Чавушоглу: АКШ Гүленди өткөрүп бербесе, бул нерсе алакабызга терс таасирин тийгизет

287
0

Чавушоглу: АКШ Гүленди өткөрүп бербесе, бул нерсе алакабызга терс таасирин тийгизет

Эгерде АКШ Фетхуллах Гүленди Түркияга тапшырбаса, бул эки тараптуу мамилеге таасирин тийгизет. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу “Хабартүрк” телеканалындагы телеберүү учурунда билдирди.

АКШга сапар кылышын айткан Чавушоглу сапардан көздөлгөн негизги максат Гүленди Түркияга кайтаруу экендигин билдирди. Чавушоглунун айтымында, ал америкалык саясатчылар о.э. кесиптеши Жон Керри менен жолугушуп, алардан Фетхуллах Гүленди тапшырууну расмий түрдө талап кылат.

 АКШ Фетхуллах Гүленди кайтарып бербесе эмне болот? – деген суроого, Чавушоглу “бул нерсе Түркия менен АКШнын ортосундагы алакаларга терс таасирин тийгизет” деп жооп берди.

“Биз мындай болушу туурасында ойлонууну да каалабайбыз. Жарандарыбыз буга каршы реакция көрсөтөт. Түркияда АКШга карата нааразылык күчөй баштады. Мунун мамлекетибизге да, алакаларыбызга да эч кандай пайдасы жок. Биз муну жөнгө салууга аракет кылып жатабыз, бирок жарандардын сезим-туйгуларын көрүп турасыӊар. А бирок, төңкөрүш да жөнөкөй иш эмес. Эгерде АКШ Гүленди экстрадиция кылбаса, бул нерсе алакабызга таасирин тийгизери анык. Бирок, биз ал деӊгээлге жетип барууну каалабайбыз. Элестетип көргүлө, АКШда төңкөрүш кылууга аракет кылган террорчу уюмдун башчысы биздин өлкөдө жашап жаткан болсо, АКШ аны талап кылса да, Түркия аны бербесе. АКШ бул жаатта эмнени сезе турган болсо, биз да кудум ушул нерсени сезебиз. Чабуулдун чоӊ-кичинеси, жакшы-жаманы болбойт”, – деди Түркиянын тышкы иштер министри.

Белгилүү болгондой, түрк расмийлери АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди 15-июлдагы төңкөрүш аркетин уюштургандыкта айыптап келишет.

Туркистон: 

Түркия бийлиги бир аз өзүн жоготуп койду. Ал АКШ бийлиги 11-сентябрь окуясынан кийин бүт дүйнөдөгү мамлекеттерди коркутуп, шантаж кылгандыгын кайталоону көздөп жатат. Бирок, Түркияны канчалык жогору көтөрүшпөсүн, ал колония жана көз каранды мамлекет бойдон кала берет. Ал көтөргөн дүйнөлүк же жергиликтүү проблемалар колонизаторлордун кызыкчылыгына туура келсе гана чечилет. Түрктөр ал тургай өз мамлекетинин ичиндеги күрттөр проблемасын да өздөрү чече албай жатышат.

Гүлен АКШнын Эрдоганды ар дайым кабатырда кармап туруу үчүн бир алтернативдүү варианты. Эрдоган да, Гүлен да Американын таасири астындагы кызматчылар болуп эсептелишет. Гүлен АКШнын запастагы оюнчусу. Ал Кыргызстан сыяктуу бир катар исламий өлкөлөрдө диний жана светтик илим таркатууну чүмбөт кылып алып, светтик сакафаттарды таркатып келет. Т.а. бул адам Ислам кызыкчылыгын көздөгөн адам эмес, тескерисинче динди чүмбөт кылып, куфрдун нанын жеш үчүн динге светтик көз караштарды алып кирип келе жаткан бузук шахсия болуп эсептелет. Кыргызстандагы окуу жайлары да АКШнын сакафий куралы деп айтсак туура болот.

Бирок, Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглунун билдирүүсү орунсуз болду. Түркиядагы төӊкөрүш аракети Гүленчилердин иши эмес. Бирок, бул билдирүү Англияда айтылып жатышына караганда, Эрдоган учурдан пайдаланып, атаандашын бир аз болсо да алсыратып алууну көздөп жатат. Себеби, Англия үчүн Гүлен менен Эрдогандын айырмасы жок т.а. алардын экөө теӊ душмандын дөбөттөрү. Аларды бири-бири менен кагыштырып, экөөнү теӊ алсыратуу үчүн ушул фитнаны күчөтүүгө аракет кылат.Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга басым өткөрүүгө каратылган билдирүү берди. Ал Гүленге караштуу бардык билим берүү мекемелерин жабууга чакырды. Антпесе, мамиле жана алакаларды кайрадан карап чыга тургандыгын билдирди.

Кыргызстандын жообу да АКШнын раъйына ылайык болду. Эл аралык абалды Түркия көзөмөл кыла албайт. Ал албетте АКШнын раъйына карап жүрүүгө мажбур болот. Кыргыз-Түрк алакасына бир аз доо кетиши мүмкүн. Бирок, бул убактылуу болор-болбос таарыныч гана болот.

Бул аракеттердеги көӊүл бурууга арзый турган чекит, куфр дүйнөсү т.а. колонизатор мамлекеттер бизди шахмат талаасындагы жансыз фигуралардай бири-биринин кызыкчылыктарына каршы багыттап жатышкандыгында. Биздин жетекчилерибиз болсо, жүздөгөн, кэде жүз миңдеген мусулмандарды өлтүрүп жаткан мамлекеттер менен кызматташып, өз боордоштору болгон исламий өлкөлөргө же жамааттарга каршы кылыч көтөрүүгө даяр турушат.

Эрдоган да, Чавушоглу да Түркиядагы аскерий козголоӊдо Англия менен Американын түздөн-түз тиешеси жана кызыкчылыктары бар экендигин жакшы билишет. Ошого карабастан, булар дагы ошолордун кеӊеши менен, эч нерсени нерсени түшүнбөстөн, буйрукту аткарган мусулман аскерлерди жана Гүлен сыяктуу алдамчылардын колунда таза ниет менен кызмат кылып келе жаткан мусулмандарды бутага алып жатышат. Кыргызстан сыяктуу кичинекей, алсыз, агрардык жана жакыр өлкөгө басым өткөрмөкчү болуп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here