Кызын премьер-министрдин жардамчысы кылып дайындаган Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев мамлекетте бийликке татыктуу болгон жөндөмдүү аялдар бар экендигин билдирди.
Петербург эл аралык экономикалык форумунун башкы Ассамблеясында журналисттердин суроолоруна жооп берген Нурсултан Назарбаев Казакстанда мамлекетти башкарууга жөндөмдүү аялдар бар экендигин баса белгиледи. Модератор Фарид Закариянын: “Сиз премьер-министрдин орун басарлыгына аял кишини дайындадыӊыз. Убагы келгенде бир саясатчы аял Казакстанда мамлекет башчысы болушу да мүмкүнбү?” – деген суроосуна Назарбаев: “Эмнеге болбосун? Албетте болушу мүмкүн. Казакстан калкынын 51 пайызын аялдар түзөт. Депутаттардын 30 пайызы аялдардан турат. Өкмөттүн курамында да бир нече министр аялдар бар. Демек, аял кишинин шайланып калышы толук мүмкүн, бул кызматка даярдыгы жетиштүү аялдар бар”, – деп жооп берди.
О.э. Казакстан президенти “Менин үч кызым бар, ошондуктан мен аялдарга өзгөчө көз караш менен караймын” деп кошумчалады.
Учурда Казакстан премьер-министринин орун басары болуп турган президенттин тунгуч кызы Дарига Назарбаева атасынын мураскору катары сыпатталат.