Хизб-ут Тахрир Түркия вилаятынан аскерий төңкөрүшкө карата билдирүү!

268
0

Өз калкын кыргынга салган бул кандуу төңкөрүш, жырткычтык менен жасалган террордук окуя.

Кече кечинде байыркы элдин баалулуктарынан, ээ болуп турган Исламий кимдигинен алыс болгон хунтажылар тарабынан жасалган бул “төңкөрүш” кандуу террордук чабуул сыңары күнөөсүз мусулмандардын өлүмүнө себеп болду. Акылсыздык менен жасалган бул кандуу окуя, мусулмандардын балдары болгон аскерлерди, мусулман калкы жана полициясына каршы коюп, 161 кишинин өлүмүнө, 1440 адамдын жаракат алышына себеп болду. Хизб-ут Тахрир Түркия вилаяты бул кандуу oкуяны катуу айыптайбыз жана курман болгон бир туугандарыбызга Аллахтын рахматын тилейбиз.

Ката чечимдери себептүү коркууга түшүп калган, өзүнүн калкына эмес, АКШ жана башка колонизатор мамлекеттерге таянган көзү тунарган хунтажылар, өз калкына курал көтөрүп, бомбаларды ыргытуу менен жөндөмсүз экенин көрсөтүп койду. Мындан, калкка каршы эч бир кыймыл жеңишке жете албашын билишибиз керек.

Республика түзүлгөндөн баштап, хунтажылар Түркияда жеке иштерин же колонизаторлордун саясий иштерин аткаруу үчүн бир нече төңкөрүш жасоого аракет кылышкан. Бул иштери максатына жетсе да жетпесе да мындай аракеттер мусулман калкка зулумдан башка нерсе алып келбеди.

Бул аракет параллел бийлик орнотот деп айтылып жаткан Гүлен кыймылы жалгыз башына кыла турган иш эмес. Жылдар бою мусулмандарга каршы душмандык кылып келген колонизаторлордун кабарысыз болушу мүмкүн да эмес. Ушундай болгон соң, төңкөрүштүн түпкү себепкери колонизаторлор. Тагыраагы бул төңкөрүштүн негизги күнөөкөрү, саясатчылар менен аскерийлердин досу жана өнөктөш болуп кызматташып жаткан Батыш болуп эсептелет.

Эй жетекчилер жана аскерийлер! Аркаңарда эр жүрөк калкыңар турган соң, душмандын колдоосу керек эмес экенин качан түшүнөсүңөр? Көрүп тургандай, бул калк жанын курман кылса да силердин жаныңарда. Силерге ар кандай колдоо көрсөтүүгө даяр. Демек, кече түндө Үммөт чакырган ураандарга көзөмөл бол! Йаа Аллах деген, Аллаху Акбар деген калктын жаны менен динин Азиз тут. Мечиттерде окуткан салаватка, мусулмандарга таянып, аларды коргогула! Алар демократия үчүн көчөлөргө агылбады, силерди өздөрүнөн деп эсептегени үчүн силерди коргоого ашыгышты! Ушундай болгон соң, силер да бул ыплас оюнду жүргүзүп жаткан колонизаторлорго каршы тургула! Үммөттүн танктардын алдына чыккан кайраты менен силер да Америка сыяктуу колонизаторлорго каршы чыккыла! Исламга жана мусулмандарга душман болгондорго ушундайча каршы тургула! Ошондо гана бул калкка ылайыктуу жетекчи болосуңар! Ошол учурда гана макамыңарга ылайык болосуңар.

Эй мусулмандар! Хунтажылардан бийликти коргогон сыяктуу Аллахтын динин да коргогула. Ислам жана мусулмандарга чабуул кылгандарга жана Аллахтын өкүмүн четке каккандарга да бул кайратты көрсөткүлө! Хунтажыларга жок дегендей эле кайры исламий пикирлерге жана түзүмдөргө да жок дегиле! Исламды турмушта аким кылуу үчүн аракет кылгыла. Хунтажылардын жолун тоскон силерсиңер! Аллахтын уруксааты менен бул байыркы жерде кадам таштаган жана кайрадан Рошид Халифалык менен Исламды турмушка аким кыла тургандар да силерсиңер!

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here