемдигинде. Үммөт аалымдарды көп нерсени билгени үчүн эмес, Исламда сабыр кылганы үчүн кадырлайт.

Илмияновчулардын буга акылы жетпей жатат. Алар аалымдарды удаама-удаа сындырып, аларга кылмыш ишин козгоп, сарай уламасына айландырууну көздөп жатышат. Бирок, ал аалымдардын кубаты Исламды бекем кармаганында экендигин, алар өз принциптерин өзгөртүшү менен алардын кубаты да бир заматта жок болуп, алардын үстүнөн кылынган ушунча аракеттер эч нерсеге жарабай калышын түшүнө алышпайт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here