Жума намазынын убактысы боюнча сунушталган мыйзам долбоору себептүү келип чыккан карама-каршылыктарга КР президенти Алмазбек Атамбаевдин өзү да аралашты. Ал 10-июнда депутат Жанар Акаевди, блогер Алия Суранованы, муфтий Максатбек ажы Токтомушевди, аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовду жана көз карандысыз эксперт Нурлан Исмаиловду кабыл алды. Бирок, бул кабылдамада Чубак ажы катышкан жок. Эгер бул иш-чарадан калыс жана адилеттүү чечим чыгаруу көздөлгөн болсо, анда Чубак ажы да кабылданышы керек болчу. Анткени, Пайгамбарыбыз с.а.в. хадисинде: «Эки даабалашуучу алдыңда отурганда, биринчисин укканыңдай эле экинчисин да укпастан туруп өкүм чыгарба», – деген.
Жанар Акаевди тааныштырууга кажет жок, ансыз деле ал ушул окуя себептүү калкка “катуу таанылды”.
Алия Сурановага токтоло кетсек, ал айым Чубак ажы тууралуу “чууну” баштап бергендердин бири. Бул жаатта “Азаттыкка” макала жарыялаган жана анда Чубак ажыга о.э. Ислам динибизге жалган жалааларды жапкан. Мисалы ал:
– Кечээ жакында эле Улуттук филармониянын алдында бачата бийин бийлеп жаткан жаштарга сакалчандар асылып, бийлетпей коюшту. Бий мусулмандыкка жатпайт имиш. Эми светтик мамлекеттин ичиндеги мыйзамдардын талкуулары, эл тандаган эл өкүлү мыйзам боюнча өз пикирин билдирүүсү да мусулмандарга каршылык экен. Эртең кимди куугунтуктап чыгышат? Кыздар окубасын деп чыгышабы? Же болбосо, күйөөсүнө каяша айткан аялдарды таш менен ургулап өлтүргүлө деп чыгышабы? – деген.
Негизи, имиш эмей эле, бачата бийине мусулманчылыкта анык тыюу салынат, ал динибизде бузукулук эсептелет. Чубак ажы болсо, эч кимди куугунтуктаган жок, тек гана өз оюн билдирди, эми болсо, айткан пикири үчүн өзү куугунтуктала баштады. О.э. Ислам кыздарды окубасын дебейт, күйөөсүнө каяша айткандарды ташбараңга ал дебейт – булардын баары блогердин бет тырмачы жалган жалаалары.
Ал айым бийлик башындагыларды да акаараттан сыртта калтырбастан:
– Ойгонгула, болбосо, арабдардын акчасына байып, элдин башын айлантып отурган кээ бир диний кызматкерлердин жана аларга кошомат кылабыз деп ырсайып отурган бийлик башында тургандардын айынан эртең Ооганстандын филиалында жашап калбайлы, – деген эле.
Мына эми бул блогер айым Атамбаев тарабынан жылмаюу менен кабыл алынып олтурат.
Абдышүкүр ажы жана Максат ажыларды Кыргызстанда кимдер гана тааныбайт. Аларды өлкөдөгү көпчүлүк мусулмандар аалым деп билишет. Кече ушул аалымдарыбыз – динге каршы чыгууга батынган Жанар Акаев жана динибизге заар чачкан жогорудагы блогер айым менен бирге – президент алдында бир столдо олтурушту.
Ал эми Нурлан Исмаилов тууралуу айтсак, ал дин жана динтаануу боюнча билим берүүнү реформалоо долбоорун иштеп чыгуучу топтун мүчөсү, кесиби юрист.
Президент Атамбаев жолугушууда токтом кылган тыянак пикирлер төмөнкүлөр болду. Ал:
– диний догмаларды сокурлук менен ээрчүү айрым араб өлкөлөрүндөй абалга алып барарын;
– мындай чакырыктар түптүз ИГИЛге жол ачарын;
– мамлекеттин светтик мүнөзүнүн конституциялык принцибин бузуу жол берилгис экенин;
– Кыргызстанда ар ким өз ой-пикирин ачык айтууга укуктуу, бирок, диний ишмерлердин саясатка кийлигишүүсүнө эч жол берилбешин;
– Акыркы демилгеге байланыштуу талкуулар маалында сезимди козгогон диний чакырыктарга, айрыкча, ыйык Орозо айында жол берилбешин – ушуларды баса белгиледи.
Президенттин бул пикирлери – Чубак ажы аркылуу Исламга каршы чабуул баштаган дин душмандары айтып жаткан пикирлердин көчүрмөсү эле болду.
Америкапарас дин душмандарынын баары “мамлекеттин исламдашуусу Ирак, Сирия, Афганистандагы сыяктуу абалдарды алып келишет” деп уктурушууда. Негизи, ал жерлерге Америка бастырып кирип, ушундай акыбалдарга салбады беле…
Анан дагы, мусулмандар мусулманчылыгын бекем карманып башташса эле, ИГИЛге барып кошулуп калышат имиш да, кайра келип мамлекетке калаба салышат имиш. Негизи, ИГИЛге АКШ тарабынан кандай мүмкүнчүлүктөр берилгени, ага кошулуу үчүн мамлекеттер тарабынан коридорлор ачып коюлганы, ал кандайча Америка кызыкчылыктарын ишке ашырып калганы жалпыга маалым.
Акыры дин душмандарынын чыныгы жүздөрү көрүнүп, алар светтик жашоону коргоп жатышканы, светтик жашоо системасы болсо Ислам динибизге тескери келери ачылып калды. Светтик дегени – бул дүйнөдө (на этом свете) пенделер өздөрүнө өздөрү мыйзам чыгарып, ошону менен жашашат. Жаратуучунун мыйзамы жашоого кийлигишпейт, Акырет жашоосу эске алынбайт дегени.
Бирок, дин душмандары, демократияга жана америка саясатына тиешелүү болгон эки жүздүүлүктү ишке салууну да унутушкан жок. Алар фитнаны баштап коюп, кайра “орозодо сабырдуу болуш керек”, “аалым ошентсе жарашабы” деген сыяктуу сөздөрдү айтышып, аалымыбызга динден таалим берип чыга келишти.
Кыскасын айтканда, президент да тиги Америка малайлары колдонуп жаткан пикирлерди эле кайталап, калкка ошолорду жеткирүүнү насаат кылды. Акыйкатта, бул пикирлер Чубак ажынын билдирүүсүн четке кагат жана Исламга каршы күрөшкө салым кошот. Аларды жеткирүү Абдышүкүр ажы, Максат ажы жана Нурлан Исмаиловго тапшырылды. Ал пикирлерди жаюуда адамдарды адаштыруу керек болуп калса, “ынтымак”, “биримдик”, “тынччылык” пикирлери ишке салына турган болду. Ушул орунда Расулуллах Aдын амирлер жана аалымдар тууралуу айткан хадиси тастыгын таап калбаса эле болду. Дайламий «Муснадул-фирдаус»та Абу Хурайра р.а.дан риваят кылат, Набий A айтты: «Менин Үммөтүмдөн айрым адамдар динди үйрөнүшөт, Куран үйрөнүшөт жана: «Амирлерге барабыз да, дүйнөлөрүнөн алабыз, кайра алардын алдынан динибиз сакталган абалда чыгып кетебиз», – дешет. Жок, андай болбойт. Жантактан тикен гана алынгандай, амирлерге жакындашуудан каталар гана жыйып алынат».
Президент тапшырмасы алкагында, улуттук телеканалда “Дин тутуу эркиндиги коопсуздукка шек келтирбеши керек” деген берүү уюштурулду. Ага баягы “үчилтик”: Абдышүкүр ажы, Максат ажы жана Нурлан Исмаиловдор катышты. Президент тапшырган пикирлерди жаюу үчүн, Абдышүкүр ажы менен Максат дамла шарияттан жол таап жатышты.
Максат ажы чү деген эле жерден көтөрүлгөн маселе боюнча “бул жума намазы маселеси эмес, бул болгону бир убакыт маселеси гана, ал важиб да эмес, башка да эмес, эч нерсе эмес” деп, аны арзыбас кылып көрсөттү. Негизи, Аллах таала айрым шаръий өкүмдөрдүн өтөлүшүндө убакытты шарт кылып кылып койгон. Мисалы, 5 убак намаз, орозодо ооз ачып-бекитүү ж.б. өз убактыларында өтөлүшү фарз. Ушул сыяктуу, бул маселе да жума намазы үчүн шарт кылынган убакытка тиешелүү маселе эле. Андыктан да, бул мыйзам долбоору ошол жума намазынын өтөлбөй калышы көйгөйүн чечүү үчүн көтөрүлгөн болчу. Негизи, элден 10 миң кол топтоп, мындай мыйзам долбоорун муфтият сунуштап чыгышы керек эмес беле…
Ошентип, Максат ажы баштан-аяк бул окуянын маанилүүлүгүн жоготууга урунду. Муну “чымындан төө жасоо” деп баалады. Негизи, бул окуя “болор-болбос” бир маселе эмес, ыйман менен куфрдун, демократия менен Исламдын ортосундагы күрөштөн бир көрүнүш эле. Муфтий болсо аны Чубак-Жанар кайым айтышуусу кылып көрсөтүп коюуга катуу аракеттенди.
“Мунун орозо күнүндө болушу туура эмес” деп да жатты. Негизи, бул ай – Аллах Үммөттү амал кылып калууга шыктандырган ай. Бул айда ар бир жакшы амалдын сообу 10 эседен 70 000 эсеге чейин көбөйтүлүп берилет. Ошондуктан, солих бабаларыбыз бул айды нусрат жана фатх айына айландырышкан. Чоң Бадр жеңиши рамазандын он жетисинде болгон. Рамазан айынын жыйырмасында Маккаи Мукаррама фатх кылынган. 14-рамазанда Бувайбда жеңишке жетишкен. 17-рамазанда Амурия фатх кылынган. 25-рамазанда мусулмандар Айн Жалутта моңголдорду жеңген ж.б. Азыр ал жихадды аткара турган мамлекет жок, азыр мусулмандардан талап кылынган эң абзел жихад – жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтаруу болуп турат. Чубак ажы ушуну кылды. Ал эми, муфтийдин орозодо амру маъруф ва нахий мункар кылуудан тилди тыюуга чакырышын кандай түшүнсөк болот?
Муфтий “мусулмандын мусулманга колу менен, тили менен зыян жеткирбеши” тууралуу хадисти келтирип, мусулманды коркутуу-үркүтүү арам кылынганын айтты. Негизи, Чубак ажы эч кимди коркутуп-үркүткөн жок болчу. Болгону, өзү күбө болгон мункарга каршы чыккан эле.
Дагы Максат ажы “динди жаман көрсөтпөйлү” дейт. Негизи, дин кошамат кылуу менен жакшы көрсөтүлбөйт. Америка жана анын малайлары кылып жаткан куулук-шумдуктарга унчукпай койсок эле, алар динди жакшы көрүп калмак беле? Аллах Таала айтты: «Яхудий жана насранийлер тээ сен алардын динине кирмейинче эч качан сенден ыраазы болушпайт. Айткын: «Аллахтын жолу гана акыйкат жол». Ант болсун, эгер сага келген чыныгы билимден кийин алардын нафси-каалоолоруна ээрчип кетсең, Аллах тарабынан сага бир да дос, бир да жардамчы болбойт» [2:120]
Максат ажы “бирөө сөксө, мен орозомун деп кой” хадисин келтирип, муну менен Чубак ажыга насаат кылгандай болду. Бирок, бул маселе ушул хадисти колдонуунун орду эмес эле. Анткени, мында Чубак ажы Жанар менен жеке иштери себептүү урушкан жок. Ал дин жолунда, дин үчүн билдирүү жасады.
Жана дагы муфтий “бул да орозо, ал да орозо, экөө тең мусулман, мындай кылган болбойт” деген маанини айтты. Орозо өзүнчө бир өкүм, аны кармагандар Аллах үчүн кармайт. Орозо кармадым деп эле, динге каршы башка иштерди кыла бериш мүмкүн эмес. Эгер Жанарга окшоп кимдир бирөө башка бир күнөө ишти кылса, аны Чубак ажыга окшоп кайтаруу важиб. “Ал да орозо, ал да мусулман” деп таштап коюлбайт.
Булардан сырткары, муфтий былтыр экстремизмге каршы 818 иш-чара өткөрүшкөнү менен сыймыктанды. Негизи, бул экстремизмди кафирлер ойлоп тапкан жана ал тамганы калыс мусулмандарга жабыштырышууда. Мына, бир гана билдирүүсү үчүн Чубак ажыны экстремистке чыгарганы калышты. Муфтий муну билип турса керек.
О.э. Максат ажы шүгүр кылуунун ордун да бузуп көрсөттү. Азыр шүгүр кылууну ушундай ката түшүнгөн адамдарыбыз көп, чынында. “Коңшу өлкөлөрдө кандай болуп жатат, биздегиге шүгүр кылышыбыз керек” дешет. А акыйкатта болсо, Аллах кимди кандай абалда сынайт, Кыргызстандагыдай абал кылабы же Өзбекстандагыдай абал кылабы Өзү билет. Пенделер буга киришпеши керек. Мусулман адам мындайда пенделердин жоопкерчиликтерин аныктап алуусу кажет. Өзбекстандагы абал боюнча жоопкерчиликтер: 1. Өзбекстандагы диний чөйрөдөн чоочуган кафирлер, ал өлкөгө ашынган дин душмандарын жетекчи кылып коюшкан, демек, империалист кафирлер жоопкер. 2. Президент Каримов динге каршы кандай күрөшүү мүмкүн болсо, алардын баарын ишке салды, демек Каримов жана анын жүгүртөктөрү жоопкер. 3. Каримов кафирлер үйрөткөн улутчулдук, мекенчилдик идеяларын ишке салып, бирок калп эле “мен да мусулманмын” деп коюп, иш жүзүндө Исламга каршы күрөшкөндө, ага каршы фикрий-саясий күрөш алып барбаган калк өкүлдөрү жоопкер. 4. Экстремизм жана терроризмди шылтоолоп, Каримов калыс мусулмандарга зулум кылып жатканда, намазга уруксат бергенине “шүгүр кылып” жатып алган калган мусулмандар жоопкер. Негизи алар акыйкатты айтып, бул зулумга каршы туруулары керек эле. Бул алардын мүмкүнчүлугүндөгү нерсе болчу. Демек, алар берилген мүмкүнчулүктөргө шүгүрсуздүк кылышты, мындай шүгүрсүздүктун акыбетинде азыркыдай абалга тушугушту. Азыр чабуул “намазга шүгүр кылгандардын” намазына чейин жетип келди.
Учурда Кыргызстанда шүгүр кылуу түшүнүгүн туура эмес колдонуу мамлекет боюнча кеңири жайылтылууда. Ал президент тили менен, аалымдар тили менен айтылууда о.э. “Ыйман” фонду тарабынан күч структураларына сабак кылып окутулууда ж.б.
“Дин жеткирүүнү кыйратып койдук, эми ушуга шүгүр кылалы” деп, айрым өкүмдөргө амал кылып, айрымдарын таштап коюу ката. Ал ката түшүнүккө төмөнкүдөй түзөтүү киргизилет: Биринчиден, динди сен алып келген жоксуң, Аллах Өзү каалаган жолу менен, каалаган адамдары аркылуу алып келди; Экинчиден, дин талаптагыдай жеткирилиши керек, болбосо, сенин жарым-жартылай жеткиришиңе Аллах муктаж эмес, биртке амалыңды колко кылбай эле кой; Үчүнчүдөн, сен талаптагыдай жеткирбесең, Аллах сенин ордуңа талаптагыдай жеткире турган башка адамдарды чыгарып коёт.
Абдышүкүр ажы болсо сөзүн абдан туура баштады. “Бизди акыйкат бириктирбесе, ушундай бузукулуктар арабызды ажырата берет”, – деди. Бирок, кайра өзү бул сөздөргө амал кылбады.
Ажыкебиз сөздөрүн сабыр, кечирим, орозо тууралуу хадистер менен баштады, а негизи, ал далилдердин бул окуяга тиешеси жок эле. Мындан сырткары, ажыке сабыр түшунүгүн бурмалоо менен бирге, башка орунга да колдонду. Чынында, ушул сабыр түшүнүгү да калк ичинде ката түшүнүлүп жүрөт. Ыйман келтирген адамды түшүндүргөн “момун” сөзү эл ичинде “койдой жоош” деген маанини берип калгандай, адамдар азыр сабыр кылуу дегенде “унчукпоону” түшүнүп калышкан. Негизи, сабыр – амал кылуу акыбетинде келип жаткан азарларга туруштук берүү. Мисалы, азирети Чубак ажы тиги Жанар Акаев тарабынан кылынган жамандыкты кайтарып, нахий мункар өкүмүнө амал кылды. Эми мунун акыбетинде дин душмандары тарабынан болуп жаткан азарларга туруштук берсе – сабыр кылган болот. (Аллахым азирети устазга сабыр-такаат берсин). Эми буга тескери түрдө, нахий мункар кылбай жатып алууну – сабыр деп эсептеш аалымдын ишиби? Эгер Абдышүкүр ажы Чубак ажыны күчтүү колдоп-кубаттап, андан кийин, ал себептүү келип жаткан азарларга туруштук берсе – мына ошондо сабыр кылган болот эле.
Абдышүкүр ажы дагы мындай деди: “Ата-бабабыз ханафий мазхабын карманып келген, бизге мурас кылып берген, демек, ата-бабабыздан калган динди кармансак, эч качан адашпайбыз”, – деди. Кызык, аалымдын бу не дегени. Мусулман адам ханафий мазхабын карманса, аны Куран-Сунна, ижма-кыястан келип чыккан фикхий мазхаб катары карманат, ата-бабадан калгандыгы үчун карманбайт. Ал тургай, ата-бабалар ал мазхабга бидъаттар киргизип коюу коркунчу бар, ошондуктан, ал ата-бабаны ээрчүү жолу менен эмес, Куран-Суннага ээрчүү жолу менен кармалат. Ажыке мазхаб тууралуу айтканда, өзү амал кылбаган эле нерсесин айтып койду, эгер амал кылганда, анда жума убактысы боюнча мыйзам долбооруна ханафий мазхабынын турумунун туруп жандашкан болор эле. Атамбаевге, Сурановага, Акаевге ханафий мазхабынын чечимин айткан болор эле.
Аалымдар кеңешинин төрагасы мындай мааниде да кеп айтты: “Юристтин алдында мыйзам жөнүндө, медиктин алдында медицина жөнүндө, журналисттин алдында журналистика жөнүндө сүйлөсөм, Абдышүкүр айнып калыптыр деп айтышат. Бирок, юрист, экономист, врачы да чыгып алып, дин жөнүндө маселе кылып жатат”, – деди. Урматтуу дамла, тиги юрист, экономист, врач дегендер – булар адистикке тиешелүү кесиптер. А дин болсо, кесип да эмес, адистик да эмес. Ал ар бир адамга тиешелүү жашоонун жолу. Сиздин аны кесип кылып алганыңызга жол болсун!
Абдышүкүр ажы “сенин устазың ким, устазыңдын устазы ким деп сурачу, анан аа мунун устазы бул, муну угалы деп укчу эле, интернеттен маалымат алдым, газетадан окудум десе, анда сен сүйлөбө дейт эле” деген сөздөрдү да келтирди. Суроо туулат: интернет жана газетадан диний маалымат албасак, кандай маалымат алалы анда, же аларды колдонбой эле коёлубу? Сиздин мусулмандарды жалпы маданиятты пайдалануудан тыйгандыгыңыз таң калтырат. Анан дагы, кайсы бир аалым “шүгүр”, “сабыр” түшүнүктөрүн бурмалап жатса, ал “устаздын” оозун карап олтура берелиби? Деги сиз эмнеге чакырып жатасыз өзү, устаздыкты монополия кылуугабы? Ушуга байланыштуу, кече эле “Чубактан башка өкүм бере турган ким бар” деп жаттыңыз эле, бүгүн Атамбаевдики өкүм болуп калыптыр го сизге? А негизи, дамла, “Өкүм жалгыз Аллахка гана таандык”, муну унутпаңыз.
Мындан тышкары, бул окуя жүрүшүндө тиги Алия Суранова, Жанар Акаев, Нурлан Исмаилов, Алмазбек Атамбаевдер о.э. алып баруучу Алмаз Касымалиевдер динден сайрап жатышты. Ал тургай, Алмаз Касымалиев тиги эки дамылага динден сабак өткөндөй эле болду. Бирок, бул аалымдар алардан “устазың ким” деп бир ооз сурап коюшпады. “Азыр Курандан бир тамга тааныбагандар да Куран тууралуу сүйлөп жатышат” деген Абдышүкүр ажы алардан да бир тамга сурап койсо болмок.
Аалымдар кеңешинин төрагасы тайылуулардан башка жакшы кептерди да айтты. Чубак ажынын жакшы жактарын чыгаруу, дин жеткирүү үчүн улуттук телеканалдан убакыт берүү сыяктуу. Бирок, ажыке ушуну жакшылап билип койсун, булар жогорку тайылууларга эч качан актоо болбойт. Аларды актоонун шариятта өз жолдору бар.
Нурлан Исмаилов Атамбаев табыштаган пикирлердин баарын кеңири чечмелеп бергендей болду. Ал “диндин саясатташуусу эң опурталдуу маселе” деди. О.э. дүйнөдөгү тынчсыздыктар себебин динге такады. Негизи, дүйнөдө динге эч бир тиешеси жок канча деген жерлерде канчалаган чыр-чатактар болуп жатат. Мисалы, Ош окуясынын динге тиешеси болбоду о.э. Украина окуяларынын динге эч кандай тиешеси жок. Тескерисинче, дүйнөдөгү чыр-чатактардын бардыгы АКШ, Британия, Россия сыяктуу колонизаторлордун колония талашууларынан келип чыгып жатат.
Президент менен болгон жолугушуунун максатын ачуучу пикирди да Нурлан Исмаилов баяндады. Ал: “диндин саясатташуусу – бул диний түшүнүгү бар адамды бийликке жетүү жолунда колдонуу” деди. Чынында, светтик саясатчылар өздөрү “диний кишилер” деп алган катмарды саясий жолдо пайдаланып келишкени маалым. Бул окуяда да, президент өзүнө тиешелүү “дин кишилерин” чакырып алып, аларды Чубак ажыга каршы койду. Муну менен, эртеңки президенттик шайлоодо Чубак ажыдан пайдаланышы мүмкүн болгон тараптарга сокку урууну көздөдү.
Корутунду. Урматтуу мусулман бир туугандар! Жума намазынын убактысы үчун сунушталган мыйзам долбоору айланасындагы талкуу – бу Чубак ажы менен Жанар Акаевдин ортосундагы кайым айтышуу эмес. Ал демократия куфр системасы менен Ислам динибиздин ортосундагы идеологиялык күрөштөн бир көрүнүш. АКШ бул аркылуу Кыргызстанда дин жайылышына тиш көрсөттү. Бирок, мусулмандардын туйгулар биримдиги бул планды таш каптырганы калды. Ушул жерден Атамбаев аралашып, бул окуядан мамлекет ичиндеги мафиялар аралык күрөштө пайдаланмакчы болууда. Т.а. ал өз колундагы муфтият жана аалымдар кеңешин Чубак ажыга каршы салып жатат. Бул нерсе мусулмандар арасында бөлүнүп-жарылууну пайда кылат. Эгер бөлүнүп-жарылуулар күчөсө, анда кафирлер менен алардын малайлары мусулмандар үстүнөн түрдүү арамза пландарды ишке ашыруулары оңой болот. Андыктан,
Урматтуу президент, бул окуя бүткүл дүйнөлүк даъваттын бир учу. Аны жергиликтүү фитнага буруп жибербегиле. Мусулмандарды бөлүп-жарууну жергиликтүү кландык саясатыңарга курал кылып албагыла жана муну менен АКШ душмандыгына кызмат кылып калбагыла;
Урматтуу аалымдар, диниңерди бирөөнүн матасы үчун курмандыкка чалып жибербегиле, Кыргызстандагы кландар ортосундагы күрөштө куурчак болуп, мусулмандардын бөлүнүп-жарылышына себеп болуп калбагыла, акыйкатка жандашкыла;
Жанар Акаевди колдоп жаткан мекендештер, мусулманбыз деп жатасыңар, анда мусулманчылыгыңарга кайткыла да, демократияны жактабай, Исламды колдонгула
– демек, баарыбыз мусулман болгон соң, шарият негизинде биригип, куфр душмандыгына каршы туралы, алардын арамза пландарына иштеп бербей, тескерисинче кыйроого учураталы.
Azatkg.info