Россия Мамлекеттик Думасы “Пакет Яровой” деп аталган “терроризмге каршы” мыйзамдар топтомун кабыл алды. Жаңы мыйзамдар боюнча, “кылмыш тууралуу кабар бербеген” адамдар 1 жылга, “массалык башаламандыкка чакыруу, ага жалдоо” кылмыштарында айыптуу деп табылган адамдар 5 жылга, “интернетте терроризмге чакыруу” менен алектенгендер 7 жылга, “террорчуларга жардам бергендер” 15 жылга чейин камалышы мүмкүн. О.э. Россияда интернет-жазышуулардын үстүнөн көзөмөл күчөтүлүшү жана терроризмде шектелгендер 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн экендиги белгиленди.
Россия парламенти 24-июндагы жыйында бул мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Эми 14 жашка чыккан жаран Кылмыш Кодексинин бир нече беренеси боюнча жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
Ушундай көрүнүштө Россияда бардык “терроризм” беренелери боюнча жаза мөөнөттөрү жана штрафтар кескин көтөрүлдү. Мисалы, “Теракт” беренеси боюнча эң төмөнкү жаза мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга көтөрүлдү. Террорчуларга жардам бергендерге мурда 10 жылдык жаза белгиленген болсо, эми 15 жылга узартылды.
“Экстремисттик” беренелер боюнча да талаптар күчөдү. РФ Кылмыш Кодексинин 282-беренеси (улуттар жана диний аралык кастыкты козгоо) негизинде эӊ жогорку жаза мөөнөтү 5 жылдан 6 жылга көбөйтүлдү; штрафтар болсо болжол менен 3 эсеге көбөйдү.
Сот тарабынан “эл аралык терроризмге” байланышы бар деп табылгандар эми өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.
“Яровая мыйзамдары” 2018-жылдын 1-июлунан баштап күчүнө кирет.
Туркистон:
Ушул жылдын башында депутат Кыянбек Сатибалдиев да жаш балдарды 14 жаштан баштап кылмыш жоопкерчилигине тартууну сунушутаган мыйзам долбоорун парламентке алып чыга баштады. Апрель айында депутат Салянова: “Сиз 14 жаштагы бала терроризм жана экстремизм эмне экендигин түшүнө алат деп ойлойсузбу. Ал муну кайдан билет. Аны жоопкерчиликке тартуу мүмкүн деп ойлойсузбу?” – деген суроо менен бул мыйзам долбооруна каршы экендигин билдирди. Анткени, ошол кезде Салянова 18 жашка чыга элек жаштарга нике кыюуга тыюу салуучу мыймзам долбоорун парламентке алып чыкканы жаткан. Салянованы “14 жашка чыккан бала экстремист болушу мүмкүн да, бирок нике менен турмуш курууга жараксыз болобу” деген бири-бирине карама-каршы пикир пайда болуп калышы ойлондуруп жаткан эле.
Чындыгында эле, 14 жаштагы бала же кыз никеден кийин жөнөкөй эле үй иштерин эптей алышпаса, жыныстык жана башка алакаларды түшүнө албай үй-бүлөлөр бузулуп кетишине себепкер болушса, анан кантип алар “террорист” же “экстремист” болуп кетишет. Бул куфр ойлоп тапкан терминдерди кыргыз саясатчылары жана эксперттери да анык түшүндүрүп, анын чегараларын аныктап сызып бере алышпайт. Анан кантип 14 жаштагы перзенттерибиз муну ажыратып алышсын.
Кыргызстан бийлиги Россиянын өкмөтүн ээрчип бара жатат. Кыргызстан конституциясын Европа мамлекеттеринен көчүрүп алышты. Жогорку Кеңештин депутаттары болсо, РФ Мамлекеттик Думасынын мыйзамдарынан көчүрмө алуу менен иштеп жаткандай түр көрсөтүп жатышат.
Бирок, бул адамгерчиликке туура келбеген жана мусулмандардын менталлитетине каршы келген мыйзамдар Кыргызстан мамлекетин кандай абалдарга алып барышы о.э. келечекте пайда же зыян алып келиши жөнүндө пикирлей алышпайт. Анткени, саясий элитанын көпчүлүгү “Жогорку Кеңештин” сыртында калып кетти. Депутаттар өздөрүнүн саясий алсыздыгын жашыруу максатында бир катар логикага жатпаган мыйзам долбоорлорун көтөрүп чыгышууда. Бул мыйзам долбоорлору болсо кыргыз улуту арасында өтө чоӊ карама-каршылыктар жана бөлүнүүлөрдү пайда кылууда. Аныгыраагы, алардын саясий алсыздыгынан пайдаланып, эл аралык уюмдардын өклдөрү жана расмий же расмий эмес чет мамлекеттердин өкүлдөрү о.э. алар өздөрү үчүн кеңешчи кылып жалдап алган эл аралык эксперттердин ар бири өз кызыкчылыгынан келип чыгып, алсыз депутаттарды өздөрү тарпка тартып жатышат. Натыйжада Кыргызстан коомунда өтө кооптуу жана туруксуз саясий абал пайда болууда. Бул абал кимдир бирөөлөр үчүн пайдалуу болушу мүмкүн, бирок, Кыргызстан мамлекети, жарандары жана саясатчылары үчүн эмес.