Мисирдин бардык мечиттеринде бирдей жума хутбасы окулат

522
0

Мисирдин бардык мечиттеринде бирдей жума хутбасы окулат

Сиси Мисирдин мечиттеринде окула турган жума хутбалары өзүнүн Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүндө адамдардын үнүн өчүрүүчү бир курал болушун каалап жатат

Жакында Мисир режими өлкөдөгү бардык мечиттердеги жума хутбаларынын тексти бирдей болушу туурасында токтом чыгарды.

2016-жыл, 12-июль күнү Мисир Вакф министрлигинин жооптуулары Мисирдеги мечит имамдарына жума намазы үчүн жазып даярдалган бир хутба берилишин билдирди.

Мисир жооптуулары бул тууралуу «Рейтер» маалымат агенттигине билдирүү берди. Бул билдирүү Вакф министрлигинин башчысы Мухтор Жума министрликтин вилаяттардагы өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөргөн жыйын учурунда жаӊырды.

Вакф министрлигинин Каирге жакын жердеги Калюбия вилаятындагы өкүлү Сабрий Дувайдор «жыйындын катышуучуларынан да, министрлик өкүлдөрүнөн да эч ким каршылык билдирбей, проблемасыз кабыл алышкандыгын» баса белгиледи.

«Вакф министри эмдиги жумадан баштап, жазылган хутбаны өзү баштап беришин билдирди», – деп кошумчалады. Мындай хутба Азхари Шариф жана Вакф министрлигиндеги диний аалымдар тарабынан жазылышын айтты.

Министрлердин биринин айтымында, хутбанын жазылышында парламенттеги диний маселелер жана Вакф иштери комитетинин пикири да эсепке алынат о.э. бул жаатта психология жана социалдык тармактагы адистердин да ролу болот.

Вакф министрлигинин жооптуулары хутбаны жазып берүүнү имамдардын хутба үчүн белгиленген убакытка амал кылышы менен о.э. эркин хутба кылуу учурунда «пикирлери чачырап» кетпестиги менен актады. Мындан мурда Вакф министрлиги ар жума сайын окулуучу хутбанын темасын белгилеп берет эле. (Сода ватан сайты).

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here