АКШ: Инжирлик авиа базасынан чыгуу ниетибиз жок
АКШ аба күчтөрүнүн башчысы Дебора Джеймс Вашингтондо уюштурулган иш-чарада Инжирлик авиа базасы тууралуу өз пикирлерин билдирди. Джеймстин айтымында, Инжирлик авиа базасындагы АКШ күчтөрүн башка жерге көчүрүү тууралуу эч кандай план жок. Себеби, Түркияда жүз берген кээ бир окуяларга карабастан, бардык аскерий операциялар адаттагыдай эле уланууда.
Өткөн дүйшөмбү күнү Инжирлик авиа базасынын командачысы менен жолугушкандыгын билдирген Джеймс АКШ расмийлери базага тиешелүү бардык маселелер менен жакындан таанышып чыккандыгын жана үзгүлтүксүз күзөтүп тургандыгын баса белгиледи. 15-июль күнү төңкөрүш жасоого аракет болгондон кийин Түркияда бардык авиа майдандар жабылышы себептүү Инжирлик операциялары да бир нече күн токтоп калган эле. Ошондо базага берилүүчү электр да өчүрүлгөн болчу. Себеби, төӊкөрүшкө каршы чыккан калкты ызы-чууга салган жана аларга карата ок чыгарган самолёттор Инжирлик авиа базасынан асманга көтөрүлгөн эле.
Бирок арадан эч канча убакыт өтпөстөн, Инжирлик кайрадан ишке киришти. Ал жерде жайгашкан АКШ аба күчтөрү Сирия кыргынын уланта баштады. Инжирлик авиа базасынан асманга көтөрүлгөн АКШ самолёттору Сириянын Халаб шаарынын түндүгүндө 200 карапайым жарандын өлүмүнө себепкер болгон чабуулду ишке ашырышты.
Түркияда жүз берген мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин бул аракетти колдоп-кубаттаганы айтылып жаткан Инжирлик авиа базасына күтүүсүз конок келди. АКШ 3-аба күчтөрүнүн командачысы генерал-лейтенант Тимоти Рай базадагы АКШ аскерлеринин иштөө шартын текшерүү үчүн Инжирлик авиа базасына келди. Рай бул жерде кызмат кылып жаткан АКШ аскерлери менен жолугушту. Америкалыктардын иш шарттарын көрүп чыккан командачы түрдүү тармактарда ийгиликке жетишкен аскерлерди куттуктады.