Россия бюджетиндеги дефицит 22 миллиард долларга жетти

407
0

Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Россия бюджетинин дефицити 1.48 триллион рубльга, башкача айтканда болжол менен 22 миллиард долларга жеткендиги жарыя кылынды.

Россия Финансы министрлиги берген билдирүүгө ылайык, 1-июндан баштап Россия бюджетинин дефицити 1.48 триллион рублга жеткен бир учурда, бюджеттин кирешеси 4.64 триллион рублга түшүп калган болсо, бюджеттин чыгымдары болсо 6,1 триллион рублга көтөрүлгөн.

Аптанын башында берилген билдирүүдө айтылышынча, мамлекеттин январь-апрель айларындагы соода сальдосу өткөн жылдын жылдын ушул мезгилине салыштырганда 48 пайызга азайып, 33,2 миллиард долларга түшүп калган.

Нефтинин арзандашы себептүү экономикалык кризиске жүздөнгөн Россиянын Ички дүӊ продукциясы өткөн жылы 3,7 пайызга азайган эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here