Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Түркиянын билдирүүсүнө жооп кайтарды

376
0

Кыргызстан Тышкы иштер министрлиги Түркиянын билдирүүсүнө жооп кайтарды

 Ишке ашпай калган төңкөрүш аракетинен кийин түрк бийлиги бул иште Фетхуллах Гүленди айыптуу кылып көрсөтө баштады. Түрк бийлиги Гүленге каршы жүргүзүп жаткан кампаниянын алкагында анын демөөрчүлүгүндө ачылган жана дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан окуу жайларды жаптырууга аракет кыла баштады.

 Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу жекшемби күнү Аланияда өткөрүлгөн демонстрация учурунда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстан бийлигин да Гүленге тийиштүү мектептерди жабууга чакыргандыгын билдирди.

 Чогулгандардын алдында сөзгө чыккан Чавушоглу Гүлен уюмуна каршы бир нече мамлекеттерде кабыл алынган жана пландаштырылган чаралар тууралуу айтып өттү. Чавушоглу Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев менен телефон аркылуу сүйлөшүп, кыргыз бийлигин четте турбастыкка чакырганын, Кыргызстандан Гүленге караштуу мектептерди тез арада жабууну талап кылганын айтты.

 “Мен Кыргызстандын тышкы иштер министрин Гүлен тарапкерлерине чара көрүүгө чакырдым. Эгерде чара көрүлбөсө, мамилебизде өзгөрүш болорун айттым”,- деди Чавушоглу.

Түркия тышкы иштер министринин бул билдирүүсүнөн кийин Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Түркиядан ушундай кайрылуу болгондугун тастыктады.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө: “Түркия – Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес”, – деп айтылат.

Туркистон: 

Түркия бийлиги бир аз өзүн жоготуп койду. Ал АКШ бийлиги 11-сентябрь окуясынан кийин бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди коркутуп, шантаж кылгандыгын кайталоону көздөп жатат. Бирок, Түркияны канчалык жогору көтөрүшпөсүн, ал колония жана көз каранды мамлекет бойдон кала берет. Ал көтөргөн дүйнөлүк же жергиликтүү проблемалар колонизаторлордун кызыкчылыгына туура келсе гана чечилет. Түрктөр ал тургай өз мамлекетинин ичиндеги күрттөр проблемасын да өздөрү чече албай жатышат.

Гүлен АКШнын Эрдоганды ар дайым кабатырда кармап туруу үчүн бир алтернативдүү варианты. Эрдоган да, Гүлен да Американын таасири астындагы кызматчылар болуп эсептелишет. Гүлен АКШнын запастагы оюнчусу. Ал Кыргызстан сыяктуу бир катар исламий өлкөлөрдө диний жана светтик илим таркатууну чүмбөт кылып алып, светтик сакафаттарды таркатып келет. Т.а. бул адам Ислам кызыкчылыгын көздөгөн адам эмес, тескерисинче динди чүмбөт кылып, куфрдун нанын жеш үчүн динге светтик көз караштарды алып кирип келе жаткан бузук шахсия болуп эсептелет. Кыргызстандагы окуу жайлары да АКШнын сакафий куралы деп айтсак туура болот.

Бирок, Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун билдирүүсү орунсуз болду. Түркиядагы төӊкөрүш аракети Гүленчилердин иши эмес. Бирок, бул билдирүү Англияда айтылып жатышына караганда, Эрдоган учурдан пайдаланып, атаандашын бир аз болсо да алсыратып алууну көздөп жатат. Себеби, Англия үчүн Гүлен менен Эрдогандын айырмасы жок т.а. алардын экөө теӊ душмандын дөбөттөрү. Аларды бири-бири менен кагыштырып, экөөнү теӊ алсыратуу үчүн ушул фитнаны күчөтүүгө аракет кылат.Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга басым өткөрүүгө каратылган билдирүү берди. Ал Гүленге караштуу бардык билим берүү мекемелерин жабууга чакырды. Антпесе, мамиле жана алакаларды кайрадан карап чыга тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын жообу да АКШнын раъйына ылайык болду. Эл аралык абалды Түркия көзөмөл кыла албайт. Ал албетте АКШнын раъйына карап жүрүүгө мажбур болот. Кыргыз-Түрк алакасына бир аз доо кетиши мүмкүн. Бирок, бул убактылуу болор-болбос таарыныч гана болот.

Бул аракеттердеги көӊүл бурууга арзый турган чекит, куфр дүйнөсү т.а. колонизатор мамлекеттер бизди шахмат талаасындагы жансыз фигуралардай бири-биринин кызыкчылыктарына каршы багыттап жатышкандыгында. Биздин жетекчилерибиз болсо, жүздөгөн, кэде жүз миңдеген мусулмандарды өлтүрүп жаткан мамлекеттер менен кызматташып, өз боордоштору болгон исламий өлкөлөргө же жамааттарга каршы кылыч көтөрүүгө даяр турушат.

Эрдоган да, Чавушоглу да Түркиядагы аскерий козголоӊдо Англия менен Американын түздөн-түз тиешеси жана кызыкчылыктары бар экендигин жакшы билишет. Ошого карабастан, булар дагы ошолордун кеӊеши менен, эч нерсени нерсени түшүнбөстөн, буйрукту аткарган мусулман аскерлерди жана Гүлен сыяктуу алдамчылардын колунда таза ниет менен кызмат кылып келе жаткан мусулмандарды бутага алып жатышат. Кыргызстан сыяктуу кичинекей, алсыз, агрардык жана жакыр өлкөгө басым өткөрмөкчү болуп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here