Түркия менен Израиль ортосундагы сүйлөшүүлөр акыркы баскычта

274
0

Түркия менен Израилдин ортосундагы мамилелерди ылайыкташтыруу үчүн эки мамлекеттин өкүлдөрү ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөр  аяктап калды. Түркия жана Израилдин расмийлери 26-июнь күнү жолугушуп, алакаларды жакшыртуу үчүн тыянактоочу келишимге кол коюшат. Бул тууралуу Израилдин Хаарец гезити кабарлады.

Гезиттин Израиль Тышкы иштер министрлигиндеги жогорку даражалуу жооптууга таянып кабар беришинче, эки мамлекеттин өкүлдөрү 26-июнда Европа мамлекеттеринин биринде жолугушуп келишип алышат. Гезиттин жазышынча, Израиль расмийи эки мамлекет ортосундагы тыянактоочу жолугушуу май айында болушу күтүлгөндүгүн, а бирок, Түркиянын мурдагы премьер-министри Ахмет Давутоглунун отставкасы себептүү июнь айына калтырылгандыгын билдирген.

“Ynet” маалымат             агенттигине интервью берген Израилдин башка бир жогорку даражалуу кызматкери “сүйлөшүүлөрдүн 95 пайызын аяктадык, болгону бир нече бөлүктөрү гана калды” деди жана кыска убакыттын ичинде келишим түзүлүп бүтүшүн билдирди.

Башка тараптан болсо, Израилдин Энергетика министри Ювал Стеинитз өткөн март айында АКШда болуп өткөн ядролук коопсуздук саммитинде Түркия президенти Режеп Таййип Эрдоган менен жолугушкандыгын билдирди. Куддуста “Reuters” маалымат агенттигине интервью берген Стеинитз Вашингтон саммитиндеги Түркия-Израиль сүйлөшүүлөрү болжол менен 30 мүнөткө созулгандыгын билдирди. Стеинитздин айтымында, жолугушууда Сирия кризиси, Ирандын Сириядагы аралашуусу, терроризм (Ислам) жана газ маселелери талкууланган.

Стеинитз жолугушуу абдан жакшы маанайда өткөндүгүн баса белгилеп, башка эч нерсе айтууну каалабай тургандыгын билдирди. Израилдик министр Түркия менен дипломатиялык алакалардын тикелениши эӊ чоӊ тарапкерлер ортосунда болуп өткөндүгүнө өзгөчө басым жасады.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here