Түркия-Россия мамилесиндеги акыркы өзгөрүүлөр

264
0

Түркия-Россия мамилесиндеги акыркы өзгөрүүлөр

Түркия-Россия мамилесиндеги келишпестик 2015-жылы 24-ноябрда орустардын SU-24 учагын атып түшүрүлгөндөн кийин башталды. Мунун артынан Россия Түркияга соода-сатык бойкотун жарыя кылды. Бул бойкот эки өлкөнүн теӊ экономикасына бир катар терс таасирлерин тийгизди.

26-июнда яхудийлер мамлекети менен алакаларды нормалдаштыруу боюнча келишүү жарыя кылынды. О.э. дагы башка бир катар иштер ушул мезгилге туура келди. Ошол учурда Россиянын күнү болуп өттү. Түркия президенти Эрдоган россиялык кесиптеши Путин менен телефондо сүйлөштү. Эки өлкө ортосундагы алакаларды нормалдаштыруу үчүн Түркиянын премьер-министри Йылдырым орус кесиптеши Медведевге кат жолдоду. Россия да тез арада оӊ жооп кайтарды. Андан кийин ошол эле күнү Эрдоган менен Путин телефон аркылуу сүйлөштү.

Түркиянын президентинин маалымат кызматы ушул жолугушуу тууралуу берген билдирүүдө: «Президентибиз Эрдоган жана Путин мырза региондогу саясий, экономикалык жана гуманитардык кризиске каршы күрөштө кызматташуу өтө маанилүү экендигин баса белгилешти, экөө теӊ мамлекеттер аралык мамилелерди кайрадан тикелөө үчүн керектүү кадамдарды таштоо зарыл экендигин баса белгилешти», – деп айтылды. Өз кезегинде Путин да «азыркы кырдаал эки мамлекет үчүн теӊ пайдалуу эмес, албетте таза барак ачышыбыз керек, Түркия менен Россиянын алдында ишке ашыруу зарыл болгон региондук маселе турат» деди.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков Режеп Таййип Эрдоган менен Владимир Путиндин ортосунда күтүлүп жаткан жолугушуу тууралуу билдирүү берип, «бир ай же андан көбүрөөк убакыттан кийин Түркия менен мамилелерди турукташтырууга каратылган кеӊири масштабдуу бир катар жолугушуулар, сүйлөшүүлөр болуп өтүшү күтүлүүдө» деди. Францияда Эрдоган менен Путин жолугушкандан кийин, Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров мындай деди: «Сирия кризисин чечүү үчүн Москва менен Анкара ортосунда кызматташтык кайрадан тикелениши мүмкүн. Мен Сочи шаарында өтүүчү Кара Деӊиз Экономикалык кызматташтык уюмунун жыйынында түрк кесиптешим Мавлют Чавушоглу менен жолугушуп, Сирия кризисине албетте токтолобуз деген үмүттөмүн». Ал дагы: «Терроризмге каршы күрөштө Түркия менен бирге аракет кылуучу топ түзүлдү. Бул топ тышкы иштер министрлиги жана атайын кызматтардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн. Бирок, бул топтун ишмердүүлүгү өткөн жети айдын ичинде тоӊдуруп коюлган эле. Эми аны кайрадан ишке түшүрүүгө келишип алдык… Сириядагы террорчу уюмдар менен террорчу болбогон уюмдар ортосун айырмалоодо Түркия менен биздин ортобузда карама-каршылык жок… Америкалык кесиптештерибиз болсо, айрым жамааттарга аларды Жабхатун Нусрадан айырмалай албай жатканын айтып, коркутуп жатышат. Ким Россия жана Сирия режими атып жаткан октордун курмандыгы болууну каалабаса, Жабхатун Нусра жайгашкан жерде турбасын. Бул иш анчалык эле кыйын эмес. Түрк кесиптештерибиз бул логикага толук кошула тургандыгын билдиришти», – деди.

2016-жыл, 1-июлда Түркиянын тышкы иштер министри Мавлют Чавушоглу орус кесиптеши менен Сочиде жолугушуп, төмөнкүдөй сөздөрдү айтты: «Эки мамлекет Сирия кризисин чечүү үчүн кызматташуусу керек. Бул диалогду кайрадан тикелөө Сирия келечеги үчүн өтө маанилүү. Ал жерде келишим жана гуманитардык жардамдар өтө зарыл. Саясий чечим гана Сирия кризиси үчүн эң туура чечим болот. Биз Сирия чегаралары бекем жана тынч болушу о.э. светтүүлүк жана тоталитаризм сыяктуу маселелерде бир пикирдебиз. Анткени, булар Сирияга жетекчилик кыла турган өкмөттө табылышы керек болгон сапаттар… Асаддын калышы же кетиши туурасында пикирлерибиз түрдүү болчу… Азыр болсо биз кудум ошол пикирдебиз деп айтуу кыйын… Биз тарыхтын өзгөчө доорун баштан өткөрүп жатабыз, бүгүнкү күндө тарыхтын агымы тездеп бара жатат. Илгери дуушар болбогон коркунучтарга дуушар болуп жатабыз. Бул коркунучтарга каршы жалгыз өзүбүз күрөшүүгө мажбур болдук. Регионалдык жана эл аралык даражада олуттуу бурулуштар пайда болду», – деди.

Булар, расмий чөйрөлөрдүн Түркия-Россия алакасындагы 26-июндан башталган жаңы доорго байланыштуу билдирүүлөрдүн бир бөлүгү. Бул билдирүүлөрдү көӊүл коюп үйрөнүп, талдоонун натыйжасында төмөнкүлөр белгилүү болду:

  • Бул расмий билдирүүлөрдө соода маселеси айтылбады. Акыйкатта болсо, коомчулуктун көӊүлү эки мамлекеттин ортосундагы алакалардын соода жана экономикалык натыйжаларына каратылган эле. Арийне, алакаларды кайрадан тикелөөдөгү негизги себеп, экономикалык зыяндар да, алсыз соода алакалары да эмес. Себеби, соода алакаларын кайрадан тикелөө деген нерсе коомчулуктун пикирин негизги маселеден чалгытуу үчүн тыгыштырылган экинчи даражадагы маселе.
  • Түркия жана Россия тараптар берген билдирүүлөргө көз жүгүртсөк, аларда Сирия маселеси даана көрүнүп турат. Себеби, бүгүн Сириядагы өзгөрүүлөр көбүрөөк Россиянын о.э. региондогу бардык мамлекеттердин, негизинен, АКШнын тынчын алып жатат. Ошолсебептен улам, АКШ ушул маселени чечүүдө өзү менен бирге аракет кылып жаткан бардык мамлекеттер ортосундагы реалдуу жана экинчи даражадагы проблемаларды чечүү зарыл деген токтомго келди. Бир тараптан, Америкада президенттик шайлоо болуп жатат, экинчи тараптан, бул мамлекеттер Сирияда туӊгуюкка кептелип калышкан. Ушул нерселер алардын алдында Сирия кризисинин натыйжаларына тиешелүү олуттуу кырдаалды келтирип чыгарды. Себеби, Түркия менен яхудийлер мамлекети ортосундагы алаканы тездик менен нормалдаштырууга аракет кылуунун, Россия-Түркия ортосундагы келишпестикти жөнгө салуунун о.э. Түркия-Мисир алакасында таза баракты ачууга аракет кылуунун артында бир фактор турат, ал да болсо, Сирия маселеси!

Бирок, Россия-Түркия мамилесинин мындай тездик менен жакшыруусунун жана шайкеш келишинин жанында терроризмге каршы күрөштө кызматташтыкты күчөтүү да бар. Ушуга ылайык, Түркия дароо ушул мамлекетте жашап жаткан Хизб ут-Тахрир жигиттеринин айрымдарын кармап, аларды Россияга тапшырууга киришти. Башкача айтканда, жакынкы күндөрдө такыбалуу, калыс жана аң-сезимдүү мусулмандарга кысым көрсөтүүлөр күчөшү мүмкүн.

  • Эл аралык майданда жүз берип жаткан мындай ыкчам өзгөрүүлөр Сирия маселесинде жаңы бир активдүү план түзүлүшү мүмкүн экендигин билдирет. Бул жаңы планда Түркияга өзүнчө ролдор жана маанилүү милдеттер жүктөлүшү мүмкүн. Жогорудагы мамилелердин жакшырышы түрк калкынын кызыкчылыгы үчүн болбогону анык.

Сөзүмдүн аягында айтарым, яхудийлер менен алканы нормалдаштырууга бар болгон күчүн жумшап жаткан түрк жооптуулары, мусулмандарга каршы күрөштүн жаңы баскычында Россия тарапка өтүштү. Россия болсо мусулмандардын башына бомба жаадырып, үй-жайларды талкалап жатат. Бул мамлекет Ислам жана мусулмандардын башына салып жаткан азаптарга болсо эсеп жетпейт.

Мухаммад Ханафий Ягмур.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here