Кытай өкмөтү: Балаӊ орозо кармап, намаз окугандыгы үчүн сен жооп бересин

251
0

Кытай киргизген мыйзамдар себептүү дүйнөдөгү эң чоӊ “түрмөгө” айланган Чыгыш Түркстандагы мусулмандар рамазан айында дагы да көбүрөөк кысымдарга дуушар болууда. “Чыгыш Түркстан” маалымат агенттиги таркаткан кабарга таянсак, 6-июнда Үрүмчүдө мамлекеттик кызматкерлерге, студенттерге жана жаш балдарга “Мен Рамазан айында орозо тутпаймын” деген жазма билдирүүгө кол койдурулган. 14-жылдан бери орозо кармоого расмий түрдө тыюу салынган Чыгыш Түркстанда бир нече күн мурда “орозо кармоо жана ага үгүттөө” айыбы менен 17 адам камалган болчу.

Мындан тышкары, Кытай 4-июнда Чыгыш Түркстандык ар бир үй-бүлөгө өзүнчө каттарды жөнөтүп, “балдарыӊарды Исламдан алыс кармагыла, антпесе, үстүӊөрдөн адилеттүү сот жараяны жүрөт” деп коркутту.

Чыгыш Түркстандын борбору Үрүмчүдө жайгашкан 46-лицейде 4-июнь күнү Кытай Коммунисттик партиясынан уйгур үй-бүлөлөргө каттар жиберилди. Ата-энелер бул катты окуп кол коюшу шарт кылынган.

Каттын мазмуну Чыгыш Түркстанда зулум канчалык деӊгээлге жеткендигин көрсөтүп турат. Бир нече тыюуларды өз ичине алган каттын көӊүл бура турган чекиттери төмөнкүлөр:

Урматтуу ата-энелер, балдарыӊар намаз окушу, мечитке барышы, орозо кармашы, диний ишмердүүлүк менен алектениши, диний кийим кийиши жана ар кандай динге ишенүүсү кооптуу көрүнүш болуп, буга мыйзам аркылуу тыюу салынган.

Балдарыңардын радикализм жана зомбулукту үйрөтүүчү ар кандай аудио жана видео материалдардан пайдаланышына катъий түрдө тыюу салынат.

Балдарыңардын уюлдук телефондор менен радикализмге жана зомбулукка тиешелүү кабарларды кабыл алышы жана башкаларга таркатышына тыюу салынат.

Балдарыңардын тарбиясында Кытай Коммунисттик партиясы белгилеген саясий, идеологиялык максатты калыптандырууда жана өнүктүрүүдө жетиштүү даражада көӊүл буруу о.э. камкордук көрсөтүү зарыл.

Жогоруда көрсөтүлгөн беренелер туурасында көзөмөл кылып туруу жана жоопкерчилик ата-энелердин мойнунда болуп, бул милдетти аткарбаган ата-энелердин үстүнөн кылмыш иши козголот.

 

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here