Эр-Риядда аскерий коалициянын штабы түзүлөт

302
0

34 Исламий мамлекеттен келген аскерлер катышып, Саудия жетекчилигинде өткөрүлгөн аскерий машыгуудан кийин Эр-Риядда кошуундарды координациялоо борбору түзүлө тургандыгы жарыя кылынды. Ушул жылдын март айында Саудиянын демилгеси менен 34 Исламий өлкөнүн армиясы биргелешкен аскерий машыгуу өткөргөн эле. Бүгүнкү күнгө келип, алардын арасында биргелешкен координациялык борбору аркылуу кызматташтыкты кеңейтүү долбоору түзүлүүдө.

Чет өлкөлүк маалымат агенттиктеринин кабар беришинче, биргелешкен координациялык борборун түзүү ушул Рамазан айында ишке ашат. Координациялык борбор боюнча Саудия расмийлери тарабынан берилген билдирүүдө келишинче, координациялык борборду түзүү үчүн даярдык алда качан эле башталган.

“Кийинки кадам аскерий коалицияга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлеринин жолугушуусу болот. Бул жолугушуу Рамазан айында болушу да мүмкүн. Учурда Эр-Рияд шаарында коалиция борборун түзүү үчүн даярдыктар жүрүп жатат. Координациялык борбордо ар бир мүчө мамлекеттин аскерий жооптуулары өкүл катары катышат. Аскерий коалицияга мүчө мамлекеттер бул борбордон “согушкерлердин” ишмердүүлүгүнө каршы жардам талап кылышы мүмкүн”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эскерте кетсек, Саудия өткөн жылдын 15-декабрында 34 мусулман мамлекеттен турган “терроризм”ге каршы күрөшүүчү аскерий коалиция түзүлгөндүгүн жарыя кылган эле. Мунун артынан АКШ Коргоо министрлиги 72 сааттын ичинде түзүлгөн бул коалицияны куттуктап чыгып, анын келечегинен үмүттөнгөндүгүн билдирген эле.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here