Түркия менен Израиль ортосундагы келишим АКШны жана яхудий вужудун курсант кылды

305
0

АКШнын демилгеси менен Түркия жана Израиль ортосунда түзүлгөн келишим Ак үйдү жана анын эркеси Израиль мамлекетин курсант кылды. Түркиянын Тышкы иштер министринин кеңешчиси Феридун Синирлиоглы Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняхунун атайын өкүлү Юсуф Cиечановер менен Римде жолугушуп, “Израиль менен Түркия ортосундагы мамилелерди өнүктүрүү” келишимине кол койгондон кийин, АКШ өкмөтү буга ыраазы экендигин билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Түркия менен Израиль ортосундагы келишимге аябай курсант болгондугун айтып, бул кадам дагы башка бир нече жакшы кадамдарга алып барышынан үмүттөнгөндүгүн билдирди.

АКШнын мамлекеттик катчысы: “Биз Түркия менен Израиль ортосундагы келишимден аябай курсантпыз. О.э. бул кадам дагы башка бир нече жакшы кадамдарга жол ачат деген үмүттөбүз”, – деди.

Бул келишимге Израиль өкмөтү баарынан көп курсант болду. Израиль премьер-министри Бенямин Нетаняху АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Римде жолугушкандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип, Түркия менен түзүлгөн келишим Израиль экономикасына аябай чоӊ таасир көрсөтүшүн билдирди.

Туркистон:

Түркия менен Израиль ортосундагы келишим – Түркия дааба кылгандай – Палестина калкынын кызыкчылыгы үчүн түзүлбөгөндүгү анык. Ошондуктан, Палестина калкын да, мусулмандарды да курсант кылбады. Тескерисинче, АКШнын мамлекеттик катчысы Керри айткандай, АКШ менен яхудий вужудун курсант кылды.

Мави Мармара шейиттеринин биринин кызы Марям Чингиз Фаcебоок баракчасы аркылуу Түркия менен Израиль ортосундагы келишимге нааразы экендигин билдирди.

“Кечиресиз!” Израиль менен келишим түзүшүбүз керек дедиӊизби? Жок, эч качан. Оозуӊуздан чыгып  жаткан сөздөрдү дүлөй кулактарыӊыз укпай жаткан окшойт! Газадан блокаданы алып таштайт имиш, кечирим сурайт имиш, кун төлөйт имиш ж.б.у.с…. Канкор Израиль ушуга чейин кайсы сөзүнө турду, кайсы шарттарга амал кылды?

Мырзалар, силер кимден сурап иш кылып жатасыӊар? Бул жерде шейиттердин жакындарынын сөзү өтөт. Мен башка шейиттердин жакындары сыяктуу эле кечирим да, кун да, келишим да кабыл албаймын. Палестина калкынын кадыр-баркы сатылбаганы сыяктуу эле, шейиттерибиздин каны да сатылбайт. Бардык мусулмандар жана Түркия калкы жогорудагы келишим каршысында кол куушуруп отурат деп ойлоп жатасызбы?” – деди Марям Чингиз.

Эскерте кетүүчү нерсе, 2010-жылы 10-июнда Израиль каракчылары Мави Мармара кемесине караӊгы түндө чабуул кылып, 10 мусулманды өлтүргөн кезде “Палестина доосу биздин дообуз, Мави Мармаранын эсеби суралат, мен жетекчи болуп турганда Израиль менен алака тикеленбейт” деген кимселер бүгүн алака тикелөөнүн “хикматтары жана неъматтарын” түшүндүрүүгө аракет кылып жатышат. Ал кезде “Израиль террорчу мамлекет” деп жар салган жетекчилер бүгүн “Израиль биздин досубуз. Израилге муктаж экенибизди кабыл алышыбыз керек” деп жатышат.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here