АКШ башкы штабынын жетекчиси Жозеф Данфорд Түркияга расмий сапар менен келди. Ага буга чейин Эрдоган билдирген суроолор берилбеди. Тагыраагы, Түркияда болуп өткөн мамлекеттик төңкөрүшкө аракет кылгандарга карата Американын ролу туурасында эч ким эч нерсе сурабады. Тескерисинче, Данфордго Инжирлик аба майданы каалашынча пайдалануу укугу берилди. Бул тууралуу Нью-Йорк Таймс гезити кабар таркатты.
Генерал Данфорддун жолугушуусун чагылдырган гезит, Анкарада Данфорд менен жолугушкан Түркия расмийлеринин мамилеси абдан жакшы болгон. Ал тургай мамлекеттик төңкөрүшкө тиешелүү суроо берилбеген. Түркия премьер министри Бинали Йылдырым, өлкөнүн башкы штабынын жетекчиси Хулуси Акар АКШ-Түркия ортосундагы жакын алакалардын уланышын каалай турганын билдиришкен. 15-июль күнү Түркияда жүзөгө келген төңкөрүштө катышкан учактар АКШнын көзөмөлүндө болгон Инжирлик аба майданынан учкан. Бирок расмийлер АКШнын бул окуяга тиешелүү ролу туурасында ооз ачпады.
“Түркия расмийлери АКШны эл аралык коомдун алдында сындап жаткан эле. Бирок, АКШ расмийлери менен болгон жолугушууда өз ара стратегиялык кызматташтык тарапкери экенин тастыктап жатышат”,- деп жазылат аталган гезитте.
Муну генерал Данфорд да тастыктап: “Алардын мамилелери өтө сылык болду. Айыптоочу эмес, тескерисинче, кызматташтыктын бекемделишин тилге алышты”,- деп билдирди.
Түркия президенти Режеп Таййиб Эрдоган АКШ армиясынын башкы штабынын жетекчиси Данфорд Түркияга келгенде АКШнын мамлекеттик төңкөрүшкө алакасы бар же жок экени суралаарын билдирген эле.
Туркистон:
Демек, АКШ Гүлендин бардык кызыкчылыктары талкаланышына да каршылык кылбайт. Эрдоган АКШдан, Гүленге каршы иштерине тоскоолдук кылбашын сатып алмакчы. Гүлен, АКШнын коргоосунда. Бирок, анда эч кандай кубат же активдүү күч жок. Ал эми дүйнө бойлоп жүргүзүп жаткан сакафий программасы АКШнын кызыкчылыгына туура келет. Эгер Гүлен кандайдыр бир тополоң уюштурса, АКШ анын аты менен уюштурган болот.
АКШ, Эрдоганга Түрк саясий элитасын тазалап алууга мүмкүнчүлүк берип жатат. Качан гана Эрдоган АКШ менен бүтүм түзүп, бир катар кызыкчылыктарын ишке ашырып берүүгө ыраазы болсо гана Эрдоган өзүнө каршы күчтөрдөн тазалана алат. Ал күчтөр Англия күчтөрү да, АКШга тиешелүү күчтөр да болушу мүмкүн. Себеби, акыркы он жылдыкта аскерий иштерден четтетилген, мурунку аскерий режимди башкарып келген жүздөгөн Англияпарас генералдар бар.
Демек, Эрдоган абалдан пайдаланып, АКШга басым өткөрүүгө аракет кылып жатат. Тагыраагы, төңкөрүштү Гүленчилер колу менен АКШ уюштурду дегенге ишара кылып, соодалашуу аракетин көрүп жатат. Бул пикирибизди, түрк премьери тарабынан алгач Англияда айтылганы да тастыктап турат.
АКШ Эрдоганды Гүленсиз өз абалында канчалык кызмат кылдыра алат. Маселе ушул суроонун чечиминде. Тагыраагы, Гүлендин Түркиядагы же дүйнөдөгү ишмердүүлүгүнө чек коюу менен Эрдоган өзүн эркин жана кадыржам сезе баштайт. Ушул убакта ал канчалык куфр системасынын коргоочусу болуп, Ислам жана мусулмандарга каршы кантип жана канча убакытка чейин иш алып бара алат? Ушул суроонун жообуна байланыштуу.
Жыйынтыктап айтканда АКШ – Түркия кызматташтыгы, АКШнын Эрдогандан кадыржамдыгына байланыштуу. Эрдоганды азыр мамлекеттик төңкөрүштү уюштургандар кызыктырган жок. Ал бул ишке аралашкандарды абдан жакшы билет. Эрдоган, абалдан өз саясий кызыкчылыктарына пайдаланып калмакчы. Ушул жолду негиз кылып АКШ менен соодалашып жатат.