Картер: Азия-Тынч океаны мамлекеттери үчүн НАТО сыяктуу аскерий уюм керек

445
0

Сингапурда “Азия-Тынч океаны региону” өкмөттөр аралык коопсуздук форуму болуп өттү. Он бешинчи жылы өтүп жаткан бул форумда Азия-Тынч океаны мамлекеттеринин коопсуздук маселеси талкууланды. О.э. бул форумда Азияда коопсуздук маселелери, Азия-Тынч океаны регионундагы аскерий атаандаштык, дүйнөдөгү башаламандык каршысында регион мамлекеттеринин коргонуу саясаты, региондук жаӊжалдардын чечим табууну оорлоштурган татаал проблемалар жана региондогу коопсуздук тармагындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Үч күнгө уланган “Шангри-Ла диалогу” деген аталыштагы форум борбору Лондондо жайгашкан эл аралык стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан алып барылды. Жолугушууда форумдун туруктуу мүчөсү болгон Австралиядан баштап, Ветнамга чейинки 28 Азия-Тынч океаны мамлекеттеринин коргоо министрлери, куралдуу күчтөр командачылары, саясатчылары жана түрдүү мамлекеттерден келген адистер эл аралык окуяларга карата пикирлерин билдиришти.

Азиядагы коопсуздук маселелерине арналган форумдун биринчи жыйынында АКШ Коргоо министри Эштон Картер сөз сүйлөдү. Пентагон башчысы Вашингтондун Азия-Тынч океаны регионундагы аскерий саясатын ишке ашыруу боюнча көз карашын жарыя кылып, Азияда Кытайга каршы НАТОго окшогон дагы бир аскерий уюм түзүү сунушун ортого таштады.

Картердин айтымында, Азия-Тынч океаны регионунда согуш, тынчтык жана туруктуулукту камсыздоо Европадагы НАТО сыяктуу борборлошкон уюм тарабынан көзөмөлгө алынган эмес. Ушундай болгон соӊ, региондун коопсуздугу жаатында кудум НАТО сыяктуу аскерий уюм зарыл болот.

Россиянын “Независимая” гезити жазышынча, Кытайдын күчөп бара жаткан экономикалык жана аскерий кубаты Тынч океаны регионунда жана жалпы дүйнөлүк масштабда Американын үстөмдүгүнө зыян жеткириши мүмкүн. Ошондуктан, Ак үй региондогу мамлекеттердин аскерий күчтөрүн бириктирүүчү аскерий уюмга муктаж.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here