Чубак ажыга ЖМКларга чыгууга тыюу салынды

318
0

Чубак ажыга ЖМКларга чыгууга тыюу салынды

 Кыргызстанда Ислам менен куфр ортосунда жүрүп жаткан күрөш жогорку чегине чыгып барууда. Жетекчи куфр мамлекеттер Ислам жана мусулмандарга каршы күрөшүү үчүн өкмөткө өтө чоӊ өлчөмдөгү каражаттарды беришине карабастан, карапайым мусулмандардын арасында Ислам динине жана анын баалуулуктарына умтулуу күндөн-күнгө күчөп барууда. Буга ачууланган куфр мамлекеттери расмий бийликтен Ислам динин жана анын баалуулуктарын кеӊири жайып жаткан мусулмандарга о.э. аалым-уламаларга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кыла башташты. Расмий бийлик алардан алып жаткан садагаларды актоо үчүн коомчулукта таасирге ээ болгон о.э мусулмандарды исламий пикирлер менен сугарып, Ислам дининде кармап турууга кудуреттүү болгон уламаларды “террорист” жана “экстремист” тамгалары менен коомдон четтетип койду. Уламалардын айрымдары камакка алынган болсо, айрымдары болсо динин сактоо үчүн мамлекеттен чыгып кетүүгө мажбур болушту.

 Абал ушунчалык татаалдашып, уламалар Исламды же куфрду тандоонун ортосунда калышты. Эгерде уламаларыбыз ыймандан келип чыгып, Ислам талаптары алкагында сөз кылышса аларды дароо экстремист жана радикал деп айыптай башташты. Расмий бийлик каалагандай иш кылып жаткандарга болсо кеӊири шарттарды түзүп беришүүдө.

 Ушундай сыноолордун кезектегиси диндеш боордошубуз Чубак ажы Жалиловго туура келди. Белгилүү болгондой, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов “Эмгек кодексине” өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жума намазы үчүн түшкү тыныгууну 2 саатка узартуу туурасында мыйзам долбоорун иштеп чыккан эле. Жогорку  Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитети 6-июндагы отурумунда Кыргызстан “светтик мамлекет” экендигин шылтоолоп, жума намазы учурунда түшкү тыныгуу убактысын узартуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун кабыл албаган.

 Комитеттин ошол отурумунан кийин Чубак ажы бир мусулман катары, ыйманынан келип чыгып аталган мыйзам долбоору, аны колдогон жана каршы чыккан депутаттар боюнча жекече пикирин билдирди. Чубак ажынын бул билдирүүсүнө Жогорку Кеңештеги намазканага каршы чыгуу менен белгилүү болгон Жанар Акаев жооп кайтарып, Чубак ажынын билдирүүсүн экстремисттик чакырык катары баалады. Айрым ЖМКлар болсо атайылап бул теманы коомчулуктун ичинде өтө чоӊ ызы-чууга айландырып жиберишти. Президент Алмазбек Атамбаев да бул ишке аралашты. Эки тарапты “жараштырмакчы” болгон Атамбаев жолугушууга Жанар Акаевди чакырып, ал эми Чубак ажыны чакырбай коюу менен өзүнүн кайсы тарапта экендигин көрсөттү.

 Мына ушул жолугушуудан кийин Чубак ажынын “Керемет ТВ” жана “Марал FM” радиосунан эфирге чыгуусуна тыюу салынды. Аллах Таала албетте мусулмандын ыйманына карай сыноо берет. Мусулман Аллахка жакындаган сайын ага карата коркутуулар жана куугунтуктар күчөйт. Мусулман адам, айрыкча диний уламалар, Аллахтын динин бийик кылууда  канчалык активдүү болушса, куфр жана анын малайлары анын добушун өчүрүп, коомдон сүрүп чыгууга ошончолук көбүрөөк аракет кылышат.

 Биз Хизб ут-Тахрирдин мүчөлөрү “Кыргызстан бийлиги бирер исламий уюм же диний аалымга эмес, тескерисинче, куфр басымы астында Ислам динине, анын баалуулуктарына жана мусулмандарга каршы күрөшүп келе жатканын” тынымсыз кайталап келебиз. Шейх Чубак ажынын башына түшкөн бул окуя да ушул сөзүбүздү тастыктап турат. Эгерде биз Чубак ажы дуушар болгон абалды “саясатка аралашып эмне кылат” деп жаап-жашыра турган болсок, ар бирибизге кезек  жетип келет. Аалымдарыбыз ыймандан келип чыгып сүйлөшсө аларга кысым көрсөтүшөт, аларды коомдон четтетип, добушун өчүрүүгө аракет кылышат. Аларды “экстремист, террорист” деп айыпташат. Мындай учурда биз мусулмандар аалымдарыбызды жалгыз таштап койбостон, аларды болгон мүмкүнчүлүгүбүз менен коргошубуз керек. О.э. исламий раъй жана пикирлердеги айрым келишпестиктерди бир четке жыйыштырып коюп, бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаруу менен куфрдун пикир жана аракеттерине каршы күрөшүүбүз важиб.

Абдурахман Адилов.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here