ИСЛАМ ДИНИ ДЕПУТАТТАРДЫН КОЛДООСУНА МУКТАЖ ЭМЕС

274
0

 بسم الله الرحمن الرحيم

 

ИСЛАМ ДИНИ ДЕПУТАТТАРДЫН КОЛДООСУНА МУКТАЖ ЭМЕС

 

Аллах Таала инсанды жаратып, аны акыл неъматы менен бардык махлуктардан азиз кылды, периштелерди ага сажда кылдырып, бул акыл неъматы канчалык улуу неъмат экендигин билдирип койду. Акыл – бул Аллах Тааланы табуу, Анын неъматы болгон Исламды билүү жана ошол негизде жашоо үчүн бир каражат. Ал Аллах Таалага мыйзам чыгарууда шерик болууга алып барбашы керек. Аллах Таала айтат:

اتَّخَذُوا أَحْبَارَهُمْ وَرُهْبَانَهُمْ أَرْبَابًا مِنْ دُونِ اللَّهِ وَالْمَسِيحَ ابْنَ مَرْيَمَ وَمَا أُمِرُوا إِلَّا لِيَعْبُدُوا إِلَهًا وَاحِدًا

 لَا إِلَهَ إِلَّا هُوَ سُبْحَانَهُ عَمَّا يُشْرِكُونَ

Алар Аллахты коюп өздөрүнүн даанышмандарын жана рохибдерин о.э. Масих бинни Марямды Кудайлар деп билишти. Акыйкатта болсо, жалгыз Аллахка гана пенделик кылуугу буюрулушкан эле. Эч илах-кудай жок, Анын өзү гана бар. Ал зат алардын шериктеринен таза. [9:31]

Адий ибн Хатам: «Алар рохибдерин кудай кылып алышпаган», – деди. Ошондо Пайгамбарыбыз (с.а.в): «Аларга арамды адал кылып, адалды болсо арам кылып беришпедиби. Мына ушул аларды (т.а. рохибдерин) кудай кылып алышы болот», – деп айткан.

Ошондуктан “мыйзам” чыгарууга акылуумун деп билүү же кимдир бирөөнүн “мыйзам” чыгарышына ыраазы болуу кечирилгис күнөө болуп, мындай момун тез арада тообо кылышы керек. Ар кандай момун аалымдардан өкүм сурап жатканда да “сиздин пикириӊиз кандай” дебестен, “мага ушуга тиешелүү Аллах Тааланын өкүмүн айтыӊыз” деп сурашы жана ага моюн сунушу шарт. Аллах Таала айтат:

– “Жок, (эй Мухаммад), Роббиңе ант, тээ алар өз ортолорундагы ке-лишпөөчүлүктөрдө сени өкүм чыгаруучу кылышмайынча жана сен чыгарган өкүмдөн дилдеринде эч кандай мүчүлүштүк таппай, толук моюн сунушмайынча, эч качан момун боло алышпайт.      [4:65]

Аллах Таала айтат:

وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلاَ مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ

 مِنْ أَمْرِهِمْ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلاَلاً مُبِينًا

– “Аллах жана Расулу бир ишти өкүм кылган убакта бир да мумин жана мумина үчүн (Аллахтын өкүмүн коюп) өз иштерин ыктыяр кылышы жайиз эмес, ким Аллах жана Расулуна күнөөкөр болсо, анда ал ачык жолдон адашуу менен адашыптыр”.            [33:36]

Мисалы: Бүтүндөй ааламды жараткан Жаратуучубуздун “жума учурунда ар кандай ишти таштап, Аллахтын зикирине шашылгыла” деп буюрган аятын окуп, билип туруп “муну аткарууга уруксат бергиле” деп пенделерге кайрылуу момундун иши эмес. Аллах Таала айтат:

يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نُودِي لِلصَّلَاةِ مِنْ يَوْمِ الْجُمُعَةِ فَاسْعَوْا إِلَى ذِكْرِ اللَّهِ وَذَرُوا الْبَيْعَ ذَلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ

“Эй момундар, качан Жума күнүндөгү намазга чакырылса (азан айтылса), дароо Аллахты зикир кылууга баргыла жана соода-сатыкты токтоткула! Эгер биле турган болсоӊор, мына ушул (т.а. Аллахты зикир кылууга – Жума намазын окууга шашылуу) өзүӊөр үчүн жакшыраак”. [62:9]

Абу Зар.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here