Израиль Куддуста Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салууну көздөп жатат

267
0

Израиль расмийлери Куддуста Хизб ут-Тахрирдин ишмердүүлүгүнө тыюу салуу керектигин билдирип жатышат. Бул тууралуу Израиль маалымат агенттиги “TPS” кабарлады.

Израилдин ички коопсуздук министри Гилад Эрдан Куддуста, айрыкча Ал-Аксо мечитинде Хизб ут-Тахрир уюмуна тыюу салуу ниетинде экендигин жарыя кылды. Эрдандын айтымында, Хизб ут-Тахрир уюму Халифалык мамлекетин тикелөө жаатында ИШИМ уюмуна окшойт.

“ИШИМ террорчу уюму менен бирдей пикирге ээ болгон уюмдун терроризмге үгүттөп, аны колдоп-кубатташы жана анын Израилге караштуу жерлерде активдүү аракет кылышы акылга туура келбейт”, “Мен бул уюмга тыюу салуу үчүн мүмкүнчүлүгүмдөгү бардык ишти кылууга бел байладым”, — деди Куддус жана Палестина жерлерин Израилдин менчиги деп эсептеген министр.

О.э. Эрдан дүйшөмбү күнү берген билдирүүсүндө Хизб ут-Тахрир мүчөлөрүнүн коомдук жайларда өткөрүп жаткан жыйындарынан жана мечиттердеги хутбаларынан тынчсызданып жатканын билдирди.

“Уюмдун (Хизб ут-Тахрирдин) жетекчилери Ал-Аксо мечитинде сабактарды өтүп жатышат жана лекцияларды окуп жатышат. Алардын бул региондогу таасири күн өткөн сайын күчөп барууда”, “Алар бул радикалдык жана провокациялык лекция жана сабактары менен терроризмге шыктандырышат о.э. Израилдин бар болуп турушун каралашат”, — деди Гилад Эрдан.

Израиль ички коопсуздук министрлигинин билдиришинче, Хизб ут-Тахрир уюмуна тыюу салуу токтомун кантип ишке ашыруу планын түзүү үчүн Куддус полициясы менен жолугушуу уюштурулат. О.э. министрликтен алынган маалыматтарга ылайык,  Эрдан жакында эле Хизб ут-Тахрир уюмунун Ал-Аксо мечитиндеги ишмердүүлүгү туурасындагы разведка маалыматтары менен таанышып чыккан.

Туркистон:

Израилдин Хизб ут-Тахрирге тыюу салууда Кыргызстан бийлигинен да артта калып кетишинин себеби эмнеде?

 Элдин арасында “душманымдын душманы менин досум” деген хикматтуу сөз бар. Бүтүндөй Батыш дүйнөсү ошону менен бирге Израиль да ушул принцип негизинде иш кылышат. Алар өздөрү үчүн ыңгайлуу болгон исламий кыймылдарды жана ушул багыттагы адам жана жамааттарды өнүктүрүү үчүн проблемалуу кылып көрсөтүү менен аларды реклама кылууга аракет кылышат. Илгери Ал Каиданы жана анын башчысы бен Ладенди ондогон жылдар бою коркунучтуу душман кылып көрсөтүп келишти. Учурда ИШИМди исламий коркунуч катары көрсөтүүгө аракет кылып жатышат. Буларды шылтоолоп миңдеген мусулмандарды жок кылып жатышат.

Хизб ут-Тахрирге болсо, АКШ жана Батыш мамлекеттерде тыюу салынган эмес. Хизб ут-Тахрир исламий, саясий мабдаъий аракет болуп, учурдагы дүйнөлүк башкаруу системасын исламий башкаруу системасына алмаштырууну максат кылат. Т.а. Исламды турмушка кайтарып аны өз ордуна алып келүүнү максат кылган.

Хизб бул максатка жетишүү үчүн Халифалык мамлекетин тикелөө керек деп билет. Ал Халифалыкты исламий үммөттүн кубаты менен гана тикелөө керек деп табанний кылды. Үммөттү бул улуу милдетине багыттоо үчүн, аны Ислам мабдасы менен ойготуу керек болот. Үммөттү ойготуунун бирден-бир жолу саясий күрөш болуп, бул үммөттүн түпкү кызыкчылыктарын белгилеп берүү жана аны коргоо менен ишке ашырылат. Т.а. үммөттүн бардык тармактагы кызыкчылыктарын ага аныктап, түшүндүрүп берүү жана анын бул кызыкчылыктарына кимдер, эмне максатта жана кандай ишенимге таянып кол салып жатканын ачып берүү аркылуу ишке ашат. Хизб муну Пайгамбарыбыз (с.а.в.) Меккедеги жашоосунда көрсөтүп берген сүннөт деп билип, аны исламий мамлекетти тикелөөнүн бирден-бир тарыйкаты деп табанний кылды.

Хизб ут-Тахрир жихадий аракет алып барбайт. Бирок, жихаддын фарз экенин моюнга алып, хизб катары жихадий аракет алып барбайт. Башка жамааттар жүргүзүп жаткан даъват, жихад, илим-билим таратуу сыяктуу иштерди – эгерде чектен чыгып кетишпесе – исламий, шаръий иш-аракет деп эсептейт. Хизб бүт дүйнөдө саясий Исламды система (мабдаъ) катары тикелөө милдетин өз мойнуна алды. Муну ал Пайгамбарыбыз (с.а.в.)дын тарыйкатынан жана нусустардан истинбат кылып алды.

Тарыхта куфр дүйнөсү Ислам дүйнөсү менен дүйнөлүк башкаруу системасын талашып келген. Куфр системасы айлакердик кылып, мусулмандарды чалгытуу менен исламий тармактарда аракет кылып жаткан жамааттарды бири-бирине душман кылып коюуну максат кылды. Натыйжада исламий өлкөлөрдүн өкмөттөрү куфрду ыраазы кылуу үчүн өз жарандары болгон исламий кыймылдарды жазалай башташты. Куфр системасы ИШИМди ого бетер коркунучтуу кылып көрсөтүү менен бул өкмөттөрдү дагы да агрессивдүү болууга үндөп жатат.

Израиль болсо, Хизб ут-Тахрирге каршы душмандыгын ачыкка чыгарууга мажбур болду. Себеби, куфр дүйнөсү Исламдан идеологиялык күрөштө жеңилген. Ошондуктан, алар идеологиялык күрөш алып баруучу аракеттерге таптакыр көңүл бурбастыкка, аларды маалымат каражаттарында ал тургай жамандабастыкка о.э. алар менен таптакыр сүйлөшпөстүккө келишип алышкан. Бирок, алардын бул позициясы көпкө созулбайт. Исламий идеология алардын идеологиясын талкалап жиберип, системаларын да жокко чыгара баштайт. Ошондо алар чыныгы жүзүн ачык көрсөтүүгө мажбур болушат.

Израилдин аракеттери бүтүндөй куфр дүйнөсүнүн позициясы өзгөрүп жатканына ишара кылса, эми куфр системасы идеологияга каршы күч колдонуу принцибине өтөт. Бул табигыйй жараян болуп, куфр системасы жеңилишине жакын калганда, пикирге каршы материалдык кубатын күчөтөт.

Ооба, Хизб ут-Тахрир Израилдин чыныгы душманы жана сионисттердин бул моюнга алуусу, биздин акыйкат жолдо экендигибизге болгон ишенимибизди дагы да күчөтөт, инша Аллах.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here