Күч органдары жана коопсуздук кызматкерлери кимдер?

303
0

Күч органдары жана коопсуздук кызматкерлери кимдер?

 18-кылымдын ортосунан баштап Орто Азияга каратылган Россия баскынчылыгы 1917-жылы бийликке коммунисттер келгенден кийин эӊ жогорку чокусуна чыкты. Кудайсыз коммунисттер өз түзүмүн элге мажбурлап тыгыштырууга болгон аракеттери себептүү жергиликтүү мусулмандар жана кафирлер ортосунда согуштар болду. Узакка созулган согуш орустардын жеңиши менен аяктады. Бул “жеңиштин ийгилиги” замбиректерден же орус кошуунунун көптүгүнөн эмес, тескерисинче, жергиликтүү мусулмандардын арасындагы чыккынчылар себептүү болду. Мындан тышкары, хандыктардын (Кокон, Бухара) ортосуна фитна салгандар да бул жеӊилүүгө өтө чоӊ салым кошушту. Натыйжада чыккынчы саткындар жана фитначылар мээнети себептүү жергиликтүү мусулмандар жеӊилишти. Бул баскынга каршы чыккан патриотторубуз болсо “Басмачылар” деп аталышты. Натыйжада миллиондогон патриоттор жана аалымдардын кыргын кылынышы менен орус баскынчылары бул жерде өз бийлигин орнотту.

Орустар жеңгенден кийинки миллиондогон мусулмандардын кыргын кылынышы, мурунку согуштарда өлгөн аскерлерден айырмалуу түрдө жергиликтүү калктар арасынан чыккан чыккынчылар жардамында ишке ашырылды. Саткындар согуштун алдындагы аскерий сырларды жеткирип коюшуп, согуштагы жоготуулар түздүн-түз орустардын колу менен ишке ашты.

Кийинчерээк, элдин арасынан алып чыгып кетип (кулакка тартуу) атып жиберүүлөр болсо ушул мусулмандардын арасынан чыккан милиция же НКВД кызматкерлери тарабынан ишке ашты. Андан кийин орустардын кызыкчылыгы үчүн 1941-жылдагы согушка аттандыруу, кийинки жылдардагы мусулмандардын Сибирге сүргүн кылынышы сыяктуу бир нече зулумдар мусулмандардын арасынан чыккан милиция жана аскерлердин колу менен ишке ашты.

СССР кулатылып эгемендүүлүккө жетиштик деп кубанган калктын кубанычы көпкө созулбады. Себеби, өлкөнүн үстүнөн бир колонизатор кетип, башка колонизатор келди. Мында да өлкөбүздөн чыккан милиция жана УКМК (СНБ) кызматкерлери куфр кызыкчылыктарын коргой башташты.

Акыркы 100 жылдыкта биздин өлкөбүздө жана башка Ислам өлкөлөрүндө болуп жаткан окуяларга назар сала турган болсок, мусулмандардын (калктын) зыянына болуп жаткан иштердин бардыгы мусулмандардын арасынан чыккан кыянатчы акимдердин катышуусунда ишке ашып жатат. Мейли, бул иштердин башында куфр мамлекеттердин (АКШ, Россия, Кытай, Англия, Франция) жетекчилери турган болсо да, калкыбыздын үстүнө түшүп жаткан кыйынычылыктар өзүбүздүн акимдерибиздин колу менен ишке ашырылууда.

Акимдердин кубаты эмнеде? Акимдердин кубаты албетте армияда жана милиция кызматкерлеринде. Көӊүл бурган болсоӊуз, кыянаттын чоӊун акимдер кылышат. Милиция жана аскерийлер буйрукту аткаруучу орган болгондуктан, акимдер кыянаттарды орган кызматкерлеринин колу менен ишке ашырышат.

Жогоруда айтып өткөнүбүздөй, акимдердин кубаты милиция жана аскерлерде. “Халваны аким жейт, таякты болсо жетим” дегендей, акимдер чоӊ өлчөмдөгү байлык үчүн калкка кыянат кылышат. Алардан калгандарын милиция жана аскерийлер алышат. Ушул байлык үчүн орган кызматкерлери калк менен келишпестиктерге барып, жаман көрүнүшөт, эгерде калктын нааразылыгы күчөп кетсе дагы ошол милиция айыптуу болуп кала берет.

Түпкүлүгүндө милиция жана аскерийлер элдин арасынан чыккан эр жүрөк, кайраттуу, соо-саламат жана бакубат адамдар. Аларга буйрук берип жаткандар болсо ушундай адамдарды “Силер мекенге кызмат кылып жатасыӊар” деген сөздөр менен элдин жек көрүүсүнө кириптер боло турган тарапка багыттап, калк менен карама-каршы абалга дуушар кылып коюшат.

Анын үстүнө бул кызматкерлердин айлык акысы да чеке жылытарлык эмес. Натыйжада ушул мекен сакчылары паракордукка (коррупцияга) берилип кетишет. Түпкүлүгүндө, акимдер чыгарган мыйзамдарды коргоочулар жана акимдер таянуучу күч болгон орган кызматкерлери акимдер тарабынан татыктуу түрдө сыйланышпайт. Айлык маянасы күнүмдүк жашоосуна жетпеген соӊ, алар пара алууга мажбур болушат.

Мыйзамдарды коргоо же пара алуу чегарасынан өтүп кеткен учурда болсо дагы ушул орган кызматкерлери мыйзам бузган болушат жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Акимдер, депутаттар алып жаткан өтө чоӊ өлчөмдөгү паралар жана кыянаттар үчүн кафирлерден келип жаткан акчалар тилге да алынбайт жана эч кандай кылмыш иши козголбойт. Эгерде кылмыш иши козголо турган болсо да капиталисттик түзүмдө жашап жаткандыктан, алардын иши тымызын бүтүп кете берет.

Эгерде пара менен тиричилик кылуу кыйындап кала турган болсо, депутаттар тарабынан пара алууга мыйзамдуу шарттар түзүлөт. Көӊүл бурган болсоӊуз, эӊ чоӊ кыянатчылар – бул мамлекет башчылары. Милиция жана аскерийлер болсо, болгону алардын буйруктарын аткаруучу бир орган. Сөзүбүздүн башында айтканыбыздай, акимдердин буйругун аткарууда милиция кызматкерлери элдин зыянына иш  кылышат жана ошол элдин каарына дуушар болушат. Материалдык колдоо да жетиштүү эмес. Түпкүлүгүндө, бул абалга Ислам көз карашынан карай турган болсок, Пайгамбарыбыз с.а.в.дын: Ким Аллахтан башкага кулдук кылса, ошол кимсенин колунда кор болмоюнча өлбөйт”, – деген сөздөрү кандай гана акыйкат.

Орган кызматкерлери жана аскерлерге айтарыбыз, силер мамлекеттин таянычы болуп эсептелесиӊер. Бирок, малай акимдердин сөзүнө кирип куфр кызыкчылыктарын коргоп жатасыӊар. Натыйжада болсо калкыӊарга, мекениӊерге кыянат кылып жатасыӊар жана элге жаман көрүнүп жатасыӊар. Пайгамбарыбыз с.а.в.дын “Мазлумдун дубасы ижабат”, деген  сөзү бар. Силер калкыӊарга зулум кылып, залимдерге шерик болуп жатасыӊар. Мунун натыйжасында бул дүйнөдө да жыргап кеткен жериӊер жок о.э. акыретте да жакшы жашоо күтүп турган жок. Көзүнөрдү ачкыла! Акимдердин буйругун ойлонуу менен аткаргыла! Антпесе, бул дүйнөдөгү жана акыреттеги жашооӊор жакшы болбойт. Мекенге кызмат кыламын деп, мекендин чыккынчысына айланып каласыӊар.

 Бүгүн үммөттүн башына түшкөн кордуктардын биринчи себеби демократиялык система болсо, экинчиси ушул малай акимдер. Эгерде бул акимдер чыккынчы болбогондо куфр мамлекеттери канчалык күчтүү болушуна карабастан, мусулмандарга кол салууга батынбайт эле.

Ансор Ансор.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here