Атамбаев “террорист”, “экстремисттерди” жарандыктан чыгара турган мыйзамга кол койду

399
0

 Президент Алмазбек Атамбаев «Терроризм жана экстремизмге каршы аракеттенүү жаатында Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

Өзгөртүүлөр “Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске”, “Кылмыш жана Кылмыш-түзөтүү кодексине”, «Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндө», «Эстремисттик ишмердикке каршы аракеттенүү жөнүндө», «КРнын жарандары жөнүндө» жана «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдарга киргизилет.

Мыйзам расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Туркистон:

Атамбаев алгач миңдеген бейкүнөө мусулмандарды түрмөдөн чыгарышы керек. Себеби анын бул кызматка келүүсүнө Кыргызстандын 90% дан ашык мусулман жарандары шайлоого барбаса да унчукпай коюу менен мүмкүнчүлүк берген. 

Миңдеген мусулмандар мыйзамсыз сот өкүмү менен камактарга ташталды. Аларды мыйзамсыз эксперттердин чыгарган чечимдерине негиздеп камап жиберишти. Ал тургай, интернет барактарында айтылган 2012-жылдын 12-мартында чыккан президенттин №71 буйругу далил катары алынып, жогорку сот тарабынан ишке ашырылды.

Бирок, конституцияга тескери келген ар кандай мыйзам кабыл албоого да өздөрү мыйзам чыгарышкан. Ал эми призидентин эксперттер туурасындагы буйругу, конституциянын бир катар беренелерине анык каршы келет. Мусунмандар бул акы укуктарын талап кылууга катуураак киришпесе, эртең баарыбызды бир-бирден куугунтукка ала баштайт. Андыктан, алгач алар кетирген каталары үчүн жооп беришсин.

Азирети Умар айтат: “мусулман адам бирөөнүн акысына кирбейт, өзүнүн акысын да бирөөгө берип койбойт”. Ошондуктан, урматтуу бир туугандар, бийликке акыларыбызды тебелешине жол берип койбойлу. Алардын акысын да эскертип коёлу. Себеби Пайгамбарыбыз (с.а.в)га каапырлар зулум кылышканда, Азирети Абу Бакр, “болгону Раббим Аллах дегени үчүн Ага зулум кыласыңарбы?” деген эле. Терроризм жана экстремизмди булар, болгону Раббим Аллах деген мусулмандар үчүн ойлоп табышты. Эми бул тайпадагы мусулмандарды коомдон четтетип жиберишмекчи.

Саясий кызыкчылыктарына көңүл бөлүп караганыбызда. Призидент жана анын кеңешчилери (Илмияновдун тайпасы), Чубак ажы сыяктуу мусулмандардан жана алардын артындагы чыныгы мусулман тарапкерлеринен кооптонуп жатат. Призидент Чолпон-Атадагы пресс конфиренцияда, Чубак ажы тууралуу сүйлөп, ал адамдын коом ичиндеги салмагынан кооптонуп, аны коомдон четтетүү максаты бар экенин билдирип койду. Жогорудагы мыйзам долбоор дал ушул уламалар, же башка таасирдүү исламий шахстарга каратылган. 

Түпкүлүгүндө мындай мыйзамдар коомдо кандайдыр бир өзгөрүү пайда кыла албайт. КРнын жарандары, тагыраагы паспорттору бүткүл дүйнө бойлоп кылмыштарды жасап жүрөт. Демек, алардын бул мыйзамы, болгону айрым мусулмандарга же жамаат мүчөлөрүнө каратылган. Муну менен ал адамардын шайлоодогу талапкер болуу укугун жок кылышы мүмкүн.  Булардын аракеттери, призиденттик шайлоо жана күзүндө өтүшү күтүлүп жаткан референдумдагы кызыкчылыгынан келип чыккан.

Илмиянов, Путиндин жолу менен бийликке келүүнү көздөп жатат. (1999-жылдагы премьер министр Путиндин доорун көз алдыңызга келтириңиз. Миңдеген адамдар жана жаш балдардын өлүмү менен коштолгон Чеченстан согушу).

Референдум ушул жолго ташталган кадамдын эң чоңу болуп эсептелет. Диктаторлук режим Илмияновчуларга жетишпей жатат. Андан башкасынын баары даяр болуп калды, жада калса жардыруу иштери да башталып кетет эле. Аларга калктын ишеничи жана авторитардык режим жетишпей турат. Призидент алардын т.а мафиялашып бараткан топтун колуна түшүп калды. Анткени бул режимдин өкүлдөрү, өз мөөнөтүнөн мурда кетип калышы мүмкүн болгон призидентти бекем кармап турат. Себеби призидент кетсе, бул сыяктуу шоопурдан чыккан саясатчылар өз күчү менен бийликти кармап кала албайт.

Алар кудум Россиядагы Сечин бригадасы сыңары мафиялык тайпаны түзүп баратышат. Атамбаевге ушул мафияны бийликке алып келип, анан кетишин шарт кылып коюшту. Бийликтин азыркы кырдаалында буга жетишүү мүмкүн эмес. Бул үчүн албетте репрессиялык, диктаторлук режим менен башкарган бийлик болушу шарт. Путин да мафиячы Сечинди өкмөткө ушул жол менен алып келген.

Мусулмандар болсо, ар дайымкыдай куфр саясатчылар ортосунда бири-бирине каршы каратылган курал болуп калууда.Урматтуу бир туугандар бул мыйзамдын артынан ыплас иштер күтүлүп жатат. Биз куфрдун жалганына илешип, алардын бир тарабына өтүп экинчисине жардам беришибиз арам болот. Бул сыяктуу амалдар, куфрдун колунда курал болуп иштеп берүү болуп, акыбети Ислам жана мусулмандарга жамандыктарды алып келет. Биз аларга, “биз силер алып келаткан ыплас саясий иштерден аруубуз жана силердин бир тарабыңарга өтүп албайбыз, Аллахтан коркуп, такыбаа кылабыз. Анткени Ислам дини толук болуп, анын өзүнүн сүннөткө ылайык саясаты бар” деп өз позициябызды билдирип коюшубуз керек.

Ал эми учурдагы кыргыз саясатчылары позиция, оппозиция болуп, ар бири өз максаттары жолунда мусулмандарды бөлүшүп алууну көздөп жатат. Алардын колунда бири-бирибизге каршы курал болуп калбайлы. Ортобуздагы биримдикти Исламий идеология негизинде күчөтөлү. Чыккынчыларды артка тыштап, жалганчылардан жүз үйрүшүбүз керек. Өз акы-укуктарыбызды бирге коргоп, бирер мусулман бир тууганды алардын кордугуна таштап койбойлу. Ассаламу алайкум.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here